Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Кыргызстандын кыл көпүрөдөгү экономикасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөдө эпидемия күчөп, ар бир үй-бүлөнү оору менен кайгы каптап турганда экономика жөнүндө кеп салганым туурабы?

Ушундай катаал шартта Кыргызстандын эң төмөн көрсөткүчтөрү жөнүндө сөз кылып, бюджетти эсептеп, ишкердик жөнүндө ой жүгүртүү болобу?

Менимче, болот, анткени учурдагы кырдаал - саламаттык сактоонун талкаланышы, жакырчылык, миграция, коррупция – өлкөнү көп жыл бою натыйжасыз башкаруудан жана баарына өзүбүздүн эле макул болгонубуздан тапкан жыйынтыгыбыз.

«Кыргызстандын экономикасы экономист эместин көз карашы менен» аттуу бир нече макаламды Кыргызстандын Устаттарынын элесине арнайм. Алар: Шүкүров Эмил Жапарович – эколог, философ, жана Ибрагимова Гайша Жусупбековна – насаатчы, дүйнө куруучу, келечекти курган адам. Эмил Жапарович менен Гайша Жусупбековна экөө ар дайым Кыргызстандын келечегин ойлоп, өлкөдө турмуш оңолушу үчүн күчүнүн баарын жумшашкан адамдардан болгон.

Кыргызстан экономикалык оор кризисте экендиги эч кимде күмөн санатпайт.

Гүлнара Каликова.
Гүлнара Каликова.

Короновирустан (COVID-19) келип чыккан пандемияга чейин Кыргызстандын экономикасы жөнүндө «өлбөстүн күнүн көрүп жатат» деп айтышчу. Учурда, акыркы айлар ичинде эле, өлкөбүздүн экономикасы «ана өлөт, мына өлөт» деген абалга келди. Саламаттык сактоодогу жана экономикадагы кризисти ар бир кыргызстандык өз керт башы менен сезди – илдетке кабылышы жана дарыланышы, жумушсуздук, кирешенин жоктугу, келечектен кооптонуу… Кризис коронавирустан пайда болдубу? Ооба, сөз жок, бирок кризистин оордугу менен тереңдиги – мамлекеттин көп жылдык иш-аракеттеринин кесепети.

...

Кыргызстан – экономикадагы бир нече терс көрсөткүч боюнча «чемпион». Аларды билген эмне үчүн пайдалуу? Анткени, ошол терс көрсөткүчтөр боюнча ар бирибиздин жашоо-турмушубузга залакасын тийгизген экономиканын оорулары тууралуу жыйынтык чыгара алабыз. Ар бир көрсөткүчүнө токтолбой, кээ бирин эле карап чыгалы – ички дүң өнүм (ИДӨ), киши башына ички дүң өнүм, өлкөнүн насыя рейтинги, мамлекеттик карыз, инфляция, миграция жана жакырчылык.

ИДӨ (ички дүң өнүм)

ИДӨ – өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү менен наркынын көрсөткүчү. Булар экономиканын маңызын түзөт.

Маалымат үчүн – ИДӨ боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 0,01% ээлеп, 189 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат.

Экономика

Экономика - грек тилинен которгондо үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн үй чарбасын башкаруу чеберчилиги дегенди билдирет. Өлкөнүн экономикасы - "өлкөнүн үй чарбасын" башкаруу чеберчилиги. Башкача айтканда, өлкө жарандарынын товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү, керектөө, бөлүштүрүү жаатындагы мамилелеринин системасы. Өлкөнүн жана анын жарандарынын жыргалчылыгы экономикалык башкаруунун, анын ичинде киреше менен чыгашаны башкаруунун сапаты менен натыйжалуулугунан көз каранды.

ИДӨ канчалык чоң жана өсүш ылдамдыгы канчалык жогору болсо, экономиканын саламаттыгы ошончолук чың болуп, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү да ошончолук жакшы болот. «Минус» белгиси бар ИДӨ товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү менен наркынын төмөндөшү, мамлекеттик бюджеттин кемиши менен элдин да жашоо деңгээли төмөндөгөнүн чагылдырат.

2020-жылдын июнунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДӨнүн төмөндөшүнүн эң чоң пайызы, атап айтканда минус 3,8% Кыргызстанда байкалганын Евразия өнүктүрүү банкынын талдоочулары жарыялашкан. Салыштырсак, ЕАЭБ мүчөлөрүнүн арасында ИДӨнүн төмөндөшү - Казакстанда - 0,2%; Орусияда - 1,9%, Арменияда - 1,7%, Беларусияда - 3,3% болгон.ii Бирок Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсеби боюнча, 2020-жылы ИДӨнын төмөндөшү мындан да төмөн "минус 5.3%" жеткен.

ИДӨ эмнеден түзүлөт? Товар жана кызмат өндүрүүнүн эсебинен, анткени өндүрүш канчалык көп болсо, ИДӨ ошончолук көп болот. Өлкөнүн ИДӨсүнүн негизги салымчылары дал ошол товар жана кызмат өндүрүүчүлөр болот. Ошолордун аркасынан өлкө жашап, экономика өнүгөт.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсүнүн көлөмү 540 млрд. сом болгон. Эң чоң салымды, дээрлик 47%, тейлөө тармагы кошкон. Бул соодада, мейманканаларда, ресторандарда иштегендер, автоунаа оңдоо, маалымат жана байланыш жана башка акы төлөнүүчү кызматтарда эмгек кылгандар. Экинчилерден болуп ИДӨгө кошкон салымынын көлөмү боюнча, тактап айтканда 39% жакын, куруучулар, айыл чарба жана өнөр жай (анын ичинде кийим тигүү) товарларын, электр энергия жана кайра иштетилүүчү материалдарды жана башка товарларды чыгарган өндүрүүчүлөр киргизген. ИДӨнүн калган 14% - бул ошол эле өндүрүлгөн товарларга чегерилген салык (КНС, акциздик салыктар жана башка салыктар).

Бул маалыматтан улам, өлкөбүздүн экономикасынын кыймылдаткычы болуп товарларды өндүрүү жана тейлөө кызматы , көпчүлүк учурда жеке сектор – ишкерлер экени ачык–айкын билинип калды. Кыргызстандын экономикасын ушулар, ошондой эле мигранттардын жардамы (алар жөнүндө төмөндө айтылган) гана алдыга жылдырып турат.

Бир нече ай мурун айрым эксперттер «Кыргызстан кризисти оңой эле жеңе алат» деп айтышкан. «Экономикадагы кризис көп жылдарга созулуп, кыйынчылыктарга бышкан кыргыз эли бул кризиске да оңой эле көнүп калат» дешкен. Ырас, Кыргызстандын айлакер эли түрдүү катаал шартта да туруштук берип жашап кете алат. Анткени эл мамлекет жардам берет деген үмүтүн үзгөн.

Бирок бүткүл дүйнөнү каптаган кризис колунда жокторду өзгөчө кыйынчылыктарга салууда. Бардыгы Кыргызстанда кризистен жапа чекти, айрыкча ал экономиканын тирөөчү жана кыймылдаткычы болгон ишкерлер менен фермерлерге да залакасын өзгөчө тийгизди. Бул тармакта ондогон эмес, жүз миңдеген адам иштейт. 715 миңге жакыны 2020-жылдын январында расмий катталгандар, алардын ичинен: 23,6 миң кичи ишкана; 4,3 миң орто ишкана; 342 миң жеке ишкер; 344 дыйкан чарба жана фермер. Расмий каттоосу жокторду кошкондо жеке сектордо иштегендердин саны миллионго жетиши мүмкүн.

Жабыр тарткандардын көбү акы төлөнүүчү кызматтарда, соодада, туризм тармагында, ресторан бизнесинде жана айыл чарба тармагында иштегендер (айтмакчы, өлкөнүн калкынын үчтөн эки бөлүгү айыл жеринде жашайт). Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилгенден кийин, апрель айында экономикалык иш-аракеттер 80% ашык басаңдаган. Чакан жана орто бизнестин, курулуш менен бир катар өнөр жай ишканаларынын иши дээрлик толугу менен токтоп калган. Тейлөө кызматы эң алсыз абалда калган. Март-апрель айларында бул тармактагы жигердүүлүк дээрлик беш эсе төмөндөгөн.

2020-жылдын апрелинде (2019-жылдын апрелине салыштырмалуу) жүк ташуу 67,2% , жүргүнчүлөрдү ташуу 98% азайган. «Легпром» ассоциациясынын башчысы Асановдун айтымында, тигүү тармагында Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө чек аралардын жабылышына жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптын төмөндөшүнө байланыштуу, бүгүнкү күндө ишканалардын 20-30% гана иштеп, кийимге болгон талап 80% чейин төмөндөгөн.

Май айында эле экономиканы тез арада калыбына келтирүүгө үмүт болгон. Бирок июлдагы кескин начарлаган эпидемиологиялык кырдаалдын айынан көптөгөн ишкерлер кайрадан ишин токтотууга мажбур болушкан. Бул, өз кезегинде, экономиканын мындан ары төмөндөшүнө алып келет.

Киши башына ИДӨ

Киши башына эсептелген ИДӨ сыяктуу маанилүү көрсөткүч бар. Болжоп айтканда, ИДӨ өлкөнүн бардык жарандарына бөлүнөт. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанда ИДӨ киши башына 1 323 АКШ долларын түзгөн.

Акыркы 20 жыл ичинде ИДӨ менен эмне болуп келген? ЭВФтин маалыматы боюнча, акыркы 20 жылда Кыргызстанда ИДӨнүн өсүшү 4% түзгөн. Учурдагы кризис менен ИДӨнүн төмөндөшүнө салыштырмалуу начар эмес өңдөнөт. Бирок 4% өсүш деген эмнени билдирет? Бул КМШ өлкөлөрүнүн арасында өсүш арышы эң төмөнү экенин билдирет жана мындай өсүш арышында экономика керектүү жумушчу орундарын түзбөсө, бул эмгек миграциясынын жана жумушсуздуктун бирден бир себеби болуп саналат.

Кыргызстандын экономикасы кийинки жылдарда ушундай арыш менен (жылына 4%) өссө, анда 23 жылдан кийин бир адамдын ИДӨсү 2370 долларга жетет (башкача айтканда, орто кирешелүү өлкөлөрдүн деңгээлине). Айтмакчы, Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, Казакстанда киши башына ИДӨ 9 820 долларды, ал эми Грузияда 4720 долларды түзөт. Башкача айтканда, Кыргызстан мурункудай өнүгүп кетсе да, Казакстандын учурдагы жашоо деңгээлине жетиш үчүн 52 жыл, ал эми Грузиянын деңгээлине чейин 35 жыл талап кылынат. Өкүндүрөбү? Сөз жок ...

Маалымат үчүн, өкмөттүн божомолуна ылайык, ушул 2020-жылы киши башына ИДӨнүн көлөмү 1 145 долларга чейин төмөндөйт.

Жаманкулов Болот Сатаровичтин эмгектери

Кыргыз экономикасынын абалы жөнүндө илимий жактан терең негизделген маалымат алуу үчүн экономист Жаманкулов Болот Сатаровичтин эмгектерин окуп чыгууну сунуш кылам.

Өлкөнүн эгемендүү насыя рейтинги

Эгемендүү насыя рейтинги

Эгемендүү насыя рейтинги - кредит алган өлкөнүн/улуттук өкмөттүн ишеничтүүлүгүн, карызды төлөй албоо тобокелдигин жана экономиканын туруктуулугун көрсөтөт. Эгемендүү кредиттик рейтингди баалоо системасы: AAA (эң жогору), AA, A; BBB, BB, B; CCC, CC, C; DDD, DD, D (эң төмөн).

AAAдан BBBге чейин инвестициялык рейтинг деп эсептелет, ал эми андан кийинкилер инвестициялык эмес рейтинг болуп саналат.

Инвестициялык эмес рейтинг - насыяны жогорку пайыздык чен менен төлөөгө туура келет дегенди билдирет. Мындай өлкөгө инвестиция салуу кооптуу. Карыз алган өлкөгө болгон ишеним жана анын төлөө жөндөмдүүлүгү төмөн, карызды кайтара албайт деген коркунуч жогору.

2020-жылдын июнь айында «Rating-Agentur Expert RA» рейтинг агенттиги Кыргызстандын эгемендүү насыя рейтинги "В" инвестициялык эмес рейтинг деңгээлинде экенин тастыктаган. Бир нече жылдан бери бул рейтинг өзгөргөн жок, бирок быйыл чоң айырмасы бар. «В» рейтинги туруктуудан терске өзгөрдү. Бул негизинен экономиканын олуттуу төмөндөшүнө байланыштуу болот. Бул эмнени билдирет? Рейтинг агенттиги мындай рейтинг менен Кыргызстанга эл аралык насыяларды алуу жана жеке инвестицияларды тартуу кыйынга турарын түшүндүрөт. Ырас, донорлорго болгон үмүт сакталууда. Бирок дүйнө жүзү боюнча эл аралык жардам азайып баратканын эске алыш керек. Аларга өздөрүнүн кыйынчылыктары жетиштүү.

Мамлекеттик карыз

Мамлекеттик аппараттын иши жана мамлекеттик башкаруу функцияларын аткаруу мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт. Мамлекеттик бюджет киреше менен чыгашадан турат.

Акыркы алты жылда Кыргызстандын бюджети тартыштыкка учурады. Бул бир нече жылдан бери мамлекеттик башкаруунун чыгымдары салыктар аркылуу толтурулган кирешеден ашып түшкөнүн билдирет. Ушул 2020-жылы чыгашалар кирешелерден ашып, 27,7 млрд. сомго жеткен. Мындай жагдай эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болгон эмес (салыштыруу үчүн, 2018-жылы бюджеттин тартыштыгы 0,8 млрд. сомду, 2019-жылы – 7,9 млрд. сомду түзгөн).

Киреше жетишсиз болгондо көбүрөөк иштеш керек же дагы карыз алыш керек.

Мамлекетибиз ондогон жылдан бери донорлордон туруктуу жана үзгүлтүксүз каржылык жардам сурап жүргөнү баарыбызга маалым. Бул эмнеге алып келет? Карызга.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыздын өлчөмү ИДӨгө карата 54,087% түзгөн. Мамлекеттик карыз 2020-жылдын мартында 60,197% чейин өсүп, учурда 4,76 млрд. АКШ долларын түзөт. Бардык карыздардын дээрлик 84% - эл аралык уюмдар менен чет мамлекеттерден алган карыздар (200дөн ашык насыя), алардын жарымы Кытайга туура келет. Мамлекеттик карыздар боюнча төлөмдөр айрыкча 2024-жылдан кийин өсөт. Албетте, алар экономиканы төмөндөтүп, кийинки муундарга - айрыкча акыркы жылдарда экономика өспөй калса - оор жүк болот. Салыштырсак, Казакстандын мамлекеттик карызы ИДӨнүн 20%, Орусияныкы - 15%, Грузияныкы - 43%, Түркмөнстандыкы - 23%, Өзбекстандыкы - 12%, Тажикстандыкы - 41% түзөт.

2001-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын мыйзамдары мамлекеттик карыздын ИДӨнүн 60% ашуусуна тыюу салган. Бирок өкмөттүн сунушу боюнча 2017-жылы Бюджеттик кодекс кабыл алынып, чектөө жоюлган.

Инфляция

2020-жылдын июнь айына карата негизги товарлардын керектөө бааларынын индекси (инфляция көрсөткүчү) 5,8% чейин жогорулаган. Инфляция 2020-жылы 10,8% чейин көтөрүлүшүн өкмөт божомолдойт. Кирешелердин жалпы төмөндөө шартында, кыргызстандыктар аз акча тапмак тургай, сатып алгандары да азаят дегенди билдирет.

Миграция

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 2019-жылдын октябрь айына карата, Кыргызстан эмгек мигранттарынын төлөмдөрүнүн ИДӨгө карата катышы боюнча (Тонга жана Гаитиден кийин) дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Алардын өлкөгө акча которуусу 2019-жылы 2,4 млрд. долларга жеткен, бул ИДӨнүн 30% барабар.

Эмгек миграциясы Кыргызстандын ажырагыс өзгөчөлүгүнө айланды. Айрым маалыматтар боюнча, мигранттардын саны миллион кишиге жетет (Орусияда 640,000ден 800,000ге чейин адам иштейт). Аларды өлкөбүздүн экономикасына салым кошкон ири инвесторлор деп таамай аташат. Үй-бүлөлөрүнө жардам берүү менен бирге мигранттар "өзүңө-өзүң жардам бер" принцибин ишке ашырышат. Кыргызстандагы жүз миңдеген адамдар - негизинен улгайгандар менен наристелер. Алар чет өлкөлөрдө иштеп жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнүн которгон акчасынын эсебинен күн көрүп жатышат.

Көп жылдан бери эксперттер жана эл аралык уюмдар Кыргызстандын өкмөтүнө мигранттардын төлөмдөрүнө ишенүү тобокелдикке барабар экендигин эскертип келишет. Кирешелер, бир жагынан, үй чарбаларын жүргүзүп, өлкөнүн экономикасында кризисти жоёт. Ошол эле учурда калктын көпчүлүк бөлүгүндө мигранттардын кирешелеринен пайда болгон көз карандылык чоң коркунуч жаратат.

Кризис учурунда төлөмдөрдүн азайышы Кыргызстандагы жүз миңдеген адам үчүн коркунуч туудурат. Ага быйыл эле күбө болдук. Алсак, 2020-жылдын апрелинде гана эмгек мигранттарынан келип түшкөн акчанын көлөмү үч эсе азайышы калктын кескин жакырланышына алып келди (айрыкча мигранттардын негизги агымы келип түшкөн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында). Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда мигранттардан келген төлөмдөр үчтөн бир бөлүгүнө кыскарат.

Жакырчылык

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы Кыргызстан калкынын 25,6% же 1,6 млн. адам жакырданып, алардын 41 миңи анын чегинен төмөн жашаган. Жакырлардын көпчүлүгү (72%) - айыл тургундары. Айына кирешеси 2674 сомдон ашпаган жарандар кедей деп эсептелген. Кирешеси айына 1445 сомдон төмөн болгон жарандар өтө кедей деп эсепке алынган.

Азык-түлүктүн кымбатташына, кирешенин төмөндөшүнө, иш-аракеттердин токтошуна жана мигранттар которгон акчанын азайышына алып келген кризис сөзсүз түрдө жакырчылыкты күчөтөт. Айрым маалыматтар боюнча, жакырчылык 33% чейин көбөйүшү мүмкүн.

Жана башкалар...

Кыргыз экономикасынын өнөкөт ооруларынын тизмеси чексиз. Аларды көптөгөн глобалдык индекстерден, салыштырма статистикадан, күндөлүк фактылардан көрүүгө болот.

Экономиканын дарттары баарыбызга белгилүү болуп турат. Ал эми коронавирус жагдайында экономикалык кыйынчылыктар көзгө даана уруна баштады. Алсак, саламаттык сактоо системасынын талкаланышы, билим берүүнүн төмөндүгү, жакырчылык, коомдун бардык катмары коррупцияга белчеден малынышы.

Акыркы жылдары Кыргызстандын кемчиликтерин өлкөнүн жана рыногунун чоң эместиги менен ("болгону 6 миллион адам"), табигый ресурстардын жоктугу менен ("Казакстанда бар, бизде болсо жок"), деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам транспорттук каттамдардын начардыгы менен түшүндүрүү адатка айланып калды. Мындай түшүндүрмөлөрдү мамлекеттик кызматчылар майнапсыз иш аракеттерин акташ үчүн пайдаланганы таң калтырат. Кыргызстандын башкаруучулары колду сунган бойдон дүйнө кыдырып жүрөт. Балким, мындай көрүнүш экономиканы өнүктүрүү жөнүндө ойлонууга караганда кыйла жеңил го?

Кыргызстан эмне кылышы керек? Баары ушунчалык күүгүмбү? Кыргызстанда өлкөнүн экономикасынын өсүшүн камсыз кылган ички ресурстары жок. Ошондуктан насыя менен гранттарсыз иш болбойт деген пикирлер түптөлүп калган. Бирок биринчиден, өзүбүздүн колдо болгон нерселерди, атап айтканда, мамлекеттик каражаттардын туура тескелишине жетишибиз керек. Иш орундарын жана кирешенин өсүшүн стимулдаштырыш үчүн биз эмне кылдык жана эмне кылып жатабыз? Алар кийинки макалаларда берилет.

Гүлнара Каликова

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Макаланын түп нускасы бул жерде.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG