Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:17

«Тыштан карыз алуудан башка аргабыз жок»


Бактыгүл Жээнбаева.

Эгемендик жылдарында Кыргызстандын бюджети туш келген эң оор жагдай тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева айтып берди.

- Четтен келген жардамдын кандай сарпталып жатканына токтолбой эле коёюн. Сиз бир нече ирет ал акчанын кантип сарпталганы тууралуу тыйынына чейин санап берүүгө даяр экениңизди билдирдиңиз. Бир топ маалыматтар Финансы министрлигинин сайтында жазылып турат. Жалпы эле бюджеттин абалы кандай, казынада канча акча бар? Ушулар тууралуу кеп кылсакпы деп турам. 2020-жыл Кыргызстандын эгемендигинин тушундагы эң оор учур экени, бюджеттин жетишпестиги жетер жерине жетип, мамлекеттин карызы кескин көбөйүшүнө алып келгенин эч ким талашпас. Өлкөнүн башкы каржычысы катары бул багыттагы жагдайды кыскача кандай баалайт элеңиз?

- Туура, жагдай чынында эле оор, абалыбыз кыйын. Быйылкы жылдын бюджети кысталыш жагдайга туш келип турат. Былтыр бюджет тартыштыгы 800 миллион сом болчу, бул ИДӨнүн 0,1% түзөт. Быйылкы кысталыш чактагы бюджетибиздин таңкыстыгы 28 миллиард сомго чыкты, ИДӨгө карата алганда 5% жакын.

Чыгымдарды жабыш үчүн сырттан карыз алгандан башка аргабыз да, амалыбыз да жок. Калк алдындагы төлөмдөрдү толук жүргүзүш үчүн карыз алганга мажбурбуз. Жагдайды мындай сыпаттасак да жарашат: ооруп калдыңыз дейли, шыпты карап коюп үйдө жатасыз. Андайда эмне кылыш керек? Кошунадан карыз сурап, ал акчага дары сатып алып эртерээк айыгып, ишке чыгып, кошунанын карызынан кутулуп, калганын өзүңө жумшоо туура го? Болбосо сыртка чыкпай, дары да албай, качан айыгарың белгисиз, оорунун аягы эмне менен бүтөрүн билбей жата бериш керекпи?

Жугуштуу оору жайыла баштаганда бул дабасы табыла элек дарт экенин билгенибизден тартып эмне кылууну ойлоно баштадык. Чек аралар жабылып, казынага каражат түшпөй калгандан кийин буга чейинки тапканыбызды иштетип жата беришибиз керек эле же күтүп отурбай ыкчам аракетке өтүшүбүз зарыл болду. Февралдан тартып сүйлөшүү жүргүзө баштадык, бюджетти болушунча сактап калыш үчүн сырттан жардам алуунун жолун издегенге өттүк.

- Кризистен чыгыш үчүн жалгыз үмүт чет элдик жардамга байланып калганы түшүнүктүү. Кыргызстанга дагы канча жардам керек? Каражаттын эсеби канчаны чапчыйт?

- Эң начар деген жагдайды эске алып жыл аягына чейин эмне болушу мүмкүн экенин болжолдогонбуз. Буга чейин четтен 291 миллион доллар жардам алганыбызды жарыя кылганбыз. Евразия турукташтыруу жана өнүгүү фондунан (ЕТӨФ) 100 миллион доллар алганы турабыз, анан да Европа Биримдигинен 25 миллион доллар грант алабыз. Азия өнүгүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү баштаганы турабыз. Азия өнүгүү банкынан 50 миллион доллар алдык. Калган 50 миллион долларды кандай аларыбыз августта өтчү сүйлөшүүлөрдө аныкталат. Сүйлөшүүлөр баштала электе канча акча аларыбызды ачыкка чыгара албайм. Белгилей кетчү жагдай - ал акча буга чейинки алганыбыздан азыраак, биринчи транш менен келген суммадан көбүрөөк болушу мүмкүн.

- Жыйынтыгында жалпысынан 500 млн. доллар акча болот го...

- Ооба, ошондой деп болжолдоп отурабыз. Бул акча биздин бюджеттик милдеттерибиздин толук аткарылышына мүмкүндүк берет.

- Финансы министрлигиндеги акчанын бөлүштүрүлүшүнүн айланасында талаш-тартыштар көп. Бирөөлөр экономииканы кризистен сактай турган ишкерликке аянбай жардам берүүнү туура көрсө, башкалары саламаттык сактоого жумшалчу каражатты эселеп көбөйтүүнү сунуш кылууда. Ден соолуктан өткөн маанилүү нерсе жок го, же андай эмеспи? Финансы министрлиги тиричилик камына көңүл бурууда. Сырттан келген жардамдын баары бюджетте отургандардын айлыгы менен төлөмдөргө кетти. Колдо болгон каражаттардын ушундай сарпталышы сиздин оюңузча, туурабы? Стратегиялык көз караштан алганда кандай?

- Иш жүзүндө андай эмес. Жардам катары келген акчанын баары айлыкка кеткен жок. Сиз айтып аткан тараптардын экөө тең туура. Ооба, кризис маалында экономикага колдоо көрсөтүү зарыл. «Саламаттык сактоого каражат аябаш керек» дегендердики да туура. Ошол эле кезде айлык акыны, пенсияны жана төлөмдөрдү үзгүлтүккө учуратпоонун өзү деле экономиканы колдоо. Айлык эмнеге жумшалат? Керектөөгө да. Керектөөнүн өсүшү - экономиканы колдоо. Келген жардамдын бир бөлүгү айлыкка, пенсияга, төлөмдөргө кетерин мурда эле пландаганбыз.

Донорлор менен сүйлөшүүлөр белгилүү багыттар боюнча жүрөт. Азыр айтып жаткан бюджетти колдоого каражат табуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Медицина тармагына жумшалчу акча боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөр жүрдү. COVID-19 дартына каршы күрөшкө болжол менен 56 млн. доллар тарттык. Үчүнчү багыт - экономиканы колдоо боюнча долбоорлор. Негизинен бул бизнести колдоого багытталган жеңил шарттагы насыялар. Өткөн аптада коммерциялык банктарга берилген 500 миллион сомду биринчи жолу аукционго койдук. Бүгүн аукциондун экинчисин өткөрүп жатабыз, бул ирет 800 миллион сом койдук. Суроо-талапка жараша мындан ары ушундай аукциондорду өткөрөбүз же коммерциялык банктар аркылуу түз насыя берүүнү жайылтабыз. Ошондой эле тигил же бул донордун шартына ылайык насыя берүүнү улантабыз. Мындай иштер жыл аягына чейин уланат. Азырынча бул багытта активдүүлүк анча билине элек, август-сентябрь айларында кыйла жанданат болуш керек деп турабыз.

- Жугуштуу дарт башталгандан тартып эле өкмөт каражатты сырттан издөөгө өттү. Президент бул ишти «күчөтүүнү» тапшырды. Финансы министрлигинин расмий сайтында жазылганды окуп берейин: «Донорлордун жардамын алууга белгилүү убакыт талап кылынгандыктан, COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө кетчү негизги чыгымдар 2020-жылдын февралынан тартып республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү». Мына ушул маалыматтан улам кыргыз өкмөтүнүн сырттан келчү жардамга ишенип, башкаларга залакасын артып отуруп алуу маанайы байкалбайбы? Ушундан улам кыргызстандыктар «ойдо жок оор жагдай түзүлүп калса мамлекеттин өз алдынча аракет кыларына ишенбей деле койсоңор болот» деген ишаратты көрүшкөн жокпу?

- Ал маалымат донорлордон жардам келгенче өз каражаттарыбызды пайдаландык деген эле сөз. Өкмөт оорчулуктун баарын өзү көтөрүп, чыгымдарды жаап келди. Сүйлөшүүлөр, андан соң документтерди даярдоо, ратификациядан өткөрүү жумуштары - кыйла убакытты алчу жумуштар. Адатта ага эки-үч ай убакыт кетет.

Анан да бизде эч кандай резервдер жок деген кептер болуп калат. Андай эмес. Быйылкы жылга мамлекеттик бюджеттик резервге 1 млрд. 27 млн. сом коюлган болчу, бул - кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар болуп калса пайдаланылчу каражаттар. Башында мындай оору болуп каларын болжогон эмеспиз. Кайсы бир жерде сел жүрүп кетеби, жер көчкү болобу же башка бир кысталыш кырдаал чыгып калса бул акчаны пайдаланабыз деп ойлогонбуз. Азыр болсо минтип мамлекеттик бюджеттин резервин толугу менен COVID-19 дартына каршы күрөшүүгө жумшап жатабыз.

- Мына ушул сиз айткан маселеге байланышкан суроомду берип алайын. Кыргызстандын өз алдынча турукташтырчу фонду буга чейин болбоду. Кысталыш чакта алып чыгып пайдаланчу атайын акчасы деле жок болчу. Ал түгүл өнүгүү, өрдү карай жакшы келатабыз деген «ийгиликтүү» кийинки он жылдыкта бюджет бир да жолу ашыгы менен толтурулган эмес, болжогондон көп акча түшкөн эмес. Мына эми оорчулукка белчеден батып турганыбызда эмнеге ишенишибиз керек?

- Каржы адиси катары «бюджет ашыгы менен толтурулду, профицит менен чыкты» дегендерге мен анча ишене бербейм. Бюджет тартыштыгынан трагедия жасаштын деле кереги жок. Маселе анын кандай өлчөмүнө байланыштуу. 2-3% чейинки тартыштык (ИДӨгө карата - ред.) - нормалдуу эле көрүнүш. Тартыштык асмандап кеткени жаман. Жетишпестик киреше менен чыгашанын ортосундагы айырмадан жараларын баары эле билет. Тек, элдин көбү тартыштык десе эле «акча жок тура» деп түшүнүп алышат. Акча бар, тек ал ички жана тышкы карыздардын эсебинен жабылат. Жетишпеген акчаны каржы базарынан же чет жерден жардам катары алабыз. Бул өзү кадыресе эле көрүнүш, андан кандайдыр бир жамандык издөөнүн кажети жок. Карыз аябай эле көбөйүп кетсе да жаман. Олчойтуп чоң карыздарды ала бериш жакшы эмес экенин мен деле түшүнөм.

- Бюджеттин тартыштыгы катары быйылкы жылга бекитилген 28 млрд. сом көппү же азбы?

- Бул эми чынында көп эле акча. Жана айттым го, бизде башка жол жок болуп калды деп. Ошончолук жетишпестиги бар экенин моюнга алууга аргасыз элек. Өкмөт Жогорку Кеңешке быйылкы жылдын кысталыш бюджетин сунуш кылды. Жогорку Кеңеш көпкө карап, соңунда макул болду, ошентип быйылкы жыл бюджети айласыз жетишсиздиги менен бекитилди.

- Сизге деген соңку суроом: калкка кризистин тийе турган каарын аз да болсо азайтыш үчүн өлкөнүн алтын акча резервин пайдалансак болбойбу? Айталык, АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн жолоюна түшүп кыргыз өкмөтү элге акча таратып бере алабы?

- Билесиз да, алтын акча резерви - айласыз бир абалда калганыбызда гана иштетилчү каражат. Ал акчаны пайдалана турган айласы куруган абалга, ылайым жетпей эле калалы. Ал акча кол тийгис, бизде болгон байлык, мүлктүн баары ишке салынып, айла кетип калганда иштетчү каражат. Азыр биздин чыгымдарыбыздын баары кайсы жакка, кандай жумшалып жатканы көзөмөлдө, ошондуктан өлкөнүн алтын акча резервине кол салбайбыз.

Акчаны жөн эле таратып берүүгө келсек, бул жерде бир топ талаштар бар. Биринчиден, ал өлкөлөрдүн бюджети андайга мүмкүнчүлүк берет. Биздин бюджет андайга жарабайт. Экинчи жагынан жөн эле акчаны таратып бериш... Андан кийин эмне болот? Биздин көз караштан алганда, акча болуп калса аны коммерциялык банктарга бергенибиз кыйла натыйжалуу болот. Коммерциялык банктар жеңилдетилген шарт менен көп жылга эң төмөнкү үстөк пайызы менен ишкерлерге акча беришет. Мунун натыйжасы жогору болот: жаңы жумуш орундары түзүлөт, экономика иштей баштайт, керектөө жогорулайт. Жөн эле акчаны таратып бергенче ушинтип ишкерликти колдоо кыйла натыйжалуу болор деп ойлойм. Анын үстүнө элдин баарына таратып бере турган акчабыз да жок. Акчаны берсе баарына бериш керек же бирөөнө да бербеш керек.

Бизде өз алдынча фонд жок деген маселеге кайрыла кетейин. Туура, андай фонд жок. Казакстанда, Орусияда өз алдынча фонддор бар. Алардын каражаты ошого жетиштүү. Мунайдан түшкөн киреше ошондой турукташтыруучу фонддорду түзүүгө жол ачкан. Тилекке каршы, андай фонддорду түзүүгө биздин чама-чаркыбыз жетишпейт. Азырынча бюджетибиздин алкагында мамлекеттик резервдик бюджетти түздүк. Келечекте андай фонддорду түзүү жагын ойлошубуз керек. Быйыл окуядан кийин өкмөт бул багытта айрым бир иштерди жүргүзөт болуш керек деп ойлойм.

Маектин түп нускасы бул жерде

Которгон Бекташ Шамшиев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (37)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG