Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:41

Израил кемеге кол салуу үчүн Иранды айыптады


MV Helios Ray жүк ташуучу кемеси

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өткөн аптадагы Оман кысыгындагы жүк ташуучу кемесине кол салууга Иранды айыптады. Ал 1-мартта мамлекеттик радиодогу маегинде “чынында Ирандын операциясы болчу. Бул айдан-ачык”,-деп билдирди.

Нетаньяху Иранды "Израилдин душманы" деп белгилеп, кол салууга жооп кайтарыларын билдирди. Ал эми Иран болсо бул кол салууга тиешеси жоктугун ырастоодо. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде "Израил Иранды күнөөлөнү адатка айландырганын" билдирди.

Израилге таандык MV Helios Ray жүк ташуучу кемеси Сауд Арабиясындагы Даммам портунан Сингапурга жол тартып бара жаткан. Анын бортунда 25-февралда жардыруу болуп, адам өмүрүнө зыян келген эмес. Бирок кемеде чоң тешиктер пайда болуп, учурда Дубай жээгинде турат. Израил жардыруунун жагдайларын аныктоо үчүн өз өкүлдөрүн жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG