Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Диаспора топтору түптөөчү “Манас” институттары Кыргызстандын “жумшак күчү” боло алат


Кыргызстандык саякатчы илимпоздор жана студенттер кытайлык кыргыздардын тобу менен КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылындагы Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.
Кыргызстандык саякатчы илимпоздор жана студенттер кытайлык кыргыздардын тобу менен КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылындагы Жусуп Мамайдын музейинде маркум манасчынын момдон жасалган айкелинин жанында. 30.7.2015.

Диаспора топтору Кыргызстандын таасирдүү жумшак күчүн жарата алышабы? Балким, чет мамлекеттерде “Манас” институттарын ачуу аркылуу алардын жаратмандыгын багыттоо керектир? Абдрасул Исаков менен Нурлан Абдикаимовдун блогу.


Төгөрөктүн төрт бурчун улам бири-бирине тыгыз чырмаган азыркы дүйнөдө ири мамлекеттер өздөрүнүн “жумшак күч” аттуу куралдарын колдонуу аркылуу эл аралык чөйрөдө өлкө таасирин арттырууну көздөшүүдө.

“Жумшак күч” усулу катаал күч сыяктуу эле таасирдүү экендиги дүйнөдөгү ири мамлекеттердин иш-аракеттеринен ачык эле көрүнүп турат. Жумшак жана катаал күчтөр менен кошо акыркы мезгилде акыл күчүн да мамлекеттер дипломатияда, тышкы саясатта жигердүү колдоно башташты.

Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер болсо дүйнөлөшкөн азыркы коомдо төгөрөктөгү өзүнүн ордун таап, сырткы ар кыл соккуларга туруштук бере ала тургандай болуп күчтөнүү үчүн жогоруда айтылган күчтөрдөн өздөрү да колдон келишинче пайдалануусу зарыл.

Ван кыргыздары Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш жүргүзүүсү үчүн кайрымдуулук көмөгүн жиберди. 2020-жылдын августу.
Ван кыргыздары Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш жүргүзүүсү үчүн кайрымдуулук көмөгүн жиберди. 2020-жылдын августу.

“Жумшак күч” катары Орусиянын «Пушкин», Кытайдын «Конфуций», түрктөрдүн «Юнус Эмре», алмандардын «Гёте» сыяктуу институттары дүйнөнүн булуӊ-бурчунда иш алып барышууда.

Өзбек боордошторубуз «Алишер Навои», казак боордошторубуз «Абай» атындагы институт курууну пландап жатышканы боюнча пикирлер айтылууда. Ушул сыяктуу институтту Кыргызстанын кызыкчылыгында биз да түзө алабыз жана түзүшүбүз керек.

Дүйнө негизинен кыргыздарды «Манас» эпосу жана залкар жазуучубуз, коомдук ишмер Чыӊгыз Айтматовдун көөнөргүс чыгармачыл мурасы аркылуу тааныйт.

Ошондуктан чет өлкөлөрдө тармак катары түзүлө турган институттун аты «Манас» болгону оӊ деп эсептейбиз.

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен элчиликте жолугушуу. Москва шаары. 2020-жылдын 8-февралы.
Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен элчиликте жолугушуу. Москва шаары. 2020-жылдын 8-февралы.

«Кыргызга чет жерде институт түзүүнүн кандай кажети бар?» дегендер чыгышы мүмкүн. Ошондуктан түзүлүшү керек деген институттун (борбордун) пайдаларына токтоло кетели:

Биринчиден, бул институт өлкөбүзгө “жумшак күч” куралы катары кызмат кылып, Кыргызстандын тышкы саясаттагы артыкчылык берген стратегияларын жүзөгө ашырууга чоң жардам берет.

Манас таануучу, профессор Адыл Жуматурду уулу жубайы, профессор Токтобүбү Ысак кызы, уулу Эрзат жана кызы Перизат менен Бээжиндеги үйүндө. КЭР. 21.10.2015.
Манас таануучу, профессор Адыл Жуматурду уулу жубайы, профессор Токтобүбү Ысак кызы, уулу Эрзат жана кызы Перизат менен Бээжиндеги үйүндө. КЭР. 21.10.2015.

Экинчиден, бул институт чилдей тараган кыргыздардын чет жерде башын кошкон маданий очогу болуп бере алат. Дүйнөнүн булуӊ-бурчунда чар-жайыт, ар кыл аттар менен уюмдашкан кыргыздардын бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып биримдикте, белгилүү бир стандартта иш алып баруусун камсыз кылат.

Бул институт чет жердеги кыргыздарга эне тилин, маданий жана руханий баалуулуктарын унуттурбай турган борбор болмокчу. Бийлик бул институт аркылуу диаспораны бириктирип, өзүнүн максат жана пландарын дагы оӊойураак ишке ашыра алат.

Бул жерде чет элдиктерге жана кыргыз тектүү өспүрүмдөргө кыргыз тилин атайын ыкма менен натыйжалуу үйрөтүүнү камсыз кылуу мүмкүн.

Тасма. Роза Отунбаева: "Чет жердеги мекендештерибиздин ар биринин салымы бар".

Үчүнчүдөн, бул институт Кыргызстандын дүйнө менен интеграциясына, эки тараптуу кызматташтыкты чыӊдоого салым кошо турган иш-чараларды уюштурууга кызмат кыла алат. Институт аркылуу кыргыз бренддери таанытылат.

Төртүнчүдөн, бул институт дүйнөдөгү кыргыз диаспорасынын жөөт, армян диаспоралары сыяктуу күчтүү диаспора болушуна салым кошуу менен бирге, диаспоралардын эгемен Кыргыз мамлекети менен тыгыз байланышта болушуна, бийликтегилердин кыргыз диаспорасынын мүмкүнчүлүктөрүнөн максималдуу пайдалануусуна шарт түзөт.

Бешинчиден, бул институт чет өлкөдө кыргыз таануу аркылуу Кыргызстанга жылуу көз менен караган катмардын жаралышына себеп болот. Кыргызстан менен байланышы болгон кишилердин байланышын үзбөшүнө, кыргыздарды изилдеген илимпоздордун изилдөөлөрүн улантуусуна стимул боло алат.

Кыргызстандын достору боло турган бул катмардын келечекте өлкөбүзгө чоӊ пайдасы тие тургандыгы айтпасак да белгилүү.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы жана артыштык илимпоз Мамбеттурду Мамбетакун (сол жакта) менен. Үрүмчү шаары, 1997-жылдын ноябры.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай кыргызстандык Орозбүбү Сатиш кызы жана артыштык илимпоз Мамбеттурду Мамбетакун (сол жакта) менен. Үрүмчү шаары, 1997-жылдын ноябры.

Алтынчыдан, бул институт чет жердеги кыргыз диаспораларынын чет мамлекеттеги элдер менен, мекемелер менен байланышын чыӊдоого өбөлгө болот. Институттун иш-аракеттери кыргыз диаспораларынын кадыр-баркынын ѳсүшүнѳ салым кошот.

Бул жерде институт дегенди классикалык маанидеги илимий институт деп түшүнүүгө болбойт. Институт жалпылама аталыш болуп эсептелет. Бул институттун алдында Кыргызстанды тааныта турган ар кыл нуктагы пайдалуу иштер жасала бермекчи.

Мисалы, бул институттун бутагы катары чет өлкөдөгү бир ЖОЖдо «Кыргыз тили классы» ачылышы мүмкүн. Же болбосо бир холдингдин ичинде «Кыргыз бурчу» түзүлүшү мүмкүн.

Бул институтту казынадан бир тыйын албай тургандай кылып түзсө болот. Институттарды диаспоранын, башкача айтканда, чет өлкөдөгү ыктыярдуу жарандарыбыздын (ишкерлердин) кол кабышы менен түзүү мүмкүнчүлүгү бар.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгына арналган симпозиумда (төрдө ортодо, солдон төртүнчү). Август 1995.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун шарттуу миң жылдыгына арналган симпозиумда (төрдө ортодо, солдон төртүнчү). Август 1995.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги институттардын иштөө жобосу, сөзсүз керектүү болгон минималдуу буюм-тайымдар сыяктуу маселелердин координациясын жана көзөмөлүн жүргүзүп турат.

Тасма. Кытайдагы Хотан дубанынын Пишан (Гума) ооданына караштуу Кең-Кыя Кыргыз автоном кыштагында байырлаган Турсун Ыбырайым аксакал рухий очоктун отун өчүрбөй, кээде өз айылдаштарына “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып берип турат. 26.7.2015.

«Манас» институтун түзө турган ыктыярдуу кишилер Кыргыз бийлигинин чет жердеги ыктыярдуу көпүрөлөрү болуп эсептелип, Кыргыз бийлигинен (Тышкы иштер министрлигинен) уруксат алган жарандар гана мындай иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын өкүлү катары жүзөгө ашырышат.

Абдрасул Исаков. 11.5.2012.
Абдрасул Исаков. 11.5.2012.

2018-жылы түзүлгөн «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешке» мүчө жарандарыбыз «Манас» институтун түзүүгө ыктыярчы болуп берет деп ишенебиз.

Нурлан Абдикаимов. Стамбул. 05.6.2020.
Нурлан Абдикаимов. Стамбул. 05.6.2020.

Бул долбоорду кыргыз бийлигине, кыргыз жарандык коомуна жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнө талкуу кылуу жана иштиктүү натыйжа чыгаруу ниетинде сунуштайбыз.


Абдрасул Исаков, Нурлан Абдикаимов,
«Айдың келечек» жаңычыл улутмандар кыймылынын өкүлдөрү.

Ред.: Кат куржунубузга макаласын жөнөткөн авторлордун пикири “Азаттыктын” редакциялык туруму катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG