Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга насыя жана грант түрүндө 50 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу банк жарыялаган маалыматта айтылат.

Акча кыргыз өкмөтүнө коронавирустун элдин ден соолугуна кам көрүү аракетине, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүсүнө жардам иретинде берилип жатканы маалымдалды.

Банктын «Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо» (CARES) программасынын алкагында бул каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек болот.

Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жалпы 456 млн. доллар күтүп жатканы мурдараак кабарланган.

29-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшпөй калганын айткан.

5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын 11и кайтыш болду, 600 бейтап сакайып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG