Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Өкмөттүн мигранттарды ойго салган чечими


Москвадагы кыргыз элчилиги. 2020-жыл.

Кыргызстанда министрлик, агенттик жана комитеттерди кыскартып, мобилдүү өкмөт түзүү аракети жарыяланды.

Мамлекеттик мекемелердин көбү үчүн күтүүсүз болгон мындай оош-кыйыш абал Миграция кызматын да арасат абалга кептеди. Азырынча бул органдын кайсы министрликке берилери, тагдыры кандай чечилери белгисиз. Бул чет жактагы мекендештерди тынчсыздандырууда.

Миграция кызматынын тагдыры кандай болору 3-февралда Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы менен программасын бекиткен жыйынында көтөрүлгөн.

«Министрликтер азайып, өкмөттүн курамы чакан болгону колдоого арзыйт. Ошол эле кезде миграция кызматынын өзүнчө орган болбой, бир министрликке кошулуп жатканы өкүндүрөт. Мигранттар 2 млрд. доллардан ашык акча которгондо керек. Бирок алардын укугун коргоо үчүн өзүнчө бир министрликтин жоктугу кемчилик. Чет жактагы, өзгөчө Орусиядагы мигранттардын укугун коргоо иши кайсы жакка жүктөлөрү так жана ачык көрсөтүлүшү керек», - деген анда депутат Улукбек Ормонов.

Жыйында «Миграция кызматы кайда барат?» деген депутат Евгения Строкованын суроосуна жаңы өкмөт башчы Улукбек Марипов «бул кызматтын тагдыры дагы каралат» деп жооп узаткан.

Жогорку Кеңештин бул жыйынында миграция боюнча өзүнчө министрлик түзүү, же миграция кызматын өзүнчө орган катары күчтөндүрүү, же ички жана тышкы миграцияны тейлөөдө кескин реформа жүргүзүү сыяктуу бир нече сунуш айтылган.

Кийин социалдык тармактарда Миграция кызматы толук жоюлуп же Саламаттык сактоо министрлигине кошулган Социалдык өнүгүү министрлигинин карамагына берилери тууралуу айтыла баштаган. Мындай сөздөр чет жакта жүргөн кыргызстандыктарды бушайман кылды.

Мындан улам айрым мекендештер «Мигранттарды мекенге кайтаруу –президент катары милдетим» деп ант берген Садыр Жапаровго түз кайрылуу жасап, мигранттарды жеке көзөмөлүнө алууну суранып жатат.

Алардын бири, Москвадагы «Талас» облустук коомунун төрагасы Надырбек Сооронбаев видеокайрылуусунда мындай деди:

Надырбек Сооронбаев
Надырбек Сооронбаев

«Садыр Нуркожоевич, чет өлкөдө бир топ жыл жүрдүңүз. Анын ичинде Орусияда, Москвада да мекендештерге жолугуп, көйгөйлөрдүн баарын көргөнсүз. Мигранттардын көйгөйүн жакшы билесиз. Ал жакта мигранттардын чыныгы жашоосунан түшүнүгү жок, мигранттардан алыс чиновниктерибиз бир аз туура эмес чечимдерди чыгарып атат окшойт. Ошого өзүңүз көңүл буруп, ушул Миграция кызматын президентке караштуу өзүнчө орган кылып койсоңуз жакшы болмок».

Мекендештер арасында керек болсо Миграция министрлигин түзүү керек дегендер да бар.

Кыргызстанда миграция боюнча министрлик 2006-жылы түзүлүп, кийин 2010-жылы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин жоюлган.

Мындан тышкары президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеште чет жактагы мигранттардын көйгөйүн чечүү үчүн ар кандай кеңешме, жыйындар түзүлгөн мисалдар бар.

2018-жылы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен президенттин алдында атайын кеңеш түзүлгөн.

Мындай демилге Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов былтыр декабрда Москвага барганда да көтөрүлгөн.

Толкунбай Акматов
Толкунбай Акматов

Анткен менен президенттик кеңештин мүчөсү, коомдук ишмер, Москвадагы «Ноокат» биримдигинин башчысы Толкунбай Акматов миграция боюнча өзүнчө министрлик түзүүгө каршы.

«Мен мурда өзүнчө министрлик болсо деп ойлочумун. Азыр акыл калчап карасак, Москвада элчилик менен миграция өкүлчүлүгү отурат, экөө эки башка жакта, эки башка кызматкерлер иштейт. Азыр өкмөттү кыскартып, сапаттуу иштей тургандай кылууну көздөп жатабыз. Мамлекеттик мекемелерди көбөйтө бергенден натыйжа чыкпайт. Чет жакта жүргөн жарандардын маселесин толук эле ТИМге өткөрүп берүүнү туура деп ойлойм. Албетте, биз миграцияны токтото албайбыз. Биз мигранттардын кесиптик даярдыгын, билим деңгээлин жана укуктук сабатын ачышыбыз керек. Бирок Миграцияны өзүнчө министрлик кылуу, болбосо Социалдык өнүгүү министрлигине кошуп коёлу деген жаңылыштык».

Түркиядагы коомдук ишмер Айбек Сарыгул тескерисинче, Миграция кызматын толук жоюп, анын милдеттерин ар башка министрликтерге бөлүштүрүү керек деген пикирде.

“Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул
“Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул

«Миграция кызматы – бул «бири-бирин кайталаган орган» да. Социалдык блокту өзүнчө бөлүп жаткандан кийин бул жакка тиешелүү функцияларын ошол жакка бериш керек. Тышкы миграцияга тиешелүү функцияларын ТИМге тапшырган оң. Ички миграция, чет өлкөлүк жумушчулар боюнча иштери ИИМге өтүшү керек. Башка өлкөлөрдө ушундай система иштейт. Бизде башынан туура эмес түзүлгөн. 2006-жылдан тартып миграция үчүн өзүнчө мекеме ачып, министрлик түзүлгөндө тышка кеткендер көбөйдү. Бул кызмат азыр жарандардын чет жакта иштешине эле көмөктөшүп жатат. Келечекте миграция агымын азайтабыз десек, бул кызматты жоюшубуз керек».

Айбек Сарыгул миграция үчүн кызмат ачуу тажрыйбасы башка өлкөлөрдө да өзүн актабаганын мисал келтирди.

«Орусияда Федералдык миграция кызматын түзүшкөн, кийин кайра жоюлду. Биздин миграция кызматы азыр Орусияда эле иштеп жатат. Түркияда алардын өкүлдөрү жок, ага муктаждык да жок. Мигранттар айлык албай, эмгек укуктары корголбой жатса, бул көйгөйдүн өзөгүн таап, чечүүгө аракет кылыш керек. Алар үчүн үстү-үстүнө кошумча органдарды түзүп, «өрт өчүргүч» катары иштеген кызматчыларды кармоонун кереги жок», - дейт Айбек Сарыгул .

Эмилбек Калилов
Эмилбек Калилов

Түштүк Кореяда иштеген Эмилбек Калилов да мобилдүү өкмөт түзүү аракетин колдойт.

«Кореяда 7 миңдей гана жараныбыз иштейт. Орусиядагыдай көп эмеспиз. Бардык маселелерди ТИМ, элчилик, консулдук жана диаспорадагы уюмдар аркылуу эле чечип алабыз. Кыргызстанда миграция тармагын ТИМге берүүнү туура деп ойлойм. Азыр өкмөттүк башкарууда реформа жүргүзүп жатышпайбы. Ошону элге түшүндүрүп, анын оң-тескери жагын, бюджеттен киреше-чыгаша болчу жактарын айтып, кеңешип коюшса болмок. Канча мамлекеттик кызматкер кыскартылат, анын кесепети же жыйынтыгы кандай болорун ачык айтышса болмок. Мен негизи азыр кыргыз өкмөтүндөгү оптимизацияны колдойм. Түштүк Корея дагы президенттик өлкө. Министрликтердин азыркы структурасын карасам, бир топ жери окшош экен. Мындан жакшы жыйынтык чыга тургандай».

Мамлекеттик миграция кызматынын милдети

Миграция кызматы – өлкөдө ички жана тышкы миграция жаатында иш алып барган кыргыз өкмөтүнө караштуу өз алдынча орган. 2016-жылдан тарта Кыргызстанга ишке келген чет өлкөлүк жумушчулардын, кайрылмандар менен качкындардын мыйзамдык макамын карайт.

Ошондой эле чек жакта миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын эмгек укуктарынын корголушун жана ишке жөнөткөн ортомчу агенттиктердин ишине көзөмөл салат.

Өкүлчүлүктүн жардамы менен Орусияда иштеген кыргызстандыктарга жумуш берүүчүлөрдөн жылына 40-70 миллион рубль өлчөмүндө эмгек акы өндүрүлүп берилет.

Бишкекте Миграция кызматы чет өлкөлүк жумушчуларга квота бөлүштүрүү жана эмгекке уруксат кагаздарын берүүнүн эсебинде бюджетке 110 миллион сомдой төккөн.

Жылына бюджеттен бул мекеменин ишине 90 миллион сом бөлүнөт. Мекемеде 70тей кызматкер иштейт.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин Мамлекеттик миграция кызматынын башчылыгына Таштанбек Каймазаров дайындалган. Кийин бир катар басылмалар ал президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин жазышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG