Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Президент Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен кетти


Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. 2-март, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. 2-март, 2021-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.

Аны тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, вице-премьер-министр - экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана башка өкмөт мүчөлөрү коштоп жүрүшөт.

Садыр Жапаров сапар алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жолугат, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Мамлекет башчы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Маминге жолугат.

Мындан тышкары мамлекеттик сапар учурунда Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

Садыр Жапаровдун бул сапары – Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы элдик ыңкылаптан берки Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы эң жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыш болуп калмакчы.

Былтыркы күздөгү окуяларга байланыштуу Казакстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен бирге Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген.

13-октябрда Кыргызстанда саясий кризис жөнгө салынбай жаткан чакта казак президенти Токаев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековду “легитимдүү мамлекет башчысы” деп атаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-25-февралда Орусияга алгачкы иш сапар менен барган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG