Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Илимдер академиясынын орду жана салмагы


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы 25-февралда жылдык жыйынтыгын чыгарып, былтыр Кыргызстанда 109 илимий иш жасалганын жарыялады. "Арай көз чарай" талкуусу академиянын азыркы тагдырына арналды.

Бир кезде илимдин ордосу болгон мекеменин илимдеги азыркы орду кандай? Өлкөдөгү эң жогорку илимкананын иши элдин турмушунда эмнеге сезилбей келет?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ишмердиги тууралуу кеп кылдык.

Талкууга Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев, Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти Чынара Рыскулова, айыл чарбасы боюнча адис Манас Саматов катышты.

Азаттык”: - Мурат мырза, Илимдер академиясындагы өткөн жылы илимий топтор иштеп чыккан айрым долбоорлорго токтолуп кетпейсизби?

Жуматаев: - Илимдер академиясында 19 мекеме бар. 25-февралдагы жыйында алардын бир жылдагы илимий изилдөөлөрү, иштеринин жыйынтыктары жарыяланды, талкууланды. 2020-жылы жалпы 109 илимий долбоор боюнча иш жүрдү. Анын 31и бюджеттен, калгандары грант, келишимдер аркылуу каржыланган.

КР УИАнын президенти, академик, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев.
КР УИАнын президенти, академик, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев.

Айрымдарына токтолуп кетсем, мисалы геология институтунда “Кыргызстандын алтын кендери” деген фундаменталдык эмгек жарыяланды. Анда өлкөдөгү бардык кендер, алардын пайда болушу, алтындын запасы изилденген. Бул Кыргызстандын экономикасына түз таасир эте турган эмгек десек жатат.

Андан башка биологдор үй коёндорунун ылаңына каршы вакцина ойлоп чыгарышты. Бизде суу чарба институту бар. Ал жерде окумуштууларыбыз Кыргызстандын суу ресурстарын изилдеген.

Илимпоз Чынара Рыскулова.
Илимпоз Чынара Рыскулова.


Азаттык”: - Чынара айым сиз Кыргызстандын да, батыштын да илимий чөйрөсүн жакшы билген адам катары канткенде эл Илимдер академиясындагы эмгектерди өз турмушунда сезе алат?

Рыскулова: - Кыргызстанда коом, мамлекет, илимпоздор ортосундагы карым-катнаш туура эмес коюлган деп ойлойм. Элде жеткиликтүү маалымат жок. Эч иш натыйжа бербесе эле, демек, өкмөт акча бербей жатат дегенге өтүп алдык.

Бир чети, эл Илимдер академиясы эч кандай иш жүргүзбөйт деп жатса, илимпоздор мен мынча макала жазып, мынча китеп басып чыгардым деп санын гана айта беришет. Бирок ал эмгектердин ичинде канчасы көчүрүлүп жазылган, канчасы сапатсыз, практикада таптакыр колдонулбайт, аны эч ким сөз кылбайт.

Ажырым боюнча бир эле мисал, былтыр Кыргызстанды вирус каптап, оор абал турганда Илимдер академиясынан бир ооз сөз айтылбады. Эл болсо медиктерди эле тилдеп отура берди.

Батышта Илимдер академиясы деген жок. Илимий иштер жогорку окуу жайларда жүрөт. АКШда окуу жайлардагы илимий долбоорлорго федералдык казынадан каражат бөлүнгөнү менен ал аккредитациянын негизинде берилет.

Бизде эмгичекти коммунисттик партиянын отчётундай эле “мынча делегат катышты, мынча иш жазылды” деп эсеп берип келебиз. Бирок изилдөөлөрдүн, эмгектердин пайдасы болдубу? Кереги кимге жарады? Мисалы, Мурат мырза айтып жаткан 109 долбоордун жыйынтыгын ким сезди?

Азаттык”: - Манас мырза, Сиз жана аймактарда бир катар чарбагерлер мөмөлүү дарактардын жаңы сортун өстүрүп, түшүмдү көтөрүү үчүн кандайдыр бир изилдөөлөрдү жүргүзүп, айрым фермерлер жылкынын жаңы тегин (породасын) чыгарып жатышат. Бул иштерде чарбагерлер Илимдер академиясы же илимий чөйрө менен байланышабы?

Багбан Манас Саматов.
Багбан Манас Саматов.

Саматов: - Бизде Илимдер академиясы таптакыр турмуштан алыстап кеткен. Илимий чөйрөнүн да коомдо мартабасы төмөн деңгээлде. Илимдин кишисимин деп айткандан да уялып калган мезгил.

Менин көз карашымда, кандайча болушу керек эле? Ар бир илимий мекеме сатыла турган, керектеле турган продукт бериши керек. Эгер ал боюнча сөз болбосо, анда долбоорду улантуунун кажети жок.

Өкмөт консалтинг компанияларга буюртма бергендей эле илимий топторго буюртма берип, чоң заказдар аткарылышы керек. Сөзсүз буюртма аркылуу илимпоздорго тапшырма берилмейинче, мекемеде окумуштуулар эптеп убакыт өткөрүү менен алектенип жүрө беришет.

Азаттык”: - Мурат мырза 2014-жылы чоң реформа башталган эле. Анын жыйынтыгы эмне болду?

Жуматаев: - Ал реформа токтогон ошол мезгилде эле. Реформа Улуттук илимдер академиясын кыскартуу менен эле бүттү. Башка жаатта эч кандай реформа жүргөн жок. Ал реформанын максаты - академияны жоюп, окуу жайларга илимий мекемелерди которуу болчу.

Бизде жогорку окуу жайлардагы илимий тармак калыптанбай калды. Азыр Кыргызстандагы уюштурулган илимий система - бул академиялык система. Эгерде азыркыдай көз караш болуп, академиянын кереги жок десек, такыр илимди жоготуп алабыз.

"Арай көз чарай" талкуусун толугу менен бул жерден уга аласыз:

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG