Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Орусия башка мамлекеттерге чек арасын тең алака принциби менен ачат


Орусия пандемия шартында чет мамлекеттерге чек арасын тең алака принциби (принцип взаимности) менен ачат. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады. Ал учурда чек араларды ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, бирок азырынча эч кандай чечими кабыл алына электигин белгиледи.

Орусия коронавирус коркунучунан улам март айынын аягында бардык эл аралык каттамдарды токтоткон. Июль айынын башында каттамдарга тыюу салууну 1-августка чейин узарткан.

Буга чейин вице-премьер министр Татьяна Голикова башка өлкөлөр менен каттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүү башталганын билдирген. Июль айынын башында Түркиянын транспорт министрлиги 15-июлдан кийин Орусия менен каттамдар ачылышы мүмкүн экенин кабарлаган. Орус бийлиги бул кабарды тастыктаган эмес.

Акыркы маалыматка ылайык, Орусияда коронавирус илдети аныкталгандардын саны 800 миңге жетти, алардын ичинен 13 миңдей бейтап көз жумду.

Орусияда Кыргызстандан барган миңдеген мигранттар иштейт. Пандемия башталганы жүздөгөн кыргыз жарандары мекенине кайта албайт жатышат. Кыргыз бийлиги атайын каттамдар менен негизинен кош бойлуу, балдары бар аялдарды, ооруп жаткандарды алып келүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG