Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Өкмөт башчыны алмаштырууга себеп болгон жагдайлар


Мухаммедкалый Абылгазиев жана Сооронбай Жээнбеков. 6-август, 2018-жыл.

Радио жыштыктарды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык ишке байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыккан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан кетип, башкаруучу коалиция анын ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев иликтөө иши аягына чыга электигине байланыштуу өкмөттүн ишин арасат абалда кармабоо үчүн кызматтан кетерин айтып, бирок эмгек өргүүсү учурунда тергөө органдары ага кайрылбаганын билдирген.

Көпчүлүк коалициянын тандоосу

Парламенттеги башкаруучу коалиция 16-июнда андан бир күн мурун кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин жалпы палатасына көрсөтүү үчүн карап, жактырды.

Парламенттеги башкаруучу коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов бул чечимди мындайча чечмеледи:

«Өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөр минималдуу болушу кажет. Азыр кызматка келе турган премьер-министр жаңы парламент куралып келгенге чейин гана иштей турган убактылуу өкмөт башчысы болору баарыбызга белгилүү. Алдыда парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча жоопкерчиликтүү милдет турат. Ошондуктан азыр премьерликке келчү шайлоого аттана турган саясий күчтөрдөн көз каранды болбогон жана бардыгына бирдей, калыс фигура болушу шарт. Мына ушундай логикага таянып, Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүү чечимин кабыл алдык».

КСДП, «Кыргызстан», «Бир бол» жана «Республика-Ата Журт» фракциялары кирген коалициялык көпчүлүктүн жыйынында өкмөт башчылыкка Кубатбек Бороновдун, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапса, өкмөттүн аппарат башчысы кызматына Таалайбек Темиралиев сунушталды.

Мындан тышкары Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул комитетти жетектеп келген Дастан Догоев Гарвард университетиндеги окуусуна байланыштуу кызматтан кетери буга чейин эле белгилүү болгон. Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Кыргызстанда кезектеги өкмөт парламенттик шайлоого төрт ай калган убакытта алмашып отурат. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында жаңы өкмөт "өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн эмес, шайлоого иштейт" деген оюн билдирди:

“Бул өкмөттөн жакшылык, өзгөрүү, адилеттүүлүк күтүүгө болбойт. Анткени, бул өкмөт шайлоого иштөө үчүн келе жатат. Батырбеков “Кыргызстан” партиясы үчүн иштейт. Боронов “Биримдик” партиясына иштейт. Булар ушундай миссия менен келе жатат”.

Жанар Акаев азыркы кырдаалда элдин турмушун жакшыртып, өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн мобилдүү, кубаттуу өкмөт түзүү зарыл болчу деген пикирин кошумчалады.

Саясат талдоочу Марс Сариев Кубатбек Боронов бийликке карата ишенимдүү экенинен улам тандалды деп эсептейт:

«Абылгазиевди кызмат ордунда күзгө чейин калтырып койгондо, кырдаал аябай эле курчуп кетмек. Экономикалык абал оор. Сырттан мигранттар келип жатышат. Жумушсуздук күч алды. Ошондуктан аны эртереек бошотуп, анын ордуна башка бир ишенимдүү адамды техникалык өкмөттүн башчысы катары алып келип, күчтөрдү топтогонго аракет жүрүп жатат. Боронов ошондой уюштуруу иштеринин бардыгын чечип, убактылуу болсо да ишенимдүү иштеп берет деген критерий менен тандалса керек. Анткени күздөгү парламенттик шайлоону өткөрүүгө ишенимдүү уюштуруучу зарыл болот».​

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов техникалык өкмөт мүчөлөрү шайлоого барбай турганын жарыялады:

“Өкмөт мүчөлөрүнүн баарынан атайын жыйында шайлоого барар-барбасын сураганбыз. Эч кимиси унчуккан эмес. Азыркы курамдагы министрлердин эч кимиси шайлоого барбайт, аягына чейин иштейт”.

Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Кубатбек Боронов буга чейин бекитилген программа менен иштерин айтып, пандемиядан улам киргизилген айрым оңдоолорду кошпогондо, өкмөттүн планында өзгөрүүлөр деле болбостугун билдирди. Ал кризистен жабыркаган ишкердикти каржылык колдоого алууга жана тышкы карыздын төлөө мөөнөттөрүн артка жылдырууга басым жасай турганын айтты:

«Ишкердикти колдоо боюнча программаны жалпы каржылоо 2020-жылы 14 млрд. сомдун тегерегинде болот. Туризм, жеңил өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, фармацевтика жана агроөнөр жай сыяктуу тармактарга дем берүү үчүн кредиттик линияны ачканы турабыз. Бул насыялардын үстөк пайызы 4 пайыздан 14 пайызга чейин болот. Ал эми тышкы карызды кыскартуу же жарым-жартылай кечүү иштери улантылат. Тышкы карызды тейлөө мөөнөттөрүн жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын натыйжасында 53,8 млн. доллар үнөмдөлүп, бул каражатты башка бир артыкчылыктуу багыттарга жумшайбыз».

Арсар абалдан чыгуунун аргасы

Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, президент арызды эртеси дароо кабыл алды. Абылгазиев бул чечимин радио жыштыктар боюнча тергелип жаткан иштердин аягына чыга электиги менен байланыштырган. Ал тергөөгө басым көрсөтүү кинесинен алыс болуу үчүн 27-майда кыска эмгек өргүүсүнө чыккан болчу. Ошондо эле анын кайтып келер-келбеси арсар экени тууралуу кептер тараган.

Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызында тергөө иши создугуп, белгисиздик абалы өкмөттүн ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып, мындай учурда ал өкмөт башчысынын ыйгарым укугунан баш тартуу чечимине келгенин жарыялады. Ошол эле кезде ал арызында «эки жумалык эмгек өргүүсү учурунда тергөө органдары кандайдыр бир маселелер менен кайрылышпаганын» билдирген.


16-июнда Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар жана өкмөттүк аппараттын эмгек жамааты менен жолугушту. Анда ал биргелешкен иштин ар бир күнү жарандардын турмушун жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталганын белгиледи. Ошондой эле Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрага Дастанбек Жумабековго өкмөт менен конструктивдүү иш алып барганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жаратмандык натыйжаларга жетүүдө колдоо көрсөткөн президентибиз Сооронбай Жээнбековго өкмөттүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Биз ал кишинин колдоосун биринчи күндөн тартып сезип турдук. Президентибиздин ишине, баштаган реформаларынын баарына чоң ийгиликтерди каалайбыз», - деди ал.

Саясат талдоочу Ишенбай Кадырбеков кызматтан кетүү Абылгазиевдин жеке чечими эместигин айтып, аны шайлоо алдында алдын ала макулдашылган кадам катары баалады:

«Ал президент өзү бул чечимди кабыл алгандан кийин арыз жазса керек. Бул шайлоо алдында болуп жаткан кадрдык жүрүштөрдүн бири. Премьер-министр Абылгазиев азыр кызматынан кетип, парламенттик шайлоого баруу ниети болушу мүмкүн. Бул саясаттагы эң чоң жана эсептүү негизде чечилген маселе. Бул жерде «мен кеттим, капа болбо» деп айтып, басып кете турган же болбосо «макул, кете бер» деп эле отуруп алып чечип коюшкан жок. Муну бир киши чечпейт. Бул жерде абдан чоң саясат бар».

«​Чоң папкенин» ичиндеги чатак иштер

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков коалициялык өкмөттүн жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетишинин себебин анын ысымы ири коррупциялык иштерге байланыштырылып жатканы менен түшүндүрдү. Депутаттын айтымында, коомчулукка ачыкка чыккан материалдардын негизинде Ак үйдөн аны кызматтан кетүүгө өз эрки менен арыз жаздыруу сунушу болушу мүмкүн:

«Премьер-министрге коррупциялык иштер тууралуу бериле турган суроолор абдан көп. Менин угушума караганда, бул иштер боюнча президенттин үстөлүндө абдан чоң папке турат. Ал жерде өкмөт башчысынын кыйыр түрдө тиешеси бар. Ошол папкенин ичинде радио жыштыктар боюнча материалдар, ири тендерлер боюнча материалдар, «Кыргыз темир жолундагы», «Бишкек-Ош дирекциясындагы» башка бир коррупциялык иштер - ошолордун бардыгы аны кызматтан кетүүгө «өз ыктыяры» менен арыз жазууга негиз болуп берди го».

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы премьер-министрликке тандалып, ал бул кызматта эки жыл эки айга чукул отурду.

Парламент эми жалпы жыйында премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин колдосо, ал Кыргызстандын 31-өкмөт башчысы болуп калат.

Радио жыштык чыры

Буга чейин депутат Жанарбек Акаев 200 МгЦ радио жыштыгы жең ичинен сатылып кеткенин айтып чыгып, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон кызмат адамдарынын катышы болушу мүмкүн экенин айтып, анын тергөөгө барып сурак беришин талап кылган.

Жанарбек Акаев 20-майда парламентте бул боюнча атайын билдирүү жасаган болчу. Анын маалыматына караганда, «Билайн» уюк байланыш оператору «AlaTV» компаниясын 200 МГц диапазонундагы жыштыгы менен кошуп 1 млн. 800 миң долларга сатып алган. «Билайн» «AlaTVнын» телеберүүгө багытталган жыштыгын ушул жылдын март айында уюк байланыш операторуна 4G Интернетке колдонуш үчүн кайра каттоодон өткөргөн. Акаев 200 МГц жыштык «Билайнга» 700 сомго ит бекер сатылып кеткенин жарыялаган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуу коррупциялык иштер боюнча Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) биргелешип тергөө ишин жүргүзүүдө.

Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-майда камакка алынган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. Кийинчерээк УКМКнын жетекчисинин орун басары баштаган бир нече кызматкери бул кылмышка шектүү катары камалган. 15-июнда “Ала-ТВ” ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров радио жыштык чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG