Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Кошумча төлөмдү күткөн милиция


Жол кайгуул кызматкери, Бишкек, 31-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда пандемия учурунда милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөнбөгөнү көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө.

Коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө абал шартында иштеген милиция кызматкерлери иш таштоого камынып жатканы жөнүндө өз булактарына таянып бир нече маалымат каражаттары жазып чыкты. Атүгүл «Кактус медиа» интернет басылмасы 13-июнда Бишкек шаарындагы бир нече аймактык тескөөчү чогулуп, маяна төлөнбөсө 15-июнда ишке чыкпай турганын жазды.

«Милиция кызматкерлери аларга кошумча акы төлөп берүү убада кылынганы менен, бул багытта эч кандай иш-аракеттер жасалбаганына нааразы болушууда»,-деп кабарлады басылма.

Андагы маалымат боюнча нааразы кызматкерлер Бишкек шаардык милициясынын башчысы Канат Жумагазиев менен жолуккан соң гана тарашкан.

Бул жаңылык чыгары менен Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин иш таштары жөнүндө маалыматты четке какты.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Улан Жумаков сайтка чыккан маалыматты толугу менен чындыкка жатпайт деп билдирди:

Улан Жумаков
Улан Жумаков

«Ишембиде кызматкерлер тизилип, аларга пландалган инструктаж өткөрүлөт. Шаардык милициянын жетекчиси аны өткөрүп, коронавирус боюнча, шаардагы уурулукту токтотууга байланыштуу буйруктар берилген. Ушул жыйынды аймактык тескөөчүлөр атайын чогулуп, талап койду деп жазганы таптакыр чындыкка жатпайт».

«Азаттык» сүйлөшкөн милиция кызматкерлери чынында эле кошумча акыны ала албай жатышканын ырасташты. Алар аты-жөнүн ачык айтуудан жана радио үчүн сүйлөп берүүдөн баш тартышты.

15-июнда милиция кызматкерлери иш таштаган жок. Бирок өкмөт укук коргоо кызматкерлерине кошумча төлөнчү каражат боюнча маселени тезирээк чечүүнү убада кылды. Бул боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда мыйзамга ылайык казармалык шартта кызматын өтөгөндөрдүн маянасына дагы бир айлыкка тең сумма кошулуп төлөнөрү айтылган.


Учурда маселе тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдашуусунда турганын министрлик кошумчалады. Муну финансы министринин орун басары Марлен Амандыков да ырастады:

«Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлерине кошумча акы төлөө боюнча маселе каралып жатат. Буга чейин май айынын айлыгы төлөнгөн. Мыйзам боюнча өзгөчө абал шартында иштегендерге кошумча акы төлөө каралган. Учурда тизмелер такталган соң өкмөттүн чечими чыгат. Андан кийин биз каржылайбыз».

Өкмөттүн мындай убадасына карабай милиция кызматкерлери талап койгонго чейин эле бул маселени чечүү керек болчу деген пикирлер айтылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөт өз милдетин убагында аткарбаса кесепети оор болорун эскертүүдө:

Аалы Карашев
Аалы Карашев

«Азыркыдай шартта медицина жана милиция кызматкерлеринин айлык акысын кечиктирбей төлөш керек эле. Тилекке каршы, өзгөчө абал алынгандан бери бир айдан ашык убакыт өттү. Ушунча убакыттан бери төлөнбөсө, милиция кызматкерлеринде акыйкат суроо жаралат да. Эми анын бетин ары кылсын, кокус пандемиянын экинчи толкуну келип, кайрадан өзгөчө абал жарыяланса, бүгүнкү айлыгын төлөбөй жатсак анан милиция кантип иштейт?».

Пандемия шартында Кыргызстандагы Бишкек баштаган төрт шаар жана төрт райондо 24-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. Бул учурда коменданттык саат киргизилип, күч органдары күчөтүлгөн шартта иштеген эле.

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшкөн дарыгерлерге кошумча маянаны төлөөдө да буга чейин маселе жаралган. Дарыгерлер бул каражатты өз убагында ала албай жатканы боюнча парламентте көтөрүлгөн. Жыйынтыгында боорукер адамдардан, ар кандай ишканалардан топтолгон акчанын эсебинен төлөө чечими кабыл алынган.


Финансы министрлигинин маалыматы, бул багытта 126 миллион сомдон ашык каражат төлөнүп берилди. Бирок дарыгерлерге июндан баштап төлөп берчү акча бюджетте каралган эмес. Финансы министринин орун басары Марлен Амандыковдун айтымында, бул үчүн 700 миллион сомдон ашык каражаттын булагы учурда аныкталууда.

Бул маселе пандемиядан улам кыйынчылыкка кептелген кыргыз экономикасынын абалын кайрадан эске салды. Быйыл 40 миллиард сомго чейин киреше бюджетке түшпөй калары эсептелген болчу.

Буга чейин президент баш болуп бюджеттин тартыштыгын жоюу үчүн эл аралык каржы институттарынан жардам сураган. Бул мезгилге чейин 400 миллион доллардан ашык насыя жана грант алынары айтылган болчу. Бул каражаттардын өнүгүүгө эмес, күнүмдүк чыгашаларга жумшалып жатканы бир катар тынчсызданууларды жаратууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG