Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Пандемияда Кыргызстандын карызы көбөйдү


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу чет жактан сураган жарым миллиард доллардан ашык жардамдын теңин колуна алды. Ал каражаттын көпчүлүк бөлүгү бюджеттин дефицитин жабууга жумшалууда.

Быйыл пандемияга байланыштуу бюджет ансыз да төмөндөтүлгөн, бирок бюджеттин өзү толук чогулушу күмөн бойдон калууда.

«Элдик экономика» түрмөгүндө бул жолу ушул теманы талдайбыз.

Донорлор кылган «ырайым»

COVID-19 вирусу Ала-Тоону да каптаганы кыргыз бийлиги мүмкүн болгон тараптардын баарынан жардам сурап келди. Тапканы айлык-маянага араң жеткен өлкөдө пандемия менен күрөшүүгө да, анын кесепетин алдын алууга да чамасы жок эле. Карантинде камалган бизнестен салык да кыскарып, бюджет толбой, какаганга муштаган болду.

Бул жагдайда Кыргызстанга бир нече эл аралык уюм кол сунду. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева расмий брифингде келген каражаттардын жалпы эсебин жарыялады.

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

«Бүгүнкү күнгө чейин Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ) жана Азия өнүктүрүү банкынан 291,9 млн. доллар келип түштү. Мурда да маалымдаганыбыздай, мунун 241 млн. доллары ЭВФге тиешелүү, 50 миллион доллары Азия өнүктүрүү банкынан келди»,- деди министр 23-июндагы республикалык штабдагы брифингде.

Жардамдар бөлүк-бөлүк менен менен келгени белгилүү. Маселен, ЭВФ биринчи транш - 120,8 миллион АКШ долларды 31-мартта жөнөткөн. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражат бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына, жөлөкпулдарга сарпталды.

120,8 миллион доллар валюта курсунда 84 сом 87 тыйын менен конвертацияланып, 10 миллиард 256 миллион сом болгон жана төмөнкүчө коротулган:

  • 4 миллиард 115 миллион сом - маяна;
  • 499 миллион сом - социалдык керектөө взносу;
  • 2 миллиард 131 миллион сом - Соцфондго трансферт;
  • 1 миллиард 310 миллион сом - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферт;
  • 160 миллион сом - теңдештирүүчү трансферт (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маяна);
  • 1 миллиард 594 миллион сом - социалдык жардам жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул;
  • 106 миллион сом - медициналык товар жана кызматтар үчүн;
  • 240 миллион сом - стратегиялык запас үчүн (үрөн);
  • 100 миллион сом - азык-түлүккө.

Эл аралык валюта фонду 9-майда бөлгөн экинчи транш - 121,1 миллион долларды азырынча казынада кармап турат. Азия өнүктүрүү банкы бөлүп берген 50 млн. доллар да бюджетти колдоо үчүн жумшалат жана ал азырынча сарптала элек.

Бул жогоруда министр Бактыгүл Жээнбаева келтирген накталай 291,9 млн. доллардын дайын-дареги.

Өкмөт мындан сырткары Дүйнөлүк банктын «Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарына туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун 9 млн. долларын уюмдан суранып COVID-19га каршы күрөшкө жумшоону чечти. Бул сумманын 8 млн. 165 миң 056 долларына жабдууларды жана дары-дармектерди сатып алды.

Ошентип, кыргыз өкмөтү ушул күнгө дейре донорлордон жалпы 300 млн. 112 миң 993 доллар жардам алды.

Маалым болгондой, өкмөт башында эл аралык уюмдарга каржылык көмөктөрдү вирус менен күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджетти колдоого деп сураган эле. Бирок реалдуу алганда каражаттар негизинен бюджеттин дефицитин жабууга жумшалып жатканы көрүндү. Буга өзүнчө негиз бар жана аны бир аздан кийин өзүнчө сөз кылабыз.

Бирок башка жагдай, мынча чоң каражат биринчи кезекте вирустун алдын алууга жумшалышы керек эле дегендер арбын. Анткени, оору басаңдабаса, коркунуч да токтобойт жана андан экономика кайра-кайра жабыр тарта берет.

25-июнь күнкү парламент жыйынында депутат Акылбек Жапаров ушул маселени көтөргөндөй болду. Азия өнүктүрүү банкынан Кыргызстандын Саламаттык сактоо системасына берилүүчү 20 млн. долларды ратификациялоо учурунда эл өкүлү, бул каражаттын жаңы оорукана салууга жумшалбай жатканын сындады.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«20 млн. долларга 20 оорукана куруп койсо болот. Муну министрлик сунуштабай жатат. Силерде эрк жетпей жатат. Күнүмдүк көйгөй менен эле алектенип, кеңешчилер акчаны кайда жумшайбыз десе да, «макул» деп атасыңар», - деди депутат.

Жапаровго ал күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берип, сегиз оорукана куруу боюнча маселе козголгонун, бирок каражат алууда Азия өнүктүрүү банкынын сунуштары эске алынганын айтты. Каратаевдин билдирүүсүндө, бул каражаттар ооруканаларды жабдууга кетет.

Сырттан келген акчага бейтапкана куруу демилгесин саламаттык сактоо тармагындагы бир катар эксперттер да буга чейин көтөрүп келишкен.

Алгандан ала элеги көп

Эми дагы алына турган жардамдарга келели. Финансы министрлигинин эсебинде, Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн дагы 327 млн. 217 миң. доллар күтүп жатат. Мунун 112,9 млн. доллары Дүйнөлүк банктан, 85 млн. доллары Азия өнүктүрүү банкынан, 50 млн. доллары Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан (Азиатский банк инфраструктурных инвестиций), 33,8 млн. доллары Европа Биримдигинен, 30,3 млн. доллары Германия өнүктүрүү банкынан (KFW), 15 млн. доллар Ислам өнүктүрүү банкынан келиши керек.

Албетте, бул суммалардын бир бөлүгү инвестициялык долбоор катары, кайсы бир бөлүгү кошумча каржылоо формасында алынат. Бирок ал баары бир жардам катары саналат жана мунун баары колго тийсе Кыргызстан жалпы 627 млн. 330 миң доллар сырттан жардам алган болот.

Өлкөдөгү «Жарандык көзөмөл комитети» пандемия башталгандан бери эле сырттан келген каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту талап кылып келет. Азырынча маалыматтын ачыктыгына канааттануу жок. Уюмдун өкүлү Динара Ошурахунова «Азаттыкка» буларды билдирди.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Балким акчанын сарпталышы боюнча боюнча маалымат берилип жаткандыр. Бирок ал аябай кичинекей, атайын адистер түшүнө тургандай эле жалпы формада болуп жатат. Эгерде жалпы алсак, маалыматты көпчүлүк көргөн жок. Ошондуктан элде “ушунча чоң сумма каякка кетти?” деген нааразылыктар, бүдөмүк суроолор болуп жатат. Булар унчукпай койгон сайын, элде “акчаны жеп койду”, “кымырып алышты, чөнтөгүнө салып кетишти” деген күмөн саноолор көп болуп жатат. Кээ бирлери калкка пенсия, жөлөкпул берилбейт экен десе, экинчиси милиция кызматкерлерине, дарыгерлерге маяна, кошумча акы берилбейт экен деп чыгышты. Ар бир маалымат чыккандан кийин артынан премьер-министр же башка министрлер чыгып, актанып жатышат. Жок, антип бир-бирден айткандын кереги жок. Инфографика менен, деталдаштырып маалымат берип, акча кайсы жакка сарпталса, ошону жөнөкөй жарандар түшүнө тургандай түшүндүрүп бериш керек. Биз ошону талап кылабыз»,- деди Ошурахунова.

Мурдараак атайын брифингдердин биринде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев «эл аралык уюмдардан алынган акча тууралуу отчет берүүгө система жол бербей жатканын» айтып алган эле. Бирок кийин каржы министри Бактыгүл Жээнбаева акча ачык-айкын коротулуп жатканын белгилеп, каалагандарга өкмөт отчет көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Дагы бир вице-премьер-министр Аида Исмаилова болсо, донорлор берген жардамдар максаттуу пайдаланылып жатканын белгилеп, аны «кымырып алды» дегендерди айыптады.

Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

«Коомчулукта «бийлик элди коркутуу үчүн жана акчаны кымырып алуу үчүн ооругандардын санын жасалма түрдө көтөрүп жатат» деген сөз бар. Бул жалган сөз, акчаны кымырып алуу деген нерсе жок. Мындай жалган маалымат укук коргоо органдарынын көңүл чордонунда болуш керек. Мындай аракеттер алдамчылыкка тете жана Кылмыш-жазык кодекси тарабынан жоопкерчилик бар»,- деди Исмаилова 23-июндагы брифингде.

Баса, ушул күнгө чейин алынган жардамдын 90% насыя. Башкача айтканда, Эл аралык валюта фонду берген каражаттын баары, Азия өнүктүрүү фонду менен Дүйнөлүк банк берген каражаттын тең жарымы насыя, калганы грант.

Эгер биз жогоруда кеп кылган, 627 млн. 330 миң доллар жардамдын баары алынса, анын 461 млн. доллардан ашыгы насыя болот.

Башкача айтканда, 2020-жылдын башына 4,6 млрд. доллар мамлекеттик карызы бар Кыргызстан жыл соңунда 5 млрд. доллар карыз менен чыгары айкын болуп калды. Демек, жылына 15-20 млрд. сомду карызды тейлөөгө жумшап жаткан өлкө бюджетине бул дагы чоң жүк жаратат.

«Бюджеттин аткарылышы кыйын»

Бюджет демекчи, өлкөнүн быйылкы киреше-чыгашасы чоң олку-солкулук менен жүрүп келатат.

Өкмөт былтыр күздө 2020-жылга карата бюджеттин кирешесин 163 млрд. 710 млн. сом, чыгашасын 173 млрд. 663 млн. сом деп сунуштаган. Ошондо таңсыктыгы 9 млрд. 953 млн. сом суммасында көрсөтүлгөн. Бул боюнча мыйзамды парламент жактырып берген.

Быйыл жазда коронавирус пандемиясы башталганда Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилип, бизнестин көбү карантинге алынды. Натыйжада бир топ салык жана башка кирешелер чогулбай калары белгилүү болду.

Натыйжада өкмөт майдын ортосунда бюджеттин жаңы долбоорун алып келди. Анда 2020-жылкы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 132,9 млрд. сом, чыгашасы 161.1 млрд. сом деп сунушталган. Натыйжада дефицит 28 млрд. сомду түзгөн. Өкмөт мына ушул тартыштыкты тышкы донорлордун каржылык жардамы менен жабарын маалымдаган.

Бирок жыл ортологондо реалдуу жагдайдар дагы да ачык көрүндү жана ушул төмөндөтүлгөн бюджеттин өзү да чогулушу күмөн болуп калды. Алгачкы беш айдын жыйынтыгында эле 13 млрд. сомдой киреше түшпөй калды.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 23-июндагы брифингде аталган маалыматты ырастап, бирок өкмөт өзү сунуштаган бюджетке жетет деп ишендирүүгө аракет кылды.

Финансы министрлиги.
Финансы министрлиги.

«Мен азыр беш айдын жыйынтыгын айта алам. Салык кызматы 5,5 млрд. сомду жетиштүү чогулта албай калды, Бажы кызматы 7,7 млрд. сом планга жетпей калды. Натыйжада 13,3 млрд. сом планга жетпей жатабыз. Эми чек аралар ачылганда бизнес калыбына келип, бажы төлөмү менен салыкты чогултуу акырындан калыбына келет деп үмүттөнөбүз. Ошондо биз пландаган көлөмгө жетип барабыз деп ойлойм. Жыл жыйынтыгында белгиленген 27,6 млрд. сом менен эле чыгууга аракет кылабыз. Буюрса, парламент бекиткен бюджеттеги киреше жана чыгашаны толук көлөмдө аткарабыз»,-деди министр.

Сырттан алына турган 627 млн. долларды улуттук валютага айлантсак, дээрлик 47-50 млрд. сомду түзөт. Башта пландалгандай мунун 27-30 млрд. сому бюджеттин тартыштыгын жабууга жумшалышы керек. Бирок эгер бюджет жетиштүү чогултулбай калса, анда калган акча да бюджетке кирип кетиши ыктымал.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Мурадыл Мадеминов буларга токтолду.

Мурадыл Мадеминов.
Мурадыл Мадеминов.

«Өкмөт быйыл банкрот болду. Жыл башындагы пландарынын баарын COVID-19 жокко чыгарып койду. Бюжетти өзгөртүүдөн төрт жыл артка кеттик. Бирок ошол кирешени төмөндөтүп, 132,9 млрд. сом белгилеген бюджетке да жетпей калуу тобокелчилиги бар. Себеби, өндүрүш бир токтогондон кийин жанданып кетүүгө өтө узак убакыт керек. Анын үстүнө биздин экономика Кытай, Орусия жана Казакстанга байланып калган. Бизнестин жанданышы да, салыктын чогулушу да ошолордон көз каранды»,- деди ал.

Эл өкүлү бюджеттин тешигин жабуу үчүн өкмөт карыз алууга аргасыз болгонун белгилеп, бирок насыянын суммасы ашыкча болуп жатканын айыптады.

«Кырдаал оор экенин түшүнгөн өкмөт 630 млн. доллар карыз алып жатат. Ушу менен кете берсе жыл соңуна чейин кыргыз өкмөтү Кыргызстан элин кошумча 1 млрд. доллар карыз кылып коет. Бул деген узак убакытта жарыла турган «мина». Мурдагы өкмөт башчы Мухеммедкалый Абылгазиев «минаны» коюп, анан андан алып чыгып кетүүгө чамасы жетпей калгандыктан, «оюндан» шак чыгып кетти. Чалмайды чалды да, коштошуп, кызматтан кетип калды. Бул кырдаалдан алып чыгып кеткенге Кубатбек Бороновдун чамасы да жетпейт. Мени кечирип койсун, ага акылы да, билими да, тажрыйбасы да жетишсиз. Кыргызстандын быйылкы жылкы экономикасы орой айтканда «мышык ыйлаарлык» абалга түштү. Карыз алып жатып аны оңдоп кетебиз деген акылсыздык. Карызды күргүштөтүп алып, элдин моюнуна илип, анан бюджетти жабам деген бул акылга сыйбаган нерсе. Жакшысы чыгашаларды кыскартыш керек эле»,- деди депутат Мурадыл Мадеминов.

Өкмөт пандемиядан улам быйыл Кыргызстандын экономикасы 6,8-7% артка кетерин жыл башында мойнуна алган. Беш айдын жыйынтыгында эле ички дүң өнүм 4,8% төмөндөдү жана жыл соңунда алгач айтылган көрсөткүчкө жетиши көрүнүп калды.

Мындай жагдайда адистер 2020-жылдын бюджетинин дээрлик тең жарымы, 75-85 млрд. сому чогулбай каларын эскертишкен. Өкмөт болсо коркунуч мынчалык чоң эмес деп болжоп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG