Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Мекенине кайткан мигранттар ара жолдо калды


Жолдо калган миграттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Жолдо калган миграттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул күндөрү Казакстан менен Орусиянын чек арасында Кыргызстандын кеминде үч миңден ашуун жараны топтолуп турат. Мекенине кайта албаган мигранттар президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурашты. Пандемияга байланыштуу Казакстан чек арасын ача элек.

Кыргызстандык Эрмек Нурланов - Орусиядан иш издеп кеткен мигранттардын бири. Ал буга чейин курулушта иштечү. Бирок бир айга чукул ишсиз отуруп калган. Ушундан улам мекенине кайтууну чечет. Тааныштарына «Кыргызстанга барчу жол ачык экен» деген кепти угуп, 18-сентябрда автобуска түшүп жол тарткан. Бирок ал ушул күндөрү чек арадан өтө албай, ара жолдо калды.

«"Коронавирус илдетинин экинчи толкуну башталат, дагы карантин болот" деп жатышпайбы. Ошону угуп, Кыргызстанга кете берели деп жолго чыкканбыз. Автобуска түшүп жатканда бирөөлөр «элчиликтен келдик, чек ара ачык» деп айтышкан. Биз аларга ишендик эле. Көрсө алдап коюшуптур. Азыр Оренбургга жетпей токтоп турабыз. Биздин алдыраак жагыбызда, бизге жетпей да көп мигранттар бар. Улам келип кошулуп жатышат», - деди ал.

Эрмекке окшоп, Орусиянын чар тарабында иштеген жүздөгөн мигрант чек арага жакын жерде топтолуп турат. Алар орус-казак чек арасына 18-сентябрда келе баштаган. Мигранттардын айрымдары ошол жердеги кырдаалды тасмага тартып, «Азаттык» радиосуна жиберишти. Өзүн Адилет Акматов деп тааныштырган адам жардам сурап президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды:

«Урматтуу президент, бул жерде балдар, кош бойлуу аялдар кыйналып турат. Акчабыз түгөндү. Арабызда ооругандар да көбөйүүдө. Бизге жардам берип, бул жерден алып чыгып кетсеңиз жакшы болот эле. Учак менен кетели десек, билеттер кымбат. 39 миң сомдон 50 миң сомго чейин болуп жатат. Арзан кетели деп автобуска түштүк эле».

Пандемияга байланыштуу Казакстан чек арасын ача элек. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жакын арада мигранттар үчүн Казакстан аркылуу жашыл коридор уюштуруу пландалып жатканын, консул чек арада топтолгондор менен жолугушуп жүргөнүн 21-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиянын Оренбург облусунун жана Башкыртстан Республикасынын бийлиги менен жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Орус тарап кыргызстандыктарды жатаканаларга, балдар лагерлеринин айланасына чатыр тигип жайгаштырган. Акысыз тамак-аш берилип, элди автобустар менен чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланды.

Элчилик Казакстандын чек аралары жабык экенин, чет элдиктердин бул өлкөнүн аймагына киришине чектөөлөр күчүндө турганын эске салды. Мекеме Орусиядагы кыргызстандыктарга орус-казак чек арасы тарапка жолго чыкпоону, зарыл болгон учурда аба каттамдары менен барууну сунуш кылды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Оренбург аймагында ара жолдо калган кыргызстандыктарды мекенине өткөрүү боюнча казак, орус бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе жакын арада чечилерин “Азаттыкка” маалымдады.

“Орусиянын бийлиги орус-казак чек арасына чейин бекер ташып барат. Анда ары кыргызстандыктар автобустар менен сүйлөшүп, өздөрү төлөп Кыргызстанга жетиши керек. Төртүнчү күнү бул маселе чечилип калат деп жатам”, - деди Жекшенкулов.

Жекшенкулов пандемия башталгандан бери Орусия менен Казакстан чек арасын бир гана жолу ачып берүүгө макул болгонун белгилеп, мигранттарды жолго чыкпоого чакырды. Ошондой эле "Кыргызстанга алып кетем" деген шылуундар көп болуп жактанын белгилеп, расмий маалыматка гана ишенүү керек экенин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Орусиядан жалпысынан 40 968 жаран мекенине кайткан.

Элчилик 40968 кыргызстандык Орусиядан 203 чартердик рейс жана 139 автобус менен мекенине кайтып келүүгө жардам бергенин билдирүүдө. Ошол эле учурда Оренбург, Самара облустарынан жана Башкыртстандан Кыргызстандын жарандарын жөнөтүү алты жолу уюштурулган.

Орусия Кыргызстан менен туруктуу аба каттамдарын жандантарын 21-сентябрда билдирди. Тиешелүү буйрукка Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгон. Буга чейин эки өлкө ортосунда чартердик каттамдар гана уюштурулуп турган. Алардын билети кымбат болгондуктан жана тиешелүү документтер талап кылынгандыктан мигранттар автобус менен келүүнү тандашкан. Бирок минтип Казакстан менен чек аранын жабыктыгынан алар жол азабына кабылып отурат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядан мекенине Казакстан аркылуу автобус менен кайтууга аракет кылган кыргызстандык мигранттар Оренбургдагы орус-казак чек арасындагы «Сагарчин» өткөрмө бекетине Казакстан кыргыз жарандары үчүн өз аймагынан өтүүгө уруксат берсе гана өтө алышарын билдирди.

Казакстанга транзиттик жол ачып берүү тууралуу жөнөтүлгөн кезектеги өтүнүчкө азырынча жооп боло элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мигранттарга кайрылып, орус-казак чек арасына топтолбоого чакырды жана карантин чектөөлөрү али алына электигин, эгер чукул иш чыкса Кыргызстанга учак менен эч тоскоолдуксуз жетип алса болорун белгиледи.

Мурдагы тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов «мигранттар менен иштешүүдө өкмөттүн иши чабал болуп жатат» деп сынга алды:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Карантин учурунда ушундай маселени Европа өлкөлөрү кантип чечкенин көрүп үлгү алсак болмок. Аларда чек аралар жабылганда эл коридор аркылуу кантип өтөрүн сүйлөшүп алышкан. Бул Евробиримдик аткарган иштин натыйжалуулугу. Ал эми бизде Евразия Экономикалык Биримдигибиз бар да. Ал жерде эмгек базары жана товардарды кантип өткөрүү маселелери каралган. Ошого байлап, пандемия учурунда катнаш кандай болушу керек деп маселени чечип алсак болот эле да. Качан бир жерде эл топтолгондо маселе көтөрбөй, системалуу иш болушу керек эле. Өкмөт «өрт өчүргүчтөй» иш алып барууда. ЕАЭБ өлкөлөрү менен теңата сүйлөшө албай жатат».

Орусиянын ИИМинде быйыл январь-июнда 380 миңдей кыргызстандык миграциялык каттоого турган. Орусияда туруктуу иштеген мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Ал эми миграцияга кошо ала чыккан балдары, ата-энелери менен кошкондо миллиондон ашат.

XS
SM
MD
LG