Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

Кыргызстанга сырттан дагы 123 млн. доллар келип түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын эсебине сырттан дагы 123 млн. доллар 13-май күнү келип түшкөн. Бул маалыматты бүгүн,15-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, азырынча бул каражат сарптала элек. Бирок ал бул акча кайсы каржы уюмунан келип түшкөнүн ачык айткан жок.

Ушуну менен коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстан сырттан алып жаткан карыздын көлөмү 243 млн. долларды түздү.

31-март күнү Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) 120 млн. доллар же 10,5 млрд. сом келип түшкөн. Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, бул акча негизинен бюджеттин чыгашаларына жумшалды. Анын ичинен 4,5 млрд. сом бюджеттик кызматкерлердин айлык акысына, 1,8 млрд. сом Социалдык фондго, 1 млрд. сомго жакын акча жөлөк пулга которулган. Мындан тышкары 1,2 млрд. сом милдеттүү медициналык камсыздоо системасына жумшалган.

Асрандиев ошондой эле гуманитардык жана башка жардам катары чет жактарда 1,8 млн. долларлык жардам келгенин да кошумчалады. Анын ичинде азык-түлүк жана медициналык жабдуулар, тесттер, коргонуучу кийим-кече ж.б. бар.

Кыргызстанда айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү COVID-19га каршы күрөш үчүн чет жактан келип жаткан жардам кандайча бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалыматтын ачык болушун талап кылышкан. 13-апрелде «Жарандык көзөмөл комитети» уюму президентке, өкмөткө, Финансы министрлигине жана Коронавируска каршы республикалык штабга кайрылып, эл аралык коомчулук «болуп көрбөгөндөй көп» өлчөмдө жардам бергенин белгилеген.

Уюмдун кайрылуусунда бул жардам Кыргызстанга пайда алып келип, туура пайдаланылышы өтө маанилүү экени айтылат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG