Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Бюджет шашылыш кабыл алынды


Бюджет мыйзамдарын талкуулоо учуру. 28-ноябрь, 2019-жыл.
Бюджет мыйзамдарын талкуулоо учуру. 28-ноябрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңеш беш жылга байланыштуу бюджеттик үч мыйзамды шашылыш кабыл алды.

Бюджеттин 2018-2019-жылдардагы аткарылышы, 2020-жылга планы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө экинчи окууга келген документтер үчүнчү окуудан да өтүп кетти. Мындай чукул кабыл алуу тартибинин мыйзамсыз экенин айткан депутаттардын пикири эске алынган жок.

Башкы каржы актылары

Биринчи окууда өкмөт коргогон үч документти Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы жыйынында парламенттин Бюджет жана финансы комитети алып чыкты.

«Республикалык бюджеттин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору, «2019-жылга республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, «2020-жылга республикалык бюджет жана 2021-2022-жылдарга болжол жөнүндө» мыйзам долбоорлорун аталган комитеттин төрагасы Эмил Токтошев окуду. Ушул эле долбоорлордун биринчиси 13-ноябрда, экинчи-үчүнчүсү 14-ноябрда биринчи окууда кабыл алынган.

Токтошев бюджетти аткарууда кетирилген кемчиликтер жана пландагы алешемдиктер тууралуу сын пикирлерин келтирип, бирок аны кабыл алып берүүнү жалпы депутаттардан суранды:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

- 2020-жылы республикалык бюджеттин параметрлерине токтолсом, жалпы кирешелери 163 млрд. 710 млн. сом, чыгашалары 173 млрд. 663 млн. сом, таңсыктыгы 9 млрд. 953 млн. сом суммасында экинчи окууда бекитүүгө сунушталат.

Биринчи окууда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын бюджетинде реалдуу секторго 37,8 млрд. сом (21,8%), мамлекеттик кызмат секторуна 45,5 млрд. сом (26,2%), социалдык секторго 90,4 млрд. сом каралганын бөлүнөрүн билдирген.

28-ноябрдагы жыйында болсо Абылгазиев бюджет көбөйүп жатканын, бул өнүгүүнүн белгиси экенин ортого салды:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Сиздердин колдооңуздар менен өкмөт бир жарым жыл ичинде эки бюджеттик мыйзам долбоорун коргоп, өткөрүп жатабыз. 2018-жылды карасак, 135 млрд. сом менен аяктаганбыз, мына азыр 173 млрд. сом менен 2020-жылды бекитип жатабыз. Башкача айтканда 40 млрд. сомго жакын суммага көбөйүп жатат. Бул биздин биргелешип, чогуу иштегенибиздин, президентибиздин саясатынын, туруктуу өкмөт болсун деген аракетинин биринчи жемиштери деп эсептейм. Быйыл экспорт биринчи жолу көбөйдү, импорт азайды. «Инвесторлор чыгып кетип жатат» деген менен кайра башка инвесторлор келип жатат. Кайсы районго барсак мектептер, бала бакчалар курулууда, жолдор салынууда. Бул экономика өсүп жатат деген сөз.

Белгиленген мыйзам долбоорлорунда 2021-2022-жылдарга карата бюджеттин болжолу да келтирилди. Ага ылайык, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 164 млрд. 916 млн. сом, чыгашасы 173 млрд. 498 млн. сомду түзөт. 2022-жылы болсо өлкөнүн бюджети 169 млрд. 243 млн. сом, чыгашасы 174 млрд. 967 млн. сом боло тургандыгы айтылды.

Албетте, бул божомол, сандар келерки жылдын жыйынтыгы менен өзгөрөт. Азырынча 2020-жылдын бюджетинин өзү көбүрөөк маанилүү. Ал эми келерки жылга карата негизинен чыгашаларды сынга алгандар болду.

Аткарылган жана пландалган бюджеттерди салыштыруу. Финансы министрлигинин маалыматы. «Азаттыктын» инфографикасы.
Аткарылган жана пландалган бюджеттерди салыштыруу. Финансы министрлигинин маалыматы. «Азаттыктын» инфографикасы.

Депутат Тариел Жоробеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылкы бюджети быйылкыга караганда 262 миллион сомго азайганын сынга алды. Эл өкүлү Жанарбек Акаев болсо Башкы прокуратурага, Акыйкатчы институтуна келерки жылы көп акча бөлүнүп жатканын туура көргөн жок.

Ал эми Наталья Никитенко жалпы өкмөткө жана мамлекеттик кызматтарга каражат көп бөлүнгөнүн айтты:

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

- Бюджет тууралуу премьер-министр сунуштаган баяндама шайлоо алдындагы убада сыяктуу көрүндү. Бул баяндама үчүн кийинки өкмөт жооп бере тургандай эле сезим калды. Аппараттын өзүнүн натыйжалуулугу жок болуп жатат. Ушул жердеги башкаруучу аппарат эле депутаттардан көпсүңөр. Ал эми жер-жерлердеги мамлекеттик кызматкерлерди алсак абдан чоң штат. Силерге эле 2018-жылы 22,5 млрд. сом, 2019-жылы 53 млрд. сом бөлүнүптүр. 2020-жылы 55 млрд. сом жумшаганы жатыпсыңар. Тышкы карыз көбөйүп жатат, бир өлкөдөн көз карандылык коркунучу күчөп, кырдаал оорлошууда. Бажыдагы коррупция күчөп, салык чогултуу артка кетти. Көмүскө экономика 25% эмес, 40% чейин жетти. Улуттук долбоорлор боюнча жылыш жок, пенсия көтөрүлгөн жок. Мындай жагдайларды чексиз санай берсе болот. Ошондуктан бюджет долбоорлорун канааттандыраарлык деп табууга болбойт.

Эки окууга бир добуш

Бюджеттин аткарылышын, планын жана болжолун талкуулоо 28-ноябрда эртең менен саат 9:30да башталып, кечки 21:30га чейин уланды. Башында депутаттар көбүнчө өздөрүнүн райондорундагы, айылындагы мектептер, ФАПтар качан куруларын сурап эле чектелип жатышты. Айрымдар бюджетке тиешеси жок маселелерди козгошту.

Кечке дейре мактоо айтылып, соңунда гана сын пикирлер жаңыра баштады. Бир нече суроосуна татыктуу жооп ала албагандан кийин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мыйзам долбооруна эле эмес, өкмөттүн өзүнө ишеним көрсөтпөөгө чакырды:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- 2018-жылы бюджет бекитилгенде 140 млрд. сом бекитилген болчу, силер 5 млрд. сомго азайтып аткардыңар. 2019-жылкы бюджетти да өкмөт берген сунуштан жаңы мыйзамда парламент азайтып бекитип берип жатабыз. Мындай тарыхта болгон эмес. Тескерисинче, кошумча булактарды таап кошуш керек болчу. Ошондуктан бюджетти аткарбагыңар үчүн эле өзүңөр арыз жазып, кызматы бошотушуңар керек эле. Мыйзамдын талабы ошондой. Салык, Бажы кызматтарынын жетекчилерин кетиргенсиңер, өзүңөр да кеткиле. Силер болсо азыр келип алып, бизди кыйнап, айрым депутаттардын мектептерине жардам берип, эми «2020-жылдын бюджетин бекитип бергиле» деп жатасыңар. Мен «ишенбестик көрсөтөлү» деп баштасам 10 чакты эле депутат кол коюп, калганы кол койбой коюшту. Ошондуктан улуураак катары эле кеңеш айтам, кызматыңарды таштап эле кетип калгыла.

Ушундай эле позицияны башка бир депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да билдирип, экономикада артка кеткен жагдайлар көп болуп жатканын эскертти. Ал бул көрсөткүчтөр бюджеттин аткарылышына чагылып жатканын кошумчалады:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Адамдын ден соолугун текшериш үчүн дарыгерлер анализ алат. Баары норма болсо жакшы, норма болбосо оорулуу деп чыгарат. Экономиканын акыбалын билиш үчүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү караш керек. Бүгүн анын баары жакшы эмес, силер «жайында, өнүгүп жатат» дегениңер жалган. Акыркы жылдары экспорт 2 млрд. доллардын гана тегерегинде келе жатат, импорт 5 млрд. доллар болуп кармалып келатат. Тескери сальдо чоң. Ири инвесторлордон бирөө да келе элек. Тескерисинче капиталдын сыртка чыгышы күч алды. Мына, өзүңүздөр айттыңыздар, «2018-жылы 90 млрд. доллар, быйыл алты айда 48 млрд. доллар чыгарылып кетти» деп. Жумушсуздук 19%, эксперттер 23% деп жатышат. Инфляция 3,6%, өсүш 5% деп жатасыңар. Бирок инфляцияны эл жон териси менен сезип жатат, ун кымбаттады, билет кымбаттады, бирок өсүштү сезбей атпайбызбы? Аткезчилик күчөдү, эгерде аткезчиликтин мафиясына алыңар жетпесе, элди кыйнабай кызматтан кеткиле.

Деген менен күн кечтегендиктен депутат Камчыбек Жолдошбаев чыгып, суроо берүүнү, талкууну токтотууну сунуш кылды. Ал дароо эле сунушка коюлуп, кабыл алынды. Натыйжада жазылган депутаттардын 30-40ка жакыны суроо бере албай калышты. Ай-буй дегиче мыйзам долбоорлорунун токтому сунушталып, добуш берүүгө коюлуп кетти.

Төрага Дастанбек Жумабеков экинчи окууга келген үч мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан да кабыл алып, бюджетти биротоло бүтүрүүнү сунуш кылды. Буга кайра эле Алмамбет Шыкмаматов менен башка бир депутат Курманкул Зулушев каршы чыкты. Шыкмаматов үчүнчү окууну дагы 5-10 күн кийинкиге коюп, шашпай талкуулоону сунуш кылса, Зулушев мыйзамды мындай тартипте кабыл алуунун жоопкерчилигин эскертти:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Биз үч жылдык бюджетти карадык, бул өлкөнүн үч жылдык жашоосу деген сөз. Ал бюджет андан ары да беш жыл таасир эте турган бюджет. Биз суроо бербей, убактыбыз жетпесе да макул дедик. Бирок күйүп кетип жаткан эч нерсе жок. Биерде премьер-министрибиз, укук коргоо органдарынын башчылары, 120 депутат олтуруп, өлкөнүн бюджетин мыйзам бузуу менен кабыл алсак, анда кимибиз коррупция менен күрөшүп, мыйзамдуулукту сактайбыз? Келгиле, принципти сактайлы. Үчүнчү окууда көп деле өзгөрүү болбойт, премьер-министр келбей эле вицелери келип коргоп кетсе болот. Анда редакциялык гана оңдоолор болот. Регламенттин 55-беренесинде «мыйзам үч окууда каралат» деп жазылып турат. «Экинчи-үчүнчү окууда чогуу каралат» деген бир да норма жок. Мына, түз эфир кетип жатат, эгер башкы прокурор мыйзам бузулганын аныктаса, иш козгойт. Эртең «туура эмес мыйзам кабыл алдыңар» деп Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизип, урматтуу премьер-министр, сиз менен комитеттин төрагасын чакырып калышын каалабайм.

Ага карабай Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 1-декабрга чейин бюджет сөзсүз кабыл алынышы керек экенин айтып, мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууга да добуш берүүгө киргизди. Натыйжада экинчи окууга келген документтер үчүнчүдөн да өтүп кетти. 100дөн ашык депутаттын дээрлик баары үч мыйзамды тең бир добуштан колдоп беришти.

Мыйзамдарды талкуулоо учуру. 28-ноябрь, 2019-жыл. Жогорку Кеңештин «YouTube» каналы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG