Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Кадыралиев Интерпол аркылуу изделет


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Ош прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев Ошто ээн-эркин эле жүргөнүн, милиция аны издебей жатканын жабыркаган тарап айтып чыкты.

Жабырлануучулар мындан улам ишти өз көзөмөлүнө алууну президент Алмазбек Атамбаевден суранышты. Милиция болсо бул дооматты четке кагып, Кадыралиевге эл аралык издөө жарыяланарын кабарлады.

Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин Өзгөндө ээн-эркин жүргөнүн жабырлануучу Сактан Келдибаевдин эжеси Уулкан Келдибаева Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтып чыкты. Анын айтымында, Канжар Кадыралиев анын инисине телефон чалып, ич ара тынышып алууну сунуштаган:

- Кадыралиевге издөө жарыяланган соң иниме телефон чалды. Мен жанында элем. "Кечирим сурайын, өзүбүзчө эле ишти бүтүрөлү. Менин оорукчан балдарым бар. Кичине аяп койбойсуңбу. Асынып алышым мүмкүн” деп коркутуп атат. Эгер ал таза болсо, ак болсо тергөөгө келет эле да. Минтип жашырынып, коркутмак эмес. Ошондуктан биз анын кармалышын талап кылып жатабыз.

Уулкан Келдибаева Канжар Кадыралиев улам-улам телефон чалып, Ошто ээн-эркин жүрсө деле милициянын кармабай жатканына нааразы. Ал Ош милициясынын кызматкерлери Кадыралиев менен келишип алган деп шектенүүдө. Мындан улам ишти президент Алмазбек Атамбаев жана баш прокурор Аида Салянова өз көзөмөлүнө алышын дагы бир жолу суранды:

Ишкер Сактан Келдибаевдин туугандары маалымат жыйында.
Ишкер Сактан Келдибаевдин туугандары маалымат жыйында.

- Урматтуу президент сизге экинчи жолу кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Козголгон кылмыш иш ачылбай жатса, карапайым калктын көйгөйлөрү эмне болуп жатат. Азыр милицияга ишенүү кыйын болуп калды. Себеби, Ош облустук милициясында иштегендердин кимиси милиция, кимиси кылмышкер экенин аныктоо кыйын болуп калыптыр. Ошондуктан бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, аягына чыгарыңыз.

Келдибаевдер үй-бүлөсү өз коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын да кошумчалашты. Анткени Кадыралиев буга чейин алардын дарегине ар кандай коркутууларды жолдогон.

Бирок Ош облустук милициясы Канжар Кадыралиев тийиштүү деңгээлде изделбей жатат деген дооматтарды четке кагууда. Облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, учурда Кадыралиевдин кайда жүргөнү беймаалым. Буга байланыштуу ага эл аралык издөө жарыялоо аракети көрүлүп атат:

- Кадыралиевге издөө жарыяланган 19-ноябрдан бери ал туруктуу жашаган жеринде жок болуп жатат. Жабырлануучу тараптан жана башка жарандардан ар кандай маалыматтар түшүп, бирок ал далилденген жок. Айткан жеринде, чалган телефону боюнча издеген учурда таппадык. Издөө иштери уланууда. Анын кармалышына милиция деле кызыкдар. Ошондуктан, азыр эл аралык издөө жарыялоо үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, Кадыралиевдин үстүнөн Келдибаевдикинен башка беш арыз түшкөн. Учурда анын экөөсүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, иликтенүүдө. Калгандары да каралууда.

Ал эми Канжар Кадыралиевдин адвокаты Байыш Жоробеков Келдибаевдер коомчулукка туура эмес маалымат берип жатканын билдирүүдө. Адвокат Кадыралиевдин кайда экени тууралуу маалыматы жоктугун айтып, бирок ал тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирди:

- Негизи Келдибаевдер туура эмес маалымат берип жатышат. Алар өз үйүнө болгон карактоону иликтебей эле, Канжарды каралоо менен алек болууда. Канжар негизи тергөө менен кызматташууга деле даяр. Бирок айрым себептерден улам бара албай жатат.

Милиция кызматкерлери. Ош. 2013
Милиция кызматкерлери. Ош. 2013

Жакында эле өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. “Азаттык” бул маалымат боюнча Өзгөнгө барып, ал жерде Кадыралиевди “өкүмзордук жасап жатат” деген башка айылдаштарынын да пикирлерин жарыялаган. Иликтөө программа эфирге чыккандан кийин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кадыралиевге байланышкан маселени текшерүү боюнча буйрук бергени маалым болгон. Мындан соң Башкы прокуратура Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. Ошондон бери бир айга жакын убакыт өтсө да, Кадыралиев кармалбай жатат.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов кылмышка шектүүнү милициянын кармай албай жатышы, бийликтин кадыр-баркына шек келтирет деди:

- Бул жерде мундирдин кадыры тууралуу сөз болуп жатат. Себеби, прокуратура үчүн да, милиция үчүн да өз ишинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болчу. Мисалы, алыста жүргөн кылмышкерлерди кармап келебиз деп кыйынсынгандын ордуна Оштун чок ортосунда жайбаракат жүргөн адамды кармашы керек эле. Мындан улам ИИМдин жаңы жетекчилиги тиешелүү чараларды көрүшү зарыл.

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. Кадыралиева агасына козголгон ишти саясий атаандаштарынан көрүп келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG