Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Четтен кайткандар жумушсуздарга кошулду


Шереметьево аэропортундагы кыргызстандык мигранттар. Москва.
Шереметьево аэропортундагы кыргызстандык мигранттар. Москва.

Пандемия башталгандан бери мекенине кайтып келген 30 миңдей кыргызстандык мигранттын басымдуу бөлүгү ишсиз калды.

«Кысталып атабыз»

Үч ай мурда Орусиядан кайтып келген Чынара Мамаева бир тууган эжеси менен жумушсуздардын катарын толуктады. Эже-сиңди Москва шаарында он жылдан ашуун убактан бери бала багуучу болуп, тейлөө тармагында иштеп келген. Чынара мекенине кайтып келгенден бери иш издеп жатканын айтты:

«Эжем экөөбүз жумуш издеп келдик, эч нерсе жок. Айланабыздагы ашкана, кафелердин баары жабык. Убагында үч баламды багыш үчүн миграцияга кеткем. Жездем кайтыш болуп, балдарын багыш үчүн эжем да Орусияга барган.

Бишкекке караганда Москвада жашоо бизге жеңил болчу. Бир эмес, бир нече жумушта иштеп, акча тапчубуз. Эртең менен башка иш, кечкисин башка, түштөнүү учурунда дагы бир чакырууга барып келе каласың. Ошентип, чуркап иштеш керек. Айлыгыңды үнөмдөп, бир батирде он чакты адам жашадык. Азыр эми топтогон акчабызга жок дегенде эжеме үй алсакпы дегенбиз. 20 миң долларга үй таппай отуруп калдык. Дагы бир аз иштеп келип, карызыбызды жаап, балдарды окутуп, үй алсак болот эле».

Новосибирскидеги аэропортто калган кыргыз мигранттары.
Новосибирскидеги аэропортто калган кыргыз мигранттары.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба, темир жол жана автоунаа каттамдары токтотулган.

22-марттан тартып Орусиядан чартердик учактар жана автобустар менен 20 миңге жакын кыргызстандык мекенине жеткирилген. Учурда Орусияга кетүүнү көздөп, бирок жол ачылбаганы үчүн чыга албай жаткан мигранттар да бар.

«Мигранттар ач калды...»

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Адилет Екатеринбургдан апрель айынын башында келген. Бир айдан бери айылында үй салып иштеп жаткан Адилеттин бригадасында жалаң мигрант жигиттер иштейт. Адилет Орусиядан кайтып келген мекендештеринин абалы оор экенин жашырган жок:

«Бул жакта иштөөнүн шарты, айлык акысы Орусиядагыдай эмес. Айырма бар. Бирок айла жок, кара жанды карч уруп иштеп, үй-бүлөнү багыш керек. Мисалы, сезон маалында бир ай үчүн 70 миң рублга чейин айлык алчубуз. Бул жакта анын теңине жетпей жатабыз.

Мен Орусияда иштеп жүрүп айылда үй салгам. Быйыл оңдоп-түзөп, ичин бүтүрөм деп жатканда ушундай болуп калбадыбы. Дагы эки жыл иштесем эле кайтат элем. Айылдагы дээрлик ар бир үйдө бирден мигрант бар.

Азыр пандемияда Кыргызстанга кайткандардын жашоосу күндөн-күнгө татаалдашып баратат. Тамак-ашына каражаты калбай калды. Иштейин десе иши жок, эмне кыларын билбей жүрүшөт. Бул жерде жашап, иштеп жүргөндөргө билинбейт. Ал эми кечээ келип эле ишсиз калгандар кыйналды. Кайда барып, кимден жардам сурашын билбей жатышат. Жол ачылбай турган болсо өкмөт иш орду менен камсыздап же шарт түзүлүшү керек. Антпесе балдары ач, жакындары ач калганда алар каракчылыкка же уруулукка барып, абал кескин оорлошу мүмкүн».

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда жүргөндөр. Ишсиз калып Кыргызстанга кайткандардын арасында Казакстандан келген мигранттар да көпчүлүктү түзөт.

Орусиянын аэропортундагы кыргыз мигранттары.
Орусиянын аэропортундагы кыргыз мигранттары.

22 жаштагы Азамат ата-энеси менен Алматы шаарындагы базарлардын биринде соода кылчу. Бир нече ай мурун Бишкекке келген бул үй-бүлө да кайра кете албай жатат.

«Алматыда деле айрым базарлар ишин баштай элек, - деди ал. - Абал оорлошуп кеткенде мен ата-энемди алып бул жакка келе бергем. Жакында эле биз иштеген базар ачылганын уктук. Кичине соода кылып күнүмдүк оокатка акча табалы деп, бирок кете албай жатам. Сураштырсам Орусия менен Казакстандан келген мигранттар жүк ташыгандар менен кирип жатыптыр. Бирок буга айдоочулар олчойгон акча сурайт экен. Аялдар антип да кире албайт».

Коңшулаш Казакстанда коронавирустун жайылышын токтотуш үчүн карантин чаралары 17-августка чейин узартылып, чек аралар жабылган.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанды да каптаганы өлкөдө ишкерлик катуу жабыр тартканы белгилүү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 300 кишини түзөт. Расмий эмес булактарда болсо ишсиздердин катары жарым миллионго жетери айтылып жүрөт. Быйыл миңдеген мигрант үйүнө кайтып, жумушсуздардын катары көбөйдү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жумушсуздук маселесин чечүүдө өкмөт комплекстүү чара көрөрүн билдирди:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

«Чакан жана орто ишкерликти колдоо, насыяларды бөлүү боюнча өкмөт атайын иштерди аткарып жатат. Биз, министрлик Дүйнөлүк банк менен иш алып барып жатабыз. Бул социалдык контракттарды жайылтуу. Социалдык контракт - бул балдарга берилчү жөлөкпулдун ордуна ал үй-бүлөгө үстөк пайызы жок 100 миң сомдук колдоо көрсөтүү. Ал акчаны жеке чарбасын түптөгөнгө же ишин баштоого жумшоого болот. Мигранттар бул жакта жашаган үй-бүлөсүн, жакындарын багып келген. Ошондуктан азыр эми муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси толукталды. Ушундан улам бизде эми жөлөкпул алууга арыз жазган жарандар көбөйөт деген божомолубуз бар».

2019-жылы Дүйнөлүк банктын баяндамасында Кыргызстан мигранттар эң көп акча которгон өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда мигранттардын салымы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 33,6% түзөрү көрсөтүлгөн. Өткөн жылдын 11 айында эле чет жакта иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2 млрд. 191,9 млн. доллар которгон.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров эмгек мигранттарынын экономикага болгон салымы кемий турганын божомолдоду:

Төлөнбек Абдыров.
Төлөнбек Абдыров.

«Мен буга чейин эле мигранттардын акчасына таяна бербеш керек экенин айтып келгем. Дүйнөлүк глобалдашуу процесстери жүрүп, абал бат эле өзгөрүп кетиши мүмкүн. Азыр мына эми пандемияда өнүккөн, өнүкпөгөн өлкөлөр да кризиске учурап, өз жарандарына колдоо көрсөтүп жатышат. Коңшу өлкөлөрдү алсак, Орусия, Өзбекстан, Казакстан чек ара жабылып, өндүрүлгөн товар сатылбай каларын жакшы түшүнгөн. Биз да пандемия башталгандан бери өкмөттүн атайын иштелип чыккан планы болушу керек экенин айтканбыз. Мигранттарды коомго аралаштырууга, жумуш менен камсыз кылууга аракет кылыш керек эле».

1-августтан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияга киришинин тартиби өзгөрдү. Бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, сыртта жүргөн орусиялык жарандар учакка отурарда атайын форманы толтурууга тийиш жана өлкөгө кирген күндөн тартып үч күн ичинде коронавируска текшерилиши зарыл.

Өлкөгө кирген кыргызстандык жарандар башка чет өлкөлүктөр сыяктуу эле 14 күн изоляцияга алынат.

Бир нече күн мурда Орусия бир катар өлкөлөр менен аба каттамдарын жанданта турганын жарыялаган. Бирок алардын ичинде азырынча Кыргызстан жок. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул маселе эки тараптуу каралып жатканын, бирок чечим кабыл алына элек экенин билдирүүдө. Орусияда расмий эсеп боюнча 700 миңге жакын, расмий эмес маалыматтарга караганда бир миллиондон ашык кыргызстандык бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG