Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Мамлекеттик бюджетке беш айда 11 миллиард сом түшпөй калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын беш айында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 46 миллиард сомго аткарылды. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 11 миллиард сомго аз. Ал эми чыгаша былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд. сомго көбөйдү. Бул тууралуу каржы министринин орун басары, Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков 15-июнда брифингде билдирди.

“Жыл башынан берки беш ай ичинде бюджеттин дефицити 13,3 млрд. сомду түздү. Бул кирешенин азайышына байланыштуу. Беш ай ичинде салыктык жыйымдар 13,2 млрд. сомго азайган. Мунун ичинен 5,5 млрд. сом салык кызматынан, ал эми бажы тармагынан 7,7 млн. сом аз жыйналды. Салык эмес кирешелер жагынан 9 млрд. сом, расмий трансферт 1,1 млрд. сом чыгаша болду”.

Амандыковдун айтуусунда, 15-июнга карата чыгашалардын баары аткарылды. Бюджеттик ишканалардын айлык акылары, пенсия жана жөлөкпулдар 100% төлөндү. Айлык акыга 19,3 млн. сом, ал эми социалдык төлөмдөр үчүн 2,3 млрд. сом төлөндү.

Бюджет тартыштыгын толтуруу үчүн ички жана тышкы булактардан 23 млрд. сом, тышкы донорлордон 18,3 млрд. сом алынган. Мунун ичинен 17 млрд. сом Эл аралык валюта фондунан келген каражат.

Марлен Амандыковдун маалыматына караганда, ушул тапта мамлекеттик казынада 9 млрд. сом калды. 5 млрд. сом бюджетте, калганы атайын каражаттар.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 30,8 млрд сом түшпөй калары алдын ала кабарланган. Өкмөт бул кенемтени эл аралык донорлордон алынуучу каражат менен толтурууну көздөп жатат.

Кыргыз өкмөтү менен эл аралык финансылык уюмдардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан сырттан 462 млн. доллар алат. Анын ичинен Эл аралык Валюта Фондунан эки баскыч менен болжолдуу 242 млн. доллар (241 948 003 ) насыя акча келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга жумшалды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG