Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

Бишкектеги аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларга эскертүү берди


Кыргызстандын президентин шайлоо. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президентин шайлоо. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

Бишкектеги аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) шаардык кеңешке шайлоого катышууну көздөгөн саясий партияларга кайрылды.

Комиссия анда партияларга шайлоого чейин эле алдын ала үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоо мыйзамдарын бузбоого чакырган.

Кайрылууда шайлоо мыйзамдарынын 23-беренесине ылайык үгүт иштери партия, талапкерлердин баары катталып бүткөн күндөн тартып добуш берүүгө бир сутка калганга чейин жүргүзүлөрүн, андан мурда жүргүзүлгөн үгүт иштери мыйзамсыз болору эскертилет.

Ага ылайык:
- кайсы бир партияга, талапкерге добуш берүүгө же каршы добуш берүүгө чакырык;
-кайсы бир партия же талапкерди колдогонун ачык билдирүү;
-талапкердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат таратуу шайлоо алдындагы үгүт болуп эсептелет.

Бишкек АШКсы шаардык кеңешке шайлоого катышуучу саясий партияларды шайлоо мыйзамдарына каршы келген үгүт иштерин жүргүзүүдөн карманууга чакырды.

1-мартка карата Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн жалпы 31 саясий партиядан арыз түшүп, анын 29у каттоодон өттү.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде болот. Шайлоого үгүт иштери талапкерлер катталып бүткөн күндөн - 12-марттан 10-апрелге чейин жүргүзүлөт. Добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.

448 жергиликтүү кеңештин 28и шаардык кеңештер. Шаардык кеңештерге шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан документтерди кабыл алуу 2-мартка караган түнү, саат 00:00дө аяктайт.

220 айылдык кеңештерге шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлер 10-мартка чейин арыз, документтерин аймактык шайлоо комиссияларына тапшыра алышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG