Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Орусияда миграциялык текшерүү күчүнө кирет


Москвадагы консулдуктун алдында. Май, 2020-жыл.
Москвадагы консулдуктун алдында. Май, 2020-жыл.

Москвадагы кыргыз элчилиги Орусияда иштеген кыргызстандыктарды 15-мартка чейин миграциялык документтерди иреттөөгө чакырды. Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга коюла турган талаптар, миграциялык текшерүү кайра күчүнө киргени турат.

«Паспортумдун мөөнөтү бүтүп калган. Кыргызстанга бара албагандыктан, элчиликтен алмаштырып алдым. Эми жаңы паспорт менен ИИМдин миграция бөлүмүндө миграциялык картаны жаңыртып алайын деп турам. Миграциялык каттоого да кайрадан турушум керек. Эмгек келишими бар», - дейт Москвада иштеген Майрам.

Чек аралар жабык тургандыгына жана аба каттамдарындагы чектөөлөргө байланыштуу Орусиядан чыга албай, Москвадагы консулдукта жаңы паспорт алган мигрантттар эми мурдагы паспорт менен алынган миграциялык картаны жаңы документке алмаштырышы керек.

Айрым мигранттар чек арага чыкпастан Орусиянын ИИМинин миграция бөлүмдөрүндө документти жаңыртуунун түйшүгү түмөн экенин айтып, мындан чочулап турушат.

Былтыр 15-марттан тартып Орусияда президенттин жарлыгы менен коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуу үчүн административдик чара көрүү токтотулган.

Ошондон кийин мөөнөтү аяктаган патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтер жокко чыгарылбай, миграциялык текшерүү кыйла азайган. Кийин бул миграциялык жеңилдиктер 2021-жылдын 15-июнуна чейин узартылары кабарланган.

Москвадагы кыргыз элчилиги жыл соңунда орус өкмөтү кабыл алган дагы бир жарлыкты негиз кылып, Орусияда убактылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктарды 15-мартка чейин миграциялык документтерди жөнгө салууга чакырууда.

Назгүл Жусубакунова.
Назгүл Жусубакунова.

«Паспортторунун мөөнөтү бүтүп бараткан болсо элчиликке өз убагында документ тапшырып, аны алмаштырыш керек. Экинчиден, Орусияда жүрүш үчүн миграциялык картасын жана каттоосун орус мыйзамдарына ылайык тариздөө зарыл. Жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин узартыш керек. Административдик мыйзам бузулганы үчүн айыптарды тез арада жоюш керек. Эгерде административдик мыйзам бузуу үчүн бул өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирилген болсо, анда өлкөдөн чыгып кетиши зарыл», - деди элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова.

Орусияда миграциялык эрежелерди сактабаган чет өлкөлүктөр өлкөдөн чыгарылып, «кара тизмеге» алынат. Ушу тапта 57 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Соңку маалыматтар боюнча 740 миңдей кыргызстандык Орусияда жүрөт.

Чет өлкөлүктөрдүн Орусияга келиши боюнча дагы эле чектөөлөр бар. Орус жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туруктуу жашоого уруксаты барларга, орус ооруканаларында дарыланууга муктаж чет өлкөлүктөргө гана кирүүгө уруксат. Муну тиешелүү документтер же медициналык маалымдамалар менен тастыкташ керек.

27-январда орус өкмөтү ЕАЭБдин алкагында Беларус жана Армениянын аймагынан келген жарандарга бир гана коронавируска карата тест менен өтүүгө уруксат бергени маалым болду.

Буга кошумча, өкмөт башчы Михаил Мишустин үч айдан узак убакытка Орусияда жүрүүнү көздөгөн ЕАЭБдин мигранттарына милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүү тууралуу талап коюла тургандыгын кабарлады.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG