Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Лукашенконун армян бийлигине берген кеңеши шардана болду


Серж Саргсян менен Александыр Лукашенко, 2013-жыл.
Серж Саргсян менен Александыр Лукашенко, 2013-жыл.

Арменияда мурдагы президент Серж Саргсяндын кеңсеси чуулгандуу аудио тасма тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Мунун алдында Интернетке Саргсян президент кезинде беларус лидери Александр Лукашенко менен Тоолуу Карабакты жабык талкуулаганда жаздырылып алынган аудио тарап кеткен.

Анда Лукашенко аталган аймактын жака белиндеги райондорду Азербайжанга сатууну сунуштаган, бирок ага Саргсян ынаган эмес.

Бул аудионун жарыяланышы Арменияда Тоолуу Карабак келишиминен улам нааразылык күчөп турган маалга туш келди жана чуу жаратты.

Арменияда Телеграм каналдардын бирине чыккан, эки мүнөттөн ашык чакан аудио тасма мындан төрт жыл мурда жаздырылып алынганы белгилүү болду.

Анда Ереванда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйыны алкагында Серж Саргсян беларус президенти Александр Лукашенко менен тар чөйрөдө жабык жолугуп, Тоолуу Карабак маселесин талкуулаган.

Бул сүйлөшүүдө Лукашенко Саргсянга азери президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактын жака белиндеги жети районду 5 миллиард долларга сатып алууга даяр экенин айткан.

Беларус лидери ошондо аймактагы 150 миң армяндын коопсуздугу камсыздаларына ынандырганга аракет кылган. Лукашенко коопсуздукту ЖККУ камсыздай аларын, уюмдун алкагында тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү сунуштаган.

Бирок Саргсян Лукашенконун айткандарына муюбай, талашып-такташкан. Ал Баку бул райондордон баш тартышы үчүн өзү 6 миллиард доллар төлөп бере турганын билдирген. Саргсян "Азербайжан ал аймакты алгандан кийин согуш башташы мүмкүн" деген оюн айткан.

Александр Лукашенко чуулгандуу аудио тасма тууралуу азырынча үн ката элек.
Александр Лукашенко чуулгандуу аудио тасма тууралуу азырынча үн ката элек.

Саргсяндын кеңсеси мурдагы президент Лукашенко менен жолукканын бышыктады, бирок аудио тасма тууралуу кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты:

"Ереванда 2016-жылы 14-октябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун сессиясындагы тар чөйрөдө, жабык жолугушууда жаздырылып алынган аудио Интернетке кантип тарап кеткени белгисиз. Армениянын үчүнчү президентинин кеңсеси аудио тасманын тарап кеткенин факт катары кабыл алат жана жабык өткөн талкуу тууралуу комментарий берилбегени үчүн ал тууралуу түшүндүрмө бербей турат", - деп айтылат билдирүүдө.

2016-жылы 2-апрелде Тоолуу Карабакта азери-армян чатагы чыккан. Жаңжал 8-апрелде токтогон. Ереван анда 44 адам мерт болуп, дагы 21 дайынсыз жоголгонун билдирген. Баку болсо 16 жоокеринен айрылганын маалымдаган.

Александр Лукашенконун өкүлдөрү аудио тасма тууралуу үн ката элек. Азери президенти Илхам Алиев дагы азырынча комментарий бербей турат.

Бул аудио жазуу Арменияда Тоолуу Карабак тууралуу келишимден улам каршылык акциялары күчөй баштаган маалга туш келди.

Шейшембиде Ереван баштаган бир катар шаарларда азыркы премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары өттү. Өткөн аптада оппзиция ага кызматтан өз эрки менен кетишине 8-декабрга чейин мөөнөт берген эле.

Пашиняндын кызматтан кетишин баш-аягы 17 партия талап кылып жатат жана алар «Ата Мекенди коргоо» кыймылына биришкен. Анын саясий салмагы 10-ноябрда Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышты токтотуу үчүн Азербайжандын жана Орусиянын президенттери менен макулдашууга кол койгондон кийин кескин азайды.

Документти көпчүлүк армяндар Еревандын жеңилиши катары кабыл алышты.

Келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого эки миңдей орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөр көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG