Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:22

Түркияда чай кескен мигранттар көбөйдү


Чай плантациясы. Ризе облусу. 2020-жыл.

Коронавирус пандемиясынан улам жабык турган чек аралардан өтө албай калган мигранттардын ордуна Түркиянын Карадеңиз аймагында чай плантацияларына жергиликтүү жумушчулар же өлкөдөгү чет өлкөлүк мигранттар агылып барып жатат. Алардын арасында кыргызстандык мигранттар да бар.

Алина алты жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарында күйөөсү менен кийим тигүүчү цехте иштеп келген. Коронавирус пандемиясы башталганда алар иштеген ишкана толук жабылып калган. Түркияда жумушсуз калган кыргызстандык мигрант түгөйлөр аргасыз башка киреше булактарын издей баштаган. Социалдык тармактардагы жарнамаларды караштырган Алина Түркиянын Ризе аймагындагы чай плантацияларында жумуш тапкан. Ал күйөөсү менен мурун билбеген чай кыркуу жумушуна аргасыз барып иштеп жатканын айтып берди:

«Эки айдан бери ишсиз үйдө отуруп калдык. Батирибиздин ижара акысын төлөй албай кыйналдык. Айла жок «Фейсбуктан» башка жумуштарды издей баштадым. Түрк жарнамаларынан «Карадеңизде чай кыркканга киши изделет» деп окуп калдым. Дароо чалсам «биз негизи эркек кишилерди издеп жатканбыз, эгер жолдошуң менен келе турган болсоң уруксат кагазын жөнөтөбүз» дегенинен кете бердик. 13 күндөн бери Ризе аймагынын айылдарынын биринде жолдошум менен күнүгө чай кесип, өткөрүп жатабыз. Барган сайын колубуз көнүп, кырккан чайыбыз көбөйө баштады. Башында абдан кыйналдык, анан көнүп баратабыз. Айла жок иштеп туралы дедик. Бирок аялдар үчүн бул абдан оор экен. Анткени тик туруп иштеген жумуш экен».

Чай плантациясы.
Чай плантациясы.

Түркияда расмий түрдө өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок дем алыш күндөрү коменданттык саат жарыяланып жатат. Ошондой эле 1-июнга чейин ички аймак аралык каттамдарга чектөө киргизилген. Анткен менен өлкөнүн Карадеңиз аймагындагы чай плантацияларына барып иштей турган жарандарга атайын жеңилдиктер каралган.

13 күндөн бери чай кыркып эмгектенип жүргөн кыргызстандык Алина плантациядагы шарттарга токтолду:

«Иш берген киши бизге атайын үй берди. Үйдө муздаткыч, телевизор, бардык шарттар бар экен. Биз жакшы иш берүүчүгө туш болдук го деп жатабыз. Анткени баары эле мындай шарттар менен иштетпейт экен. Күнүнө чогулткан чайыбызды таразага тартып жазып коёбуз. Машине келип жыйнап алып кетет экен. Айлык акыны болсо бир тонна кесилген чайга 700 лира (103$) деп сүйлөштүк. Азырынча акчабыз топтолуп турсун деп сурай элекпиз».

Түркияда илгертеден бери чайды таптап ичкен түрк калкынын дээрлик көпчүлүгү өлкөнүн Карадеңиз аймагында өндүрүлгөн жергиликтүү кургак чайды колдонот. Дал ушул Карадеңиз аймагына келин болуп барган Эркайымдын кайындары да чай өстүрүшөт. Ал чай өндүрүү тармагынын оош-кыйыштарына токтолду:

«Кайненемдин айылда өз плантациясы бар. Өзү жай айларында барып карайт. Жылына чайдан үч жолу түшүм алышат. Учтары улам өскөн сайын кесип туруш керек. Картөшкө же сабиздей чайды эгип, сугарып же отобойсуз. Бир жолу эгилет, ошону жыл сайын учтарын кыркып алып өткөзө бересиз. Аны фабрикада кургатып, анан кургак чай кылышат. Дыйкандар үчүн түйшүгү өтө аз, кирешеси көп. Бирок кайындарым чет өлкөлүк жумушчуларды жалдабайт. Туугандар өздөрү чогулуп, кезеги менен кыркып алышат. Мен бир жолу жайында чай кескени чыгып, жылан көргөндөн кийин коркуп чыкпай калгам».

Түркиянын Ризе, Трабзон, Артвин жана Гиресун аймактарында жылына 830 миң гектар чай плантацияларынан түшүм алынат. Бул төрт аймакта чай кесиш үчүн жыл сайын Грузия менен Азербайжандан миңдеген эмгек мигранттары келип иштешет. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Түркиянын чек арасы жабылгандыктан грузиялык жана азербайжандык мигранттар бул жылы келе албай калышкан.

Түрк чайы.
Түрк чайы.

Ризе шаарынын соода биржасынын жетекчиси Мехмет Эрдоган быйыл дыйкандар плантациялардагы чайды кесүүгө жергиликтүү тургундарды же өлкөдөгү чет элдиктерди иштетүүгө мажбур болуп жатышканын баса белгиледи:

«Жылына чай топтош үчүн Түркияга 30-40 миң грузиялык жана азербайжандык мигранттар келип иштеп кетчү. Коронавирустан улам алар бул жылы өлкөгө кире албай калышты. Келсе да жергиликтүү дыйкандар вирустан коркуп иштетүүдөн баш тартышат. Чайдын жалбырагын кесүү кыйын болгондуктан жыл сайын чет өлкөлүктөргө кестирип алышчу. Эми айла жок дыйкандар өздөрү кыркып же жергиликтүү калкты иштетиш керек болуп калды. 19-майдан баштап Карадеңиз аймагы Түркиянын башка аймактарынан чай кесүүгө келген жумушчуларды текшерип өткөрүп жатат. Арасында түркмөн, өзбек, кыргыз, ооган жумушчуларды да кезиктирдим. Бизге улут маанилүү эмес, сезонду өткөрүп жибербей чайыбызды жыйнап алсак болду».

Жергиликтүү калк чай плантацияларында жумушка кабыл алынса алар минималдык айлык акы, тамак-аш жана жатакана менен камсыз болушат. Ошондой эле аларга социалдык камсыздандыруу каралган. Ал эми чет өлкөлүктөр плантацияларда күнүмдүк жумушчу катары иштеп, топтогон чайына жараша эмгек акысын алат.

Түркия дүйнө жүзүнө кургак чай экспорттогон он өлкөнүн катарына кирет. Жылына Түркияда орто эсеп менен 260 миң тонна кургак чай сатылат. Ошондой эле ар бир түрк жараны жыл сайын 1300 чыны чай ичет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG