Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

COVID -19: Коомдук уюм четтен келген жардамды ачык бөлүштүрүүнү талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү COVID-19га каршы күрөш үчүн чет жактан келип жаткан жардам кандайча бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалыматтын ачык болушун талап кылышты. 13-апрелде «Жарандык көзөмөл комитети» уюму президентке, өкмөткө, Финансы министрлигине жана Коронавируска каршы республикалык штабга кайрылып, эл аралык коомчулук «болуп көрбөгөндөй көп» өлчөмдө жардам бергенин белгиледи.

Уюмдун кайрылуусунда бул жардам Кыргызстанга пайда алып келип, туура пайдаланылышы өтө маанилүү экени айтылат.

Ошол себептен жарандык активисттер жардамды бөлүштүрүү планын, кимге канча өлчөмдө жана суммада бөлүнгөнү тууралуу маалыматты ачык жарыялап туруу зарыл экенин белгилешти. Көзөмөлдөй турган атайын комиссия түзүп, анын курамына парламенттин, өкмөттүн, ишкер чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуш керек экенин айтышты.

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус 419 адамга жукту, алардын бешөө каза тапты, 67 бейтап айыгып чыкты.

Кыргыз бийлиги коронавируска каршы күрөш үчүн бир нече мамлекеттен, он чакты эл аралык финансылык мекемеден жардам сураган. Анын ичинен азырынча Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк банктан гана оң жооп келди. Бир катар башка уюмдар менен сүйлөшүү жүрүүдө. Мындан тышкары элден да акча чогулуп жатат.

Өкмөт коронавируска каршы күрөш жана муктаждарга жардам үчүн түшүп жаткан каражат тууралуу маалыматты атайын сайтка жайгашытрууда. (RK)

XS
SM
MD
LG