Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Түркияда 300дөн ашык аскер кызматкери жана дарыгерлер камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

8-декабрда Түркиянын Измир шаардык прокуратурасынын чечими менен өлкөнүн 50 облусунда тергөөгө алынган 304 аскер кызматкери «Гүлен кызматы» менен байланышы бар деген жүйө менен камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү «Анадолу» агенттиги маалымат таратты.

Шектүүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү Түркиянын аскер түзүмдөрүндө жана аба күчтөрүндө жигердүү кызмат өтөп жаткандар экени аныкталган. Ошондой эле Анкара шаардык прокуратурасы Аскер ооруканасында (GATA) кызмат кылган 31 медик тергөөгө алынганын, алардын 21и камакка алынганын кабарланды. Медиктерге да «ФЕТО уюму менен байланышы бар» деген берене менен кылмыш иши козголгон.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан ФЕТО уюмуна каршы 282,790 операция уюштурулганын, анда 100 миңге жакын шектүү камакка алынганын кабарлаган. Шектүүлөрдүн 26 миңге жакыны учурда түрмөлөрдө отурат. Жалпысынан Түркияда бул операцияларда 600 миңге жакын жаран тергөөдөн өткөн.

Расмий Анкара АКШда 20 жылдан бери жашап келаткан түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүленди 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.

Түрк бийлиги Гүлендин «Хизмет» кыймылын ФЕТО деп атаган. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган.

XS
SM
MD
LG