Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Качкан Кадыралиевди ким каткан?


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге байланышкан кылмыш иштерди тергеп бүтө элек.

Ал арада анын бир тууганы, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева мандатын тапшырышы керек деген талап айтыла баштады.

Өткөн аптада бир канча айдан бери издөөдө жүргөн Канжар Кадыралиев Бишкекте бир тууган карындашынын үйүнөн тез жардам менен ооруканага жеткирилген эле.

Канжар Кадыралиев өткөн айда тез жардам кызматына эки жолу кайрылганы маалым болду. Бишкек шаардык тез жардам кызматынын жетекчиси Жаркынбек Касымбековдун билдиришинче, алгачкы жолку аны туугандары ооруканага жаткыргандан баш тартышкан. Экинчи жолу оорусу күчөп кеткендиктен ооруканага тез жардам менен жеткирилген:

- 21-март күнү кечки саат 9дар чамасында тез жардамга чалуу болгондо биздин бригада барып, бейтаптын абалын көрүп, ооруканага жаткыруу керектигин айтышкан. Бирок анын жанындагы туугандары ооруканага жаткыруудан баш тартып, кол да коюп беришиптир. Экинчи жолу ошол эле дарекке ошол эле бригада 26-мартта эртең менен барган. Оорулуунун абалы оорлоп кеткенине байланыштуу ооруканага алып келишкен.

Депутат Ыргал Кадыралиева
Депутат Ыргал Кадыралиева

Жаркынбек Касымбековдун айтымында, Канжар Кадыралиевге эки жолу барган дарыгерлер аны тааныган эмес. Бир жума өткөндөн кийин гана маалымат каражаттары жазып чыккан соң териштирүү жүргөн:

- Биз үчүн депутат болобу, прокурорбу, же президентпи, селсаякпы баары - бейтап. Ага барган дарыгерлер кармалды, санкция берилди дегенден кийин гана анын ким экенин билип жатат. Бүгүн карточкалардын баарын көтөргөнгө туура келди. Биздин үстүбүздө турган департамент документтердин көчүрмөсүн сурап аткан. Мен дарыгерлерден да түшүнүк кат алдым. Ошолордун баарын департаментке жеткирип бердим. Канжар Кадыралиевге алдын ала өткүр панкреатит деген диагноз коюлган. Мен билгенден сокур ичеги болуп, анысы жарылып кетип операция жасалды окшойт.

Айрым маалымат булактар боюнча, тез жардам барган үйдө Канжар Кадыралиевдин бир тууган карындашы Ыргал Кадыралиева жашайт. Депутат бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, кылмышка шектүү адамды ата-энеси же жакын туугандары катканы үчүн жоопко тартылбасын юристтер айтышууда.

Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиреновдун билдиришинче, кылмыш иштерди тергөө башкармалыгы тергеп жатат:

- Канжар Кадыралиевге тиешелүү үч ишти бириктирип, тергөө башкармалыгына өткөрүп бергенбиз. Азыр бул иштерди ошол башкармалык тергеп жатат.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Ал арада Канжар Кадыралиевге байланышкан соңку окуялар боюнча Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясына, аталган фракциянын депутаты Ыргал Кадыралиеванын дарегине сын айтыла баштады. Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, Ыргал Кадыралиева депутат катары коомчулуктун ишениминен чыкты. Ошондуктан мандатын тапшырышы керек:

- Ыргал Кадыралиева карындаш катары, ошол үй-бүлөнүн мүчөсү катары чечим кабыл алды, ошондой кадамга барды, мында айып жок. Бирок бул жерде шайлоочулардын, кыргызстандыктардын Социал-демократтар партиясына, жалпы Жогорку Кеңешке болгон ишеними тууралуу сөз болуп жатат. Булар эми ушундай окуялардан кийин мыйзам чыгарып, коомчулукту ошол мыйзамдарды сыйлагыла деп кантип айта алышат? Президент өз көзөмөлүнө алган, тартип коргоо органдары издеп жүргөн адамды Ыргал Кадыралиева депутаттык кол тийбестигинен пайдаланып, өз үйүнө катып отурганга моралдык укугу жок. Бул жерде Ыргал Кадыралиевада карындаш катары айып жок, бирок депутат катары коомчулуктун ишениминен чыкты. Мандат деген сөз ишеним дегенди билдирет.

Канжар Кадыралиев былтыр күздөн бери издөөдө жүргөн. Ноябрь айында ага айылдашы Абдимитал Бекташевдин арызына байланыштуу кылмыш иш козголгон эле. Анда бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча айып тагылган. Анын алдында Кадыралиевди өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев куралдуу карактоо боюнча айыптап чыккан болчу. Кадыралиев 26-мартта прокуратурага өзү барганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG