Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Аба каттамдарынын ачылышын күткөндөр көп


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары 1-августта ачылары кабарланды. Эки өлкө ортосунда эл аралык каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы да маалым болду.

27-июлда Түркиянын транспорт министри Адил Караисмаилоглу жергиликтүү медиа каражаттарына бир канча чет өлкөлөр менен авиа каттамдардын ачуу боюнча маалымат берди. Анда министр: «1-августтан баштап Түркиядан Орусияга, Кувейтке, Индияга жана Түштүк Африкага каттамдар ачылат. Оорунун жүрүшүнө жараша Кыргызстанга, Өзбекстанга, Туниске, Алжирге, Иракка жана Кенияга рейстер башталары күтүлөт», - деп айткан.

Ал эми Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев Кыргызстандан Түркия, Орусия, Казакстан жана Араб Эмираттары менен туруктуу аба каттамдарын кайра ачууга уруксат берилгенин билдирди:

Курманбек Акышев.
Курманбек Акышев.

«Өткөн жумада №72 протоколдук тапшырма чыккан. Ошонун негизинде төрт мамлекет – Түркия, Орусия, Казакстан жана Араб Эмираттары менен ачканга уруксат берилди. 1-августтан деп жатабыз, бирок алардын шартына жараша болот. Мисалы, Орусия 1-августта ача албайт окшойт. Эгер ачып калса, жакшы болот. Алар жообун бере элек. Түркия «макулбуз» дегендей жооп берди, бирок сүйлөшүү аяктай элек. Казакстан макул болот го. Астанадан жана Алматыдан бирден рейс ачып берсе «Эйр Астана» уча турган болуп жатат. Азырынча алардан так жооп жок. Эмираттардан да жооп боло элек».

Түркияда 22 жылдан ашык туризм жана авиа каттамдар боюнча иш алып барган Махабат Жумабекова «Biletbank» фирмасында бөлүм башчы болуп иштейт. Ал авиакомпаниялардан билет сатып алган ондогон мигранттар Кыргызстанга рейстердин ачылышын күтүп жатканын айтты:

«Түрк авиакомпанияларынан билет сатып алган айрым кыргызстандыктар Стамбул-Бишкек атайын чартердик каттамы менен учуп кетишти. Анткени ал алган билеттери бул чартердик рейске өтөт экен. Ал эми айрым Түркиядагы кыргызстандыктар аба каттамдарынын ачылышын күтүп, «кетебиз» деп жатышат. «Билетимдин акчасын кайра бер» дегендер да болду. Түрк мыйзамдарына жараша пандемияда авиакомпаниялар билетти эки айдан кийин гана кайра кайтарышат экен. Ал эми Кыргызстандагы абалды түшүнүп, «калып иштеп туралы» деген кыргыздарды да кезиктирдим. Анткени мигранттар Түркияда иштеп үй-бүлөсүнө мындай жагдайда материалдык жактан колдоо көрсөткөнү да оң деп ойлошот. Бирок эл аралык аба каттамдарынын ачылышы Кыргызстанга оң же терс таасирин тийгизерин билбей турабыз. Чек араларды ачып салгандан кийин оорулар көбөйүп кетеби деп кооптонушубуз керек».

Коронавирус пандемиясынан улам жабылган авиакаттамдардын айынан Түркияга дарыланууга келе турган бейтаптардын абалы да оор. Алар пандемия учурунда жабылган авиа каттамдардын айынан Кыргызстанда калып күтүүгө мажбур. Эл аралык бейтаптар менен иш алып барган «Фидес» компаниясынын жетекчиси Ибрагим Долапчыоглу Түркияга ыкчам жасала турган операцияларга келе албай жаткан ондогон бейтап бар экенин айтты:

Кыргызстандан Түркияга келе турган ондогон бейтаптарыбыз бар. Алар онкология жана педиатрия бөлүмдөрүндө дарылана турган кыргызстандыктар.

«Кыргызстан менен аба каттамдарынын ачылышы тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын уктук. Бирок так жооп ала албай келебиз. Мисалы Казакстан менен Түркия 15-августка чейин аба каттамдарын ачпайбыз деп чечишти. Кыргызстандан Түркияга келе турган ондогон бейтаптарыбыз бар. Алар онкология жана педиатрия бөлүмдөрүндө дарылана турган кыргызстандыктар. Айла жок, бейтаптардын баары рейстердин ачылышын күтүүгө мажбур болуп жатышат. Өзгөчө жүрөк операциясы жана орган алмаштыруу операцияларын күткөн бейтаптар арбын. Эки өлкөнүн тийиштүү жетекчилери сүйлөшүп тез арада эл аралык каттамдар ачылса деп үмүт кылабыз. Андан тышкары Кыргызстанга бара турган түркиялык ыктыярчы дарыгерлер да авиакаттамдардын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат».

Жыл сайын Кыргызстандан миңдеген эмгек мигранттары жай айларында Түркиянын туристтик аймактарында иштегени келишет. Бирок 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Түркиянын Анталия, Мугла жана Измир аймактарында жүздөгөн мейманканалар чет өлкөлүк мигранттарды жумушка ала алышкан жок. Бишкек шаарындагы Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке менчик агенттиктер ассоциациясынын жетекчиси Шерболот Обозов учурда авиакаттамдардын ачылганы менен кыргызстандык мигранттарга мейманканалардан талап келе элек экенин билдирди:

Шерболот Обозов.
Шерболот Обозов.

«Түркиядагы мейманканалар акырындап ачылып жатат. Бирок кыргызстандык жумушчуларды азырынча сурагандар жок. 4-5 жылдан бери жай айларында барып иштегендерди балким жөнөтсөкпү дегенбиз, бирок аба каттамдарынын жанданбашы алардын да жагдайын белгисиз кылып жатат. Түркияда туруктуу жашоого уруксаты болгондор гана чартердик каттам менен кетип жатышат».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон. Пандемия башталгандан бери, март-июль аралыгында Түркиядан Кыргызстанга бир канча чартердик каттам уюштурулуп миңдеген жаран мекенине кайтарылган.

Буга чейин Түркиянын «Turkish Airlines», «Pegasus» авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарын 1-июлдан тартып калыбына келтирүүнү сунуш кылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG