Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Кадыралиевдин кармалбай жатышында сыр барбы?


Прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев.
Прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев.

Издөө cалынган Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев он күндөн бери кармала элек.

Бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча айып тагылган Кадыралиев туруктуу жашаган жеринде жок болуп жатканын милиция кызматкерлери билдиришет. Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазгандар анын ушул убакка чейин кармалбай жатканына нааразы.

19-ноябрда УКМК жана Ички иштер министрлиги тарабынан издөө жарыяланган Канжар Кадыралиев ушул күнгө чейин табылган жок. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, аны кармоо аракеттери токтотулбайт:

- Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин Канжар Кадыралиев мурда туруктуу жашаган жеринде жок болуп атат. Ошондой эле ал болжолдуу жүрүшү мүмкүн деген жерлердин баарынан табылган жок. Бирок аны күнү-түнү тынымсыз издөө улантылууда, аны камакка алуу боюнча аракеттер жүрүүдө.

Абдимитал Бекташев (ортодо) Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазып, бирок кайра артка кайтарып алган.
Абдимитал Бекташев (ортодо) Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазып, бирок кайра артка кайтарып алган.

​Канжар Кадыралиевге өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арызына байланыштуу 18-ноябрда кылмыш иши козголгон. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча айып тагылган. Эртеси күнү, 19-ноябрда сот аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарган, тергөөгө келбей жатканына байланыштуу издөө да жарыяланган. Андан мурдараак Кадыралиевди өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев куралдуу карактоо боюнча айыптап чыккан болчу.

Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазган Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү да анын кармалбай жатканына нааразы. Алар Кадыралиевдин кайсы үйдө жашап атканын, чалган телефон номеринен бери милицияга айтып беришкен.

- Канжар эч жакка чыгып кеткен жок. Ошто эле чай ичип, кенен басып жүрөт. Ага 19-ноябрда издөө жарыяланып атса, ал 26-ноябрь күнү “Алиби” гезитине беймарал маек бериптир. Бизге болсо эки күндүн биринде чалып, ыйлактап, кечирим сурап атат. Кечээ эле бизге чалып, "чөгөлөйм, антем-минтем, балдарым бар, кечирип койгула” деп байланышкан. Анан ушинтип маек берип атса, бизге телефон чалып аткан номерлери бар болсо, ошонун баарын милициянын колуна тапшырып берип атсак да аны кармабай жатышат. Аны издеп атабыз дегенине кантип ишенебиз? Сыягы эми биздин бир эле айлабыз калды, Канжарды кармап, милициянын алдына алып барат окшойбуз. Ушундай кайдыгерликке кыжырыбыз келип, күч органдарына чындап капа болуп атабыз, - деди Сактан Келдибаевдин агасы Илияз Келдибаев.

21-ноябрда Кадыралиевдин апасы Акдаана Кочкорова Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, баласын өзү жашырып жатканын айткан. Андан кийин Ошто анын туугандары да акцияга чыгып, Кадыралиев жакындарынын үйүндө эле отурганын кабарлашкан.

Кадыралиевдин туугандары ага сотко чакыруу боюнча кагаз келбегенин, дароо издөө салынганын туура эмес деп санашууда. Канжар Кадыралиевдин бир тууганы Орунбек Кадыралиев “Азаттыкка” мындай деди:

- Канжар эч жакка качкан жок, качпайт дагы. Ал ушул эле жерде, Ошто отурат. Негизи ага издөө салганы туура эмес. Алгач сотто Канжарды Сактан менен беттештиришкен. Андан кийин ошол боюнча сот болот дешиптир, бирок ага сотко чакыруу келген жок да. Мыйзам боюнча адам сотко барбай койсо, алгач үч жолу чакыруу берилет. Эгер ошондо да барбай койсо, анан издөө жарыяланып, аны кармап келүү боюнча токтом чыгат.

Ошого карабай Канжар Кадыралиевди милиция он күндөн бери кармай албай жатканы Ошто кызуу пикирлерди жаратууда. Айрымдар муну “карга карганын көзүн чокубайт” деген принципке жоруса, айрымдары Кадыралиев арыз жазгандар менен соодалашуу жүргүзүп, аларды ийге келтирүү үчүн убакытты созуп жатат деп болжошууда. Байкоочу Улукбек Мырзалиев бул милиция үчүн уят иш деген пикирде:

- Канжар Кадыралиевдин кармалбай жатышы күч органдары менен анын тили бир экендигинен кабар берип турат. Же милиция мурдагы прокурордон коркот. Негизи эле тартип коргоо органдары карапайым адамдарды кармап, карапайым элди соттогонго уста, бирок Кадыралиевге окшогон “караларды”, “чоңдорду”, акчасы барларды кармай алышпайт. Эгер милиция чындап кааласа, аракет кылса кылмыш дүйнөсүнүн төбөлүн да эки күндө таап, камап койгонго күчү жетет. Бирок бул жерде күч органдары Кадыралиевди камаганга кызыкдар эмес. Аны издеген да, анын артынан түшкөн да эмес. Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковду калк "Ошту кармап турган, түштүктү титиретип турган генерал" катары тааныйт. Бирок ошол киши келип, бир адамды кармай албай атканы аябай уят көрүнүш.

Сактан Келдибаевдин туугандары маалымат жыйында. 10-октябрь, 2014.
Сактан Келдибаевдин туугандары маалымат жыйында. 10-октябрь, 2014.

19-ноябрда Кадыралиевге каршы арыз жазган жергиликтүү фермер, Кадыралиевдин айылдашы Абдимитал Бекташев тосмо арыз жазып, доо арызын кайра кайтарып алды. Бирок Келдибаевдер болсо Кадыралиевдин үстүнөн жазган арызын кайта албай тургандыктарын билдиришүүдө:

- Кадыралиев эгер ак болсо, таза болсо, эмнеге тергөөгө, сотко келбейт? Эмнеге качып жүрөт? Анүстүнө ал прокуратура системасында иштесе, өз укугун өзү келип коргоп албайбы? Ага адвокаттын эмне кереги бар, туугандарын, апасын көчөгө чыгаргандын эмне кереги бар? Демек ал күнөөсү бар экенин билет, ошондон качып атат. Ал биз менен келишип, биздин тосмо арызыбызды кайра алып алам деп ойлоп жатат. Биз арызыбызды эч качан албайбыз. 80ге чыккан ата-энебиздин колу-бутун байлатып, шприц менен СПИД жуктуруп коем деп коркутканын биз кантип унутабыз? Ушунча кордукту көрүп туруп, биз кантип артка кайтабыз? Биз аягына чейин турабыз, аягына чейин күрөшөбүз, - деди Сактан Келдибаевдин бир тууган агасы Илияз Келдибаев.

Кадыралиевден жабыркаганын айтып келаткан Келдибаевдер милициянын солгун аракетине нааразы болуп, эми президент Атамбаевге кайрыларын билдиришти.

Ал ортодо Канжар Кадыралиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага дагы бир арыз түшкөнү маалым болду. Арызданган ишкер Кадыралиевге Ош шаарынын автовокзалынын жанындагы кафесин күч менен тарттырып жибергенин жана Кадыралиев аны опузага алганда ал Орусияга балдары менен качып кеткенин даттанган. Ал Башкы прокуратурадан кафесин кайрадан кайтарып берүүнү өтүнүүдө.

Канжар Кадыралиев өзү мындай айыптоолорду четке кагып, аны атайылап каралоо аракети деп атаган. Ал муну бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеваны жаман көрсөтүү үчүн жасалган аракет деп айтып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG