Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

«Мекен-карттын» талаштуу таасири


«Шереметьево» аэропортундагы кырызстандык эмгек мигранты.
«Шереметьево» аэропортундагы кырызстандык эмгек мигранты.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам күчүнө киргени турат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков 10-августта кол койду.

Бул мыйзамга ылайык, башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандык «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген расмий макамга ээ болот. Аларга тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт.

Мындан тышкары башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандык айыл чарба жеринин мураскери болсо, анда жер тилкесин 10 жылга чейин колдонууга уруксат берилет.

Мурдагы мыйзам боюнча жер бир жыл ичинде сатылышы керек болчу. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мындай деди:

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

«Мыйзам жалаң эле мигранттарга тиешелүү эмес. Бул биздин мурдагы жарандар Кыргызстандын аймагына келсе, укуктук абалын жеңилдете турган документ. Алар чет элдик жаран катары кабыл алынбай калат. Эгер ал Кыргызстанга виза алып келе турган өлкөдө жашаса, анда «Мекен-картты» алуу менен визанын кереги жок болот. Документтин максаты - башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктардын тарыхый мекени менен байланышын үзбөө жана инвестиция тартуу. Бул мыйзам долбоору экономикалык жактан да пайда алып келет».

Мындай макамга ээ болгусу келген адамдын арызы алты ай ичинде каралып, «Мекен-карт» деген мамлекеттик документ 10 жылдык мөөнөткө берилет. Аны Кыргызстан менен чектеш төрт мамлекеттен башка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы жарандары, анын балдары жана неберелери ала алат.

«Мекен-карт» башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктардын түгөйлөрүнө берилбейт.

Документтин коңшу өлкөлөрдөгү мекендештерге берилбей жатышы коопсуздук иштери менен байланыштуу.

Мындан тышкары «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» макамы мурда соттолгон, эркинен ажыратылган, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарга, террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө берилбейт.

Өзү жөнүндө жалган маалымат бергени аныкталса, макамынан ошол замат ажыратылат. Ошол эле кезде мындай макамы бар мекендештерге мамлекеттик кызматтарда иштөөгө, шайлоого катышууга болбойт.

«Замандаш» ассоциациясынын өкүлү Азамат Айтбаев мыйзам толук ишке ашып кетишине ишенбей турат. Мунун себебин ал мындайча түшүндүрдү:

«Мыйзам кабыл алынганы менен азырынча анын механизмдери, аткаруу жолдору тактала элек. Өкмөт уюштуруу иштерине жарым жыл сурап жатканы белгилүү болду. «Мекен-картты» кайсы мекеме бере турганы, анын баасы белгисиз болуп турат. Менимче статус алуунун жолун жеңилдетип, убактысын да кыскартыш керек. Документти алууда адаттагыдай тоскоолдуктар жарала турган болсо, анда мыйзам иштебей калышы мүмкүн. Азырынча мыйзамдын кабыл алынышына кубанып турабыз. Эң негизгиси - жүзөгө ашырылса болду».

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөнүн жарандыгын алган 600 миңдей кыргызстандык бар.

«Мекен-карт» Кыргызстандын жарандыгынан расмий баш тарткандарга гана берилет. Мыйзам долбоору даярдалып жатканда башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктар менен талкуулар өтүп турган.

13 жыл мурун Орусиянын жаранына айланган Толкунбай Маматов коомдук талкууга кызуу катышкан эле. Анын айтымында, мекендештер айткан сунуштар кабыл алынбай калыптыр.

«Кырдаалга байланыштуу Орусиянын жарандыгын алган мекендештер аябай көп, - деди маектешибиз. - Алардын жарандыгы эле башка болбосо, Кыргызстанга байма-бай каттап турабыз. Көбүнүн үй-бүлөсү, бала-бакырасы ошол жакта. Бирок мураскер маселеси курч болууда. Үй салып же ишкана ача турган болсок, башка бирөөгө каттатыш керек болот. Мындан тышкары үлүш жерлер боюнча да айтканбыз. Мыйзам долбоорунун авторлоруна көп эле сунуштарды бердик. Бирок бири да эске алынбаптыр. Анда биз менен жолушуунун эмне кереги бар эле?».

Мыйзам долбооруна башка өңүттө талдоо жүргүзүп, чочулоо менен кабыл алгандар жок эмес. Алар документ Орусиянын Кыргызстанга болгон таасирин күчөтөт деген пикирде. Себеби башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктардын көбү Орусияга туура келет. Укук коргоочу Бурул Макенбаева мындай деди:

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

«Мигранттар - Кыргызстандын талуу жери. Аларды Орусия кайырмак катары колдонуп жатат. Элдин теңи башка мамлекетке кеткени аз келгенсип, жарандыгыбызга салкын мамиле жасалып жатат. Бул маселеде ар дайым так болуш керек. Аралашма жарандыктын кереги жок деп эсептейм. Азыр жарандарды алмаштырып эле мамлекетти башкарып же таасирин күчөтө берсе болот».

Документти Жогорку Кеңеш ушул жылдын 11-июнунда кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Анын авторлору «Мекен-карт» жарым жылдан кийин бериле баштай турганын айтып жатышат.

"Бийлик Мекен кардга байланыштуу сунуштарга көз жумду"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00
Түз линк

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG