Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

ЭВФ Кыргызстанга 121,1 миллион доллар бөлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга кошумча чукул жардам үчүн 121,1 миллион доллар өлчөмүндө жардам берет. Ал COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын-алууга жумшалат. ЭВФтин аткаруу комитети Бишкекке кошумча көмөк көрсөтүү чечимин 8-майда бекитти.

Каражат саламаттык сактоо тармагына жумшалып, 6 миллиондон ашуун калкы бар өлкөнүн экономикасына көмөк көрсөтүүгө да багытталат.

Бул пандемия шартында ЭВФтин Кыргызстанга берген алгачкы насыясы эмес. 31-мартта 120,85 млн. доллар Борбордук казыналыктын эсебине келип түшкөн.

Кыргыз өкмөтү ЭВФ, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү, Европа өнүктүрүү банктары жана башка бир катар эл аралык каржы уюмдары менен 456 млн. доллар алууну сүйлөшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG