Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Жарандык коом: Куугунтук болуп жатат


«Мыйзамдуулук үчүн күрөш» жүрүшү маалында тартылган сүрөт. 7-февраль, 2021-жыл.
«Мыйзамдуулук үчүн күрөш» жүрүшү маалында тартылган сүрөт. 7-февраль, 2021-жыл.

Укук коргоочулар президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы жарандарды куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позициясын ачык билдирүүгө чакырды.

Алар жарандык активисттерди кысымга алуу боюнча акыркы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, алар тез арада териштирилиши керектигин билдирди.

Токтогазиеваны ким издеди?

Бул билдирүү конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылгандан көп өтпөй жасалды. Ал арызына фото, видео жана телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун тиркеп, 27-февралда Бишкектин Аламүдүн райондук милициясына тапшырды.

26-февралда Токтогазиева «Фейсбуктагы» баракчасына өзүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган адам аны үйүнө издеп барганын жазган. Юристтин күйөөсү андан документин көрсөтүүнү суранып, видеого тарта баштаганда башка шылтоону айтып качып кеткен видеону чыгарган.

Видеодо эркек киши үй ээсинен «24-26 жана 30-32 жаштагы сакалчан аял үйдө жашайбы?» деп сураган.

Сания Токтогазиева милиция ал адамдын ким экенин аныктап, ага кандай тапшырма берилгенин такташы керектигин айтат.

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Бул - моралдык жактан коркутуу. Анткени ИИМдин 10-бөлүмү экстремизм жана терроризм менен алек болушу керек. Жөнөкөй юристтердин артынан түшүп издегени – бул жарандардын салыктарын да туура эмес пайдалануу. Ал мүмкүн жөн гана кылмышкер - эч ким билбейт. Ошондуктан ишти териштирип берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жаздым».

Өзүн Мирлан Качкынбаев деп атаган киши Сания Токтогазиеванын күйөөсүнө телефон чалган. Ал номурду «Getcontact» тиркемеси аркылуу текшергенибизде «Мирлан Качкынбаев, ГУВД 10 Мирлан байке, Мирлан 10-бөлүм ГУВД, Мирлан байке экстремизм, Мирлан 10-бөлүм» деген сыяктуу 100дөн ашык ысым чыкты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал чын эле укук коргоо органдарында иштеп-иштебегени такталып жатканын, расмий жооп берилерин убада кылды. Ал адамдын өзүнүн телефонуна чалып байланыша алган жокпуз.

«Баштан башта!»: Куугунтуктоо башталды

Юрист Токтогазиевага байланышкан чыр Интернетте талкууланып жаткан учурда «Баштан башта!» жарандык кыймылы аларга карата куугунтук болуп жатканын айтып чыкты. 27-февралда кыймылдын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына «Ачык куугунтуктоо башталды!» деген билдирүү жарыяланып, Бишкекте уюштурган иш-чарасына укук коргоо кызматкерлери катышууга аракет кылышканын жазды.

Укук коргоо кызматкерлери тренинг өтчү бөлмөгө кирип, угуп отурууну суранышканын айткан «Баштан башта!» кыймылынын лидери Улан Үсөйүн муну саясий куугунтук деп баалады.

«Бул биздин иш-чарабыз. Ага тандалып келген адамдар катышып жатат. Кыргызстанда ондогон тренинг, семинарлар өтүп жатат. Биз катышуучуларды ачык конкурс менен алдык. Азыркы иш - саясий куугунтук. Анткени кечээ күнү Санияга барышты, эми мага келишти. Башка семинар болсо келмек эмессиңер».

Токтогазиева 2019-жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык түйүндөрдөгү жеке баракчалары аркылуу өлкөдө болуп жаткан саясий жана укуктук процесстер тууралуу көз карашын ачык билдирип, бийликти сындап келет.

«Баштан башта!» кыймылы ар жекшембиде Бишкекте мыйзамдуулукту талап кылган жөө жүрүштү уюштуруучулардын бири.

Премьер-министрдин кеңешчиси, экс-депутат Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда кандай гана маселе болбосун ар ким өз пикирин ачык айтууга шарт бар экенин, жарандык коом эркин иш алып барарын айтты.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Жарандык коом эгемендүү Кыргызстандын өзүнчө бир феномени болуп калды. Анын өзүнүн орду, функциясы бар. Башка бир маселе бар: жарандык коомдун айрым өкүлдөрү айрым маселелер боюнча адекваттуу иш алып барып жатабы? Кептин баары ушунда болуп жатат. Бул деле ойлордун плюрализми да. Алардын иши бирөөнө жагат, башкасына жакпайт».

Укук коргоочу Динара Ошурахунова болсо акыркы окуялардын баарын жарандык коомго чабуул деп эсептейт.

«Бийликти сындаган, Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгон жана тынчтык митингге чыккан активисттин баарын бийлик көзөмөлүнө алып койгон. Аларды аңдып, маалымат чогултуп, керек болсо коркутууга чейин барган окуялар күчөп баратат».

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов 4-февралда парламентте сүйлөп жатып Кыргызстанда саясий куугунтук жок деп эсептей турганын айткан.

XS
SM
MD
LG