Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 16:06

Парламент бюджетти карады (видео)


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык бюджет боюнча баяндама жасап жаткан учуру. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңеш 14-ноябрда, бир күндө төрт жылдын бюджетин карап чыкты. Анын ичинде 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылкы бюджеттин долбоору талкуу жаратууда.

Мындан сырткары 2021-2022-жылдарга болжол да каралды. Сын-пикирлер негизинен бюджетти аткарууга, анын ичинде салык чогултууга жана башка багыттар боюнча болду.

2019-жылдын бюджети

Парламенттин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алгач 2019-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө кенен баяндама жасады. Жыл аяктай элек экенине карабай кабыл алынган бюджет менен такталган бюджеттен айырма чыгып жатканын белгилеп, кирише-чыгашалардын жагдайына токтолду:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Жаңыртылган макроэкономикалык божомолдун негизинде 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бюджеттин киреше бөлүгү 155,3 млрд. сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат. Бул бекитилген бюджеттен 3,6 млрд. сомго көптүк кылат, бекитилгени 151,7 млрд. сом болчу. Бирок 2018-жылга (135 млрд. сом) салыштырмалуу 19 млрд. сомго көбөйдү. Чыгашалар 165,3 млрд. сомдун тегерегинде болжолдонду. Бул 3,4 млрд. сомго көптүк кылат. Бекитилгени 161,9 млрд. сом, 2018-жылга салыштырганда 23,340 млн. сомго көп. Баса белгилеп кетчү сөз – тартыштык. Өкмөт тартыштыкты 9,9 млрд. сомдун тегерегинде, же бекитилген 10,2 млрд. сомдон ылдый кармап турууга күч жумшады. Азыр да ИДӨгө карата тартыштыктын чени 1,7% түзүп турат. Бул көрсөткүчтү жыл аягына чейин дагы төмөндөтүү боюнча иштер жүрөт.

2019-жылдын бюджети былтыр ноябрь айында кабыл алынган. Ал эми такталган деп жатканы - өкмөттүн жыл ичиндеги аракеттеринен кийин эсептелип жаткандагысы.

Мындан өкмөт киреше бөлүгүнөн, анын ичинен салыктык кирешелерди пландалган бюджеттегидей топтой албай жатканын мойнуна алууда. Маселен, ал планда 117,9 млрд. болуп бекитилсе, тиешелүү мекемелер аны жыл аягына чейин 111,7 млрд. сом өлчөмүндө гана чогулта аларын айтышууда. Башкача айтканда бул жагынан киреше 6,3 млрд. сомго азаят экен.

Кыргызстандын 2019-жылкы бюджети. «Азаттыктын» инфографикасы.
Кыргызстандын 2019-жылкы бюджети. «Азаттыктын» инфографикасы.

Депутат Тариел Жоробековдун суроосуна жооп берип жатып Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев да ушул себептерден улам планды төмөндөтүш керек экенин айтты:

- 2019-жылга 89 млрд. 52 миллион 478 миң сом салык чогултуу планы коюлган. Анын ичинен алгачкы он айга 70 млрд. 185 млн. сом план болсо, түшкөнү 66 млрд. 500 млн. сом болду. Башкача айтканда январдан октябрга чейин 3 млрд. 685 млн. сом чогулта албай калдык. Жыл аягына чейин дагы кооптуу жагдайлар бар. Ошол себептүү азыр мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө планды азайтууну суранып жатабыз.

Мындан тышкары Кыргызстандан импорту азайгандыктан бажы төлөмү азайганы да белгиленди. Бул да кайра эле бюджеттин киреше бөлүгүнө таасир этип жатыптыр. Бул жөнүндө маселе көтөргөн эл өкүлү Бактыбек Турусбековдун соболуна жооп берген учурда муну Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев да ырастады:

- 2019-жылдын он айында 4,5 миллиард сомго чейин планга жетпей калдык. Ошонун эң негизги себеби импорт азайып кеткени үчүн болуп жатат. Импорт кеминде 10 пайызга түшүп кетти. Мындан башка да себептер бар, бирок бул негизги себеп.

Өкмөт салыктык кирешелердин азайышын салыктык эмес кирешелер менен жабарын билдирүүдө. Анын ичинде Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынан стратегиялык макулдашуунун негизинде быйыл 4,8 млрд. (70 млн. доллар) каражат алып, бюджетке кошкону турган экен. Мындан сырткары атайын каражаттарды жана трансферттерден түшкөн акча да көбөйө тургандыгы айтылды.

Ага карабай депутаттар 2019-жылдын бюджетинин аткарылышына жана өкмөттүн аракетин сынга алышты. Депутат Курманкул Зулушев буларга токтолду:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Мына, терең маалымат бердиңиз. Бул сиз эки жылдан бери премьер-министр катары өкмөттүн ишин өздөштүрүп алгандыңыздын, түшүнгөнүңүздүн белгиси. Бирок бул сиздин кагаз жүзүндөгү баяндамаңыз. Бирок иш жүзүндө, реалдуу алганда министрликтерде, реформаларды алдыга жылдырууда жетиштүү аракеттер барбы? Бул күмөн жаратууда.

Ошол эле учурда 2019-жылдын бюджетинин такталган чыгаша бөлүгү пландалган чектен 3,4 млрд. сомго көптүк кылып жатканы саламаттык сактоодо гемодиализге, социалдык тармакта пенсияны көтөрүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жекече жардамчыларына акча төлөөгө жана башка тармактарга кошумча каражаттар керектелгени менен түшүндүрүлдү.

2020-жылга долбоор жана 2021-2022-жылдарга болжол

Парламенттин 14-ноябрдагы жыйынында дээрлик төрт жылдын бюджетине байланыштуу мыйзам долбоорлору каралды. Анын бири - «2019-жылга карата республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга карата болжол жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору жана экинчиси - «2020-жылга карата республикалык бюджет жана 2021-2022-жылдарга карата болжол жөнүндө» мыйзамдын долбоору.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экинчи мыйзам долбоору жөнүндө кеп кылганда 2020-жылга карата бюджет планы менен да тааныштырды:

- 2020-жыл да биз үчүн маанилүү жылдардан болот. Эң башкысы – биз негизги багыттарыбызбы аныктадык. Негизги параметрлерге кыскача токтолсок. 2020-жылга ИДӨнүн реалдуу өсүш темпи 5% болот, номиналдык көлөмү 667,1 млрд. сомду түзөт деп жатабыз. Инфляцияны 3,7% деңгээлден ашпайт деп жатабыз. Бюджеттин киреше бөлүгү 163,7 млрд. сом өлчөмүндө болжолдонду. 2019-жылга салыштырмалуу 8,4 млрд. сом өсүш болот. Чыгаша – 173,7 млрд. сом. 2019-жылга салыштырмалуу 8,3 млрд. сомго көбөйөт. Бюджеттин тартыштыгы 9,9 млрд. сомду түзөт. Ал көрсөткүч ИДӨгө карата 1,5% түзөт. Тартыштыкты азайтуу саясаты күчөтүлөт.

Бюджет мыйзамдарын талкуулоо учуру. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Бюджет мыйзамдарын талкуулоо учуру. 14-ноябрь, 2019-жыл.

2020-жылдын бюджетинде реалдуу секторго – 37,8 млрд. сом (21,8%) бөлүнөт экен. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 3,6 млрд. сомго көп экен. Келерки жылдагы бюджетте мамлекеттик кызмат секторуна 45,5 млрд. сом (26,2%), социалдык секторго 90,4 млрд. сом каралыптыр.

Алдыдагы жылы бул каражаттар пландуу иш-чаралардан сырткары ар он жылда жүргүзүлүүчү эл каттоого 191 млн. сом, укук коргоо органдарын реформалоого 2,3 млрд. сом, сот-укук реформасын улантууга 724,5 млн. сом жумшалат экен.

2020-жылы эң чоң саясий иш-чарага – Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын шайлоого 828 млн. сом бөлүнө турганы ачыкка чыкты.

Аткарылган жана пландалган бюджеттерди салыштыруу. Финансы министрлигинин маалыматы, «Азаттыктын» инфографикасы.
Аткарылган жана пландалган бюджеттерди салыштыруу. Финансы министрлигинин маалыматы, «Азаттыктын» инфографикасы.

Бирок ошол эле кезде келерки жылдын бюджетинде айрым тармактар ашыкча эле каржыланып калганын, бул чыгашаларга алып келерин айткандар да болду. Депутат Дастан Бекешев мындай деди:

- Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду «Пирамидага», «5-каналга» берип атасыңар. Кийинки жылда 10,5 миллион доллар кетет экен. Ошонун ичинде «Кабар» агенттигине 22 миллион сом, «ЭлТР», «МИР» телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен. Кыскартпайсыңарбы, ушуну!

Бул суроого вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жооп берип, бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып медиа-борбор катары түзүлүп жатканын айтты.

Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев бюджеттин аткарылышына да, долбооруна да ичи чыкпаганын айтты:

- Кечээ 2018-жылдын бюджетин уктук, ал жакшы аткарылган жок. 2019-жылдын бюджетинде салык жагынан киреше булагы алты миллиард сомго азайды. Анын ордуна «Кумтөр жана атайын каражаттар менен толтурабыз» деп мыйзамга өзгөртүү менен келип жатасыңар. Мындагы көрсөткүчтөрдү Салык менен Бажы кызматтарынын башчылары «аткарабыз» дешти, мына, премьер-министр да «аткара алабыз» деп жатат. Бул мыйзам менен бекитилет, ушуну жакшылап угуп алгыла! 2020-жылга да мен баяндаманы уктум, бирок жаңылык уга албадым. Мен сиздерден «жаңы технологияларды алып келебиз, жаңы инновацияларды киргизебиз» деген сыяктуу нерселерди күттүм эле. Бирок, тилекке каршы, андай нерселерди көрө албадым. Мына, IT жагынан Кытай кандай кетип жатат? Субсидияларды берип, коңшу Өзбекстан эле текстил жагынан бизден озуп баратат. Биз мына ушулардан да артта калып атабыз.

Кантсе да жыйын ортологондо эл өкүлү Марлен Маматалиев суроолорду азайтып, ар бир фракциядан бирден гана депутатка суроо бердирүүнү сунуш кылды. Ал муну мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып жатканы менен байланыштырып, экинчи, үчүнчү окууларда кошумча маселе көтөрүүгө мүмкүн болорун айтты. Натыйжада 50дөй депутат суроо бере албай калды. Ал тургай он мүнөттөн убакыт алган фракция жетекчилери да билдирүү жасаган жок.

14-ноябрдагы биринчи окууда депутаттар жогоруда аталган эки мыйзамды дээрлик бир добуштан жактырып беришти. Тагыраак айтканда катталган 109 депутаттын 107си «макул» деп добуш берди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (14)

XS
SM
MD
LG