Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Кубатбек Боронов өкмөт башчылыкка сунушталды


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Коалициянын мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамын дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды. Таалайбек Темиралиев буга чейин "Дастан" ишканасынын директору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү. Бул орун Дастан Догоев окуусуна байланыштуу кызматтан кеткенден кийин бошогон.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Кубатбек Боронов өзүнүн талапкерлиги сунушталып жатканына ыраазычылык билдирип, программасы менен тааныштырды. Ал мурдагы өкмөттүн пландарын улантарын кошумчалады.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Арызды президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алды.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк - башкаруучу коалицияга КСДП, «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «Бир бол» фракциялары кирет.

Бороновдун баскан жолу

Генерал-майор Кубатбек Боронов Ош облусунун Өзгөн районунда 1964-жылы 15-декабрда туулган.

1986-1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун айыл чарба курулушу адистиги боюнча билим алган. 1991-жылдан 2000-жылга чейин негизинен курулуш тармагында иштеген.

Чукул кырдаалдар министрлигине 2003-жылы келген жана 2011-жылга чейин бөлүм башчылык кызматтан министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.

Боронов чукул кырдаалдар министри болуп 2011-жылы Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын квотасы менен дайындалган. Гезиттердин бирине берген маегинде анын бул кызматка келишине ошол кезде “Республика” фракциясынан депутат болуп отурган, азыр “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин салымы чоң экенин ыраазы болуу менен эскерген жайы бар.

2017-жылы “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Бороновду Орусияда 20 жылга жакын министр болгон Сергей Шойгу менен да салыштырып жиберген жайы бар.

Кубатбек Боронов иш жолунда мактоо менен катар сын да угуп келет.

2015-жылы ал тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ушул тушта абакта отурган Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл” деп аталган чуулгандуу китебинде сөз болгон.

Китепте 2011-жылы күзүндө, президенттик шайлоо маалында "үч тонна алтын Түркияга чыгарылып кеткени" жазылган. Жапаров алтын зилзаладан жабыр тарткан Түркияга гуманитардык жардамдын арасына катылып алынып барылган жана бул тууралуу атайын кызматтын өкүлдөрү тымызын маалымат берген деп айткан.

Алтын тууралуу ошол кезде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп турган Кубатбек Бороновго айтылганы белгиленген. Бирок Боронов жүктү Түркияга коштоп барбаганын, бирок анда алтын болбогону тууралуу жооп кайтарган.

"Түркияга мен барган эмесмин. Министр ал убакта Болотбек Борбиев болчу. Жүктү Борбиев коштоп барган. Алтын алынып бараткан болушу мүмкүн, ушундай маалымат бар деп бизге айткан. Биз жүктүн баарын текшергенбиз, андай алтын табылган эмес. Садыр Жапаровдун алтын тууралуу мага маалымат берип, "этият болгула" деп эскерткени чын. Өкмөттүн биринчи токтому боюнча Түркияга мен барышым керек эле, бирок кийин Борбиев жөнөп кеткен. Бирок жүктү биз тыкыр текшерип туруп, учакка жүктөп бергенбиз", - деген анда Боронов.

Садыр Жапаровдун китебиндеги алтынга байланыштуу айтылгандарды Башкы прокуратура да текшерген жана мындай факт аныкталган жок деген корутунду чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG