Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Кадыралиев камакта эмес ооруканадабы?


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, издөөдө жүргөн мурдагы прокурор Канжар Кадыралиев Башкы прокуратурага өзү келип, бирок ооруканага жаткырылганы айтылууда.

Кадыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Интерпол аркылуу изделип жаткан.

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун ыкчам маалыматка таянып айтканына караганда, Канжар Кадыралиев Башкы прокуратурага өз ыктыяры менен келген. Ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатышы керектигин билдирген.

- Бизде азыр расмий маалымат жок. Бирок ыкчам маалымат боюнча Кадыралиев Башкы прокуратурага өзү барыптыр. Ден соолугуна байланыштуу дарыланышы керек болгону айтылып жатат.

Бул маалыматты азырынча Башкы прокуратура расмий тастыктай элек. Жактоочу Икрамидин Айткулов Канжар Кадыралиевдин прокуратурага барганын тастыктап, ден соолугуна байланыштуу азыр ооруканада дарыланып жатканын билдирди. Бирок Кадыралиев чын эле ооруканадабы, эгер анда болсо кандай жагдайда дарыланууда, айыпталуучу катары ага карата прокуратуранын чечими кандай болгону белгисиз.

- Ооба, Кадыралиев өз ыктыяры менен барды. Ал азыр ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатат. Мен ушуну гана айта алам, башка маалымат бере албайм, - деди адвокат Икрамидин Айткулов.

Канжар Кадыралиевдин Башкы прокуратурага өзү келип бирок, дароо эле ооруканага жатканы тууралуу маалымат ар кандай түкшүмөл ойду жаратууда. Маселен, Кадыралиевден жапа чеккенин айткан өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин агасы Илияз Келдибаев анын жоопко тартыларына көзү жетпейт:

- Анын өзү барышы алдын ала сүйлөшүлгөн деп ойлойбуз. Күнөөсү жок болсо, мурда эмнеге келбейт? Анын ишенген адамдары бар, азыр сүйлөшүп алышты. Анын жоопко тартыларына ишенбей калдык.

Чуулгандуу фигурага айланган, кылмышка шектүү прокурордун башкы көзөмөл органга өзү келишин жабырлануучулар жазадан кутулуу максатында алдын ала макулдашылган кадам десе, байкоочулар коомчулуктун көзөмөлүнөн кутула албасын билген үчүн келди деп жатышат.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Бактыбек Калмаматов мындай деди:

- Бизде тажрыйба көрсөткөндөй, кылмышка тиешеси барлар адатта качып кетишет. Бул иш эми прокуратуранын жеке абийиринде болуп калды. Ушунча чуулгандуу ишти жаап салышса болбойт го. Коомчулук көзөмөл салып турбайбы.

2014-жылы Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. Кийин Кадыралиевдин үстүнөн башка дагы жарандардан арыз түшүп, мындан соң Башкы прокуратура Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган.

Кадыралиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. Кадыралиева агасына козголгон ишти саясий атаандаштарынан көрүп келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG