Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Депутат сырттан келген акчага оорукана курулбай жатканын сындады


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Парламентке 25-июнда Азия өнүктүрүү банкынан Кыргызстандын Саламаттык сактоо системасына берилүүчү 20 млн. долларды ратификациялоону үч окуудан кабыл алуу сунушу киргизилди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, бул каражаттын 10 млн. доллары грант катары берилет. Ал эми 10 млн. доллары 10 жылдык мөөнөткө, жылына 0,1% менен насыя катары берилип жатат. Бул акча коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров бул каражаттын жаңы оорукана салууга жумшалбай жатканын сындады.

“20 млн. долларга 20 оорукана куруп койсо болот. Муну министрлик сунуштабай жатат. Силерде эрк жетпей жатат. Күнүмдүк көйгөй менен эле алектенип, кеңешчилер акчаны кайда жумшайбыз десе да, “макул” деп атасыңар”, - деди депутат.

Жапаровго Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берип, сегиз оорукана куруу боюнча маселе козголгонун айтылганын бирок, каражат алууда Азия өнүктүрүү банкынын сунуштары эске алынганын айтты. Каратаевдин билдирүүсүндө, бул каражаттар ооруканаларды жабдууга кетет. (TSh)

XS
SM
MD
LG