Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Медиктерге 100 миллиондон ашык акча: Министрлик садаганы кантип айкынсыз коротуп жатат


Алина Печенкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы
Алина Печенкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Кыргызстандыктар өз ыктыяры менен медкызматкерлердин компенсациясына деп кайыр садага үчүн акча которушат. Бул тууралуу маалымат help.covid.kg сайтында бар. Бирок, медиктер чын эле акча алыштыбы же жокпу текшерип билүү мүмкүн эмес.

12-мартта өлкөдө COVID-19дун биринчи учурлары чыкканга чейин Саламаттык сактоо министрлиги үчүн кайдыгер эмес адамдар акча которо алган атайын эсеп ачылган. Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары пайда болору менен Каржы министрлиги help.covid.kg сайтын ачкан, ал аркылуу үч эсепке кайыр садага которууга болот: Саламаттык сактоо министрлигине, Бишкек мэриясына, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине.

Биз Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине акчанын түшүшүн жана бөлүштүрүлүшүн көчүрүп алып, аларга талдоо жүргүздүк. Дал ушул эсепте кайыр садага үчүн берилген акча көп. 19-июнга карата ал жакта 138 млн. сомдон ашуун каражат топтолуп, анын ичинен 128 млн. сому сарпталган. Бул сан Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жылы төлөп берген бардык эмгек маяналардын бештен бир бөлүгүн түзөт.

Саламаттык сактоо министрлиги бул кайыр садагалар пандемия шартында жумушка тартылган медиктердин кошумча компенсациясына чыгымдалып жатканын айтууда. Бирок кайыр садагаларды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын акыркы жыйынында 4 млн. сомду жеке коргонуу каражаттарына сарптоону чечишкен.

Ведомствонун адистеринен айтымында, медкызматкерлердин бардыгына кошумча акы колуна эмес, банк карталарына которулууда. Бирок сайтта алуучулардын төрт категориясы көрсөтүлгөн:

  1. Жеке жактар: негизи медкызматкерлер болушу керек, бирок бул да так эмес.
  2. ССМден ССМге: биз төмөндө бул кандай экенин териштирүүгө аракет жасайбыз.
  3. Медициналык мекемелер: кимдерге акча төлөнүшү керектиги боюнча тизмени өздөрү түзүп, ССМге беришет.
  4. Банктар: дээрлик 1,3 млн. сом. Саламаттык сактоо министрлиги бул каражат медиктерге акча которууларды тездетүү үчүн дейт.

Жыйынтыгында, бул маалыматтардын жардамы менен акча кайда коротулуп жатканын билүү мүмкүн эмес. Акча каражаттардын көбү медиктерге түз эмес, ортомчулар аркылуу жеткендиктен издер жоголуп кетет. Атүгүл жеке адамдарга акча которууларды текшерсе болбойт, анткени аларды алгандар анонимдүү. Төмөндө баарын кенен караштырып, ошондой эле, кандай кылса болмок деген суроого варианттарды келтиребиз.

Биздин божомол боюнча акча которуунун схемасы ушундай көрүнөт. Боз түс менен божомолдуу алуучулар белгиленген, бирок муну текшерүү мүмкүн эмес. График: Айзада Тома
Биздин божомол боюнча акча которуунун схемасы ушундай көрүнөт. Боз түс менен божомолдуу алуучулар белгиленген, бирок муну текшерүү мүмкүн эмес. График: Айзада Тома

Биринчи бөлүк. Акча кайдан келген?

Жалпысынан адамдар өз ыктыяры менен атайын эсепке 138 млн. сомдон ашуун акча которушкан. Көпчүлүк бөлүгү жеке жактардан жана бизнестен түшкөн - 97 млн. сом. Жеке бизнестен которулган эң чоң үч акча которуу 10 млн. сомдон болгон: Матраимовдордун «Исмаил Ата» фондусунан, «Золотой Дракондун» ээси Сан Александрдан жана «Жашоо Булагы» коомдук фондунан - бул бардык кайыр садагага которулган акчанын үчтөн бирин түзөт.

Кайыр садагага берилген акчанын калган бөлүгү — бул бюджеттик уюмдар: дээрлик 700 мамлекеттик мекеме 40 млн. сомдон ашуун акча которгон.

Биз эмнени байкадык? Бул 40 млн. сомдун баары бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин айлыктарынан которулган.

Көп учурда мындай которуулар «коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн бир күндүк маяна» катары белгиленген, бирок айрым учурларда help.covid.kg сайтынын өзүндө «бир күндүк маянаны кармап калуу» деп жазылган.

Биз байланышкан мамведомстволордун онго чукул басма сөз катчысы кызматкерлер бир күндүк маянасын өз ыктыяры менен бергенге макул болушканын ырастап беришти.

Ал эми ЖМКларда кызматкерлерди буга мажбурлашкан деген маалыматтар пайда болгон.

Мисалы, ЖОЖдордун кызматкерлеринин бири бизге гана курган маегинде бир күндүк маянасын коронавируска каршы күрөш үчүн садага кылып койгонун билди. Карантиндин айынан ал бул тууралуу билген эмес, анткен менен жумуш берүүчү кызматкерин айлыгын кармап калганы тууралуу кат жүзүндө кабардар кылууга милдеттүү эле.

Экинчи бөлүк. Жеке жактар деген кимдер?

Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелден тарта ыктыярчылык төгүмдөрдү корото баштаган жана алгачкы акча которуулар даректүү болуп акча алуучунун аты-жөнү так жазылган. Бирок апрелдин ортосунда эле алуучулардын ысымдары жашырылып, «жеке жак» деген түшүндүрмөсү калган. Муну жеке маалыматтарды коргоо менен түшүндүрүшкөн.

«Юридикалык корутундудан кийин адамдар тууралуу бардык маалыматтар жабылган. Адамдын уруксаты жок анын каржылары тууралуу маалыматтарды жарыяласа болбойт», - деп жооп беришкен Маалымат жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан.

10-апрелде help.covid.kg сайтында ССМдин чыгымдары жазылган барак ушундай болгон
10-апрелде help.covid.kg сайтында ССМдин чыгымдары жазылган барак ушундай болгон

Биз эмнени байкадык? Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндөгү мыйзам эмнегедир акча садага кылгандарга тиешелүү эмес. Алардын ысымдары тизмеде көрүнүп турат жана алар ошол бойдон «жеке жак» болбой калган.

Биз өз талдообузга Казакстанда мамлекеттик каражаттардын чыгымдарына мониторинг жүргүзгөн Zertteu Research Institute фондунун директору Куаныш Оңолбаевден комментарий берүүнү өтүндүк. Ал алуучулардын жеке маалыматтарын жарыялоо боюнча токтолуп, медкызматкерлердин фамилияларынын ордуна табелдик номерлерин жана кызмат ордуларын жарыялоону варианттардын бири катары сунуштады.

«Алар орой айтканда, ачыктагысы келбей жаткан гана маалыматты тандап жаап коюшту. Алар өздөрү үчүн анчейин пайдалуу эмес жерлерин жаап коюшту, бирок аларга тиешеси жок жерлерди калтырышты, кандайдыр бир кош стандарттык болууда. Эгер алар муну жарыялашса [кайрымдуулук кылгандардын ысымдарын], анда алуучулардыкын да жарыялашы керек болчу», - деп комментарий берди Куаныш Оңолбаев.

Ушундай «жеке жактар» 10 млн. сомдон ашуун акча алышты. Бизге Саламаттык сактоо министрлигинен алардын баары медкызматкерлер деп билдиришкен, бирок алардын ысымдары жашырылгандан кийин анык текшерүү мүмкүн болбой калды.

Биз дагы эмнени байкадык: Биз төлөмдөрдүн өлчөмүн текшерип, көбүнчө 10 миң сомго чейинки акча которулганын байкадык. Ал эми орточо эсеп менен ар бир төлөм 3000 сомду түзгөн.

Биз «төлөмдөр» деген сөздү атайын колдондук, анткени теория боюнча булар мисалы эки жолудан компенсация алып жаткан бир эле адам болушу мүмкүн. Бирок биз муну текшере албайбыз, анткени алар эми «жеке жактар» деп аталат жана алар чын эле медкызматкерлерби же жокпу — белгисиз ¯\_(ツ)_/¯

Үчүнчү бөлүм. Саламаттык сактоо министрлиги акчаны эмнеге өзүнө которуп жатат?

Биз эмнени таптык? Апрель жана май айларында 27,5 млн. сом же коротулган бардык кайыр-садагалардын бештен бир бөлүгү алуучу деп көрсөтүлгөн «Саламаттык сактоо министрлигинин» атына которулган. Июнда Саламаттык сактоо министрлиги мындай иштерден баш тарткан.

Муну министрлик кантип түшүндүрдү? Саламаттык сактоо министрлигинен буга байланыштуу так түшүндүрмө бере алышпаганы менен бул төлөмдөр акыркы алуучу көрсөтүлбөсө да медиктер үчүн деп ишендиришти.

«Саламаттык сактоо министрлигинен акча андан ары банкка кетет, тактап айтканда банктын башкы кеңселерине. Андан кийин алар аймактагы ар бир филиалына өз-өзүнчө которот. Ар бир филиал менен келишим түзбөш үчүн жана ар бирине ведомости жасап отурбаш үчүн, биз бир ведомости жасап, банктын башкы кеңсесине бердик, андан ары алар филиалдарына таратышы үчүн», — деп түшүндүрдү Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов.

Куаныш Оңолбаев мындай процессти «кызыктай жана такыр түшүнүксүз» деп атады.

«Эгер Саламаттык сактоо министрлиги мындан кийин да даректүү которууларды жасай турган болсо, жардам кимге берилгенин да так көрсөтүшү кажет. Алар “ССМ ССМге акча которду” деп жазбашы үчүн. Алар өзүнчө кошумча таблица жасап, анда бул каражаттар кимге которулганын жазып көрсөтүшү үчүн», - деди Оңолбаев.

Кайыр садагага берилген акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссияга кирген депутат Аида Касымалиева кошумча акы берүү төлөмдөр системасын ачык эмес деп эсептейт. Ал кайыр садагадан түшкөн акчанын эсебинен төлөөгө каршы болгон, ал бул акчаны медкызматкерлерге жеке коргоочу каражаттарды алууну сунуштаган.

«Мен кийин текшере тургудай болсун деп Эсеп палатасын кошууну сурангам. Эгер бул бюджеттен болгондо, анда биз бул процесстин бардыгын комитеттерде карап, кийин отчёт сурай алмакпыз. Алар [Эсеп палатасы] "бул акча бюджеттики эмес, элдики болгондуктан текшерүүгө укугубуз жок" деп айтышты. Башкача айканда, так бөлүштүрүү маселеси ачык калууда», — деп комментарий берди Касымалиева.

Төртүнчү бөлүк. Кайсы медициналык мекемелерге акча которулуп жатат?

Учурда сарпталган каражаттардын көпчүлүк бөлүгү — дээрлик 89 млн. сому дал ушул медициналык мекемелерге туура келет. Бул акчаны алар май жана июнь айынын жарымы үчүн алышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери ведомство башында төлөмдөрдү ар бир медикке түз которууга аракет кылганын «Клоопко» айтып беришти. Бирок кийин алар муну борбордон ажыратуу — мекемелер төлөмдөр үчүн тизмени өздөрү түзүп, ССМге жөнөтүшкөнү эффективдүүрөөк болорун түшүнүшкөн. 6-майдан тарта ССМ медициналык мекемелерге акча которо баштаган.

Анткен менен ооруканалар тизмелерди кандай түзүп жатканы жана акча андан ары кайда кетип жатканы да түшүнүксүз. Өлкөнүн аймактарынын биринде иштеген медкызматкер бизге компенсацияны толук ала албай калганын, ал эми жетекчиси арыздануусун этибарга албай койгонун кабарлады.

«Мен казармалык абалда иштедим. Кошумча акыны толук алган жокмун. Ошондой эле, алар буйрук боюнча 14 күн обсервацияда болдум деп жазышууда. Обсервация дагы төлөнүшү керек эле, мага бөлүнгөн бул акча кайда кетти? Ал [жетекчиси] эпидфондго да өз адамдарын гана кошот. Эгер чынын айтсам, биздин башкы врач эч жакка чыккан жок, "COVID-19га байланыштуу командировкага чыгып жүрдүм" деп өзүнө буйруктарды чыгарып отурду. Кимге канча чегерилип жатканын биз көрбөйбүз — мунун баары жашыруун», - дейт ал.

«Клооптун» журналисттери Жалал-Абад санэпидемстанциясынын кызматкерлери менен байланышып, медкызматкерлер кошумча акыларын толук алышпаганын аныкташты. Алардын арасында коронавирусу бар кызматкер аныкталгандыктан, алар обсервацияда иштеген күндөрү үчүн акча төлөп берүү өтүнүчү менен ССМге жамааттык кат жолдошкон. ССМ инфекциянын очогунда иштеген кызматкерлердин баарына апрель айы үчүн 885 миң сом которгонбуз деп ишендирди.

Бирок медиктер апрелдеги обсервация үчүн бүгүнкү күнгө чейин акча алышпаганын, ал эми март айы үчүн алардын иштегенине болгону 500 сомдон 5 миң сомго чейин гана компенсация түрүндө төлөп беришкенин айтышты.

Бирок Жалал-Абад санэпидемстанциянын башкы дарыгери интервьюда билдиргендей, анын мекемесиндеги кызматкерлер кошумча акы алышкан, ал эми апрелде алар обсервацияда болушкан эмес.

Биз эмнени таптык? Төлөмдүн бардыгын аймактардагы медициналык мекемелерге бөлүштүргөндө июнда алар май айында канча алышса ошончо алышат. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдай өзгөрүп жатат. Мисалы, Нарын облусу миллиондон бир аз ашык алган, ал жакта жагдай өтө чыңалып турган, ал эми июнда такыр эле начарлап кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги муну кандай түшүндүрүүдө?

Мирлан Атакуловдун айтымында, учурда ведомстводо кайда жана канча акча которуу керектигин чечкен так алгоритм жок. Анткени «медиктер мындай алгоритмди же норманы аныктай алышкан эмес, ӨК шартында аны иштеп чыгуу дээрлик мүмкүн эмес».

«Биз азыр [аймактарда] оору канча кишиге жугарын билбейбиз, ошондуктан азыр факт боюнча иштеп жатабыз. Мисалы муктаждыкка жараша ар бир регионго мобилдик бригада жана обсервация түзүлүп жатат», — дейт ал.

Биз дагы эмнени таптык? «Клооптун» журналисттери кайсы медициналык мекемелер акча алып жатканын текшеришти. Биринчи караганда бардыгы логикага туура келгендей көрүнөт, себеп дегенде санэпидемкөзөмөлдөр, инфекциялык жана башка ооруканалар баарынан көп алышты. Бирок стоматологиялар 2,5 млн. сомдон ашык алышкан.

«Бизде эпидемиологдор жетишпейт, инфекциячылар андан бетер жетишпейт, ошондуктан врачтын бардыгы тартылууда, аларга алдын-ала нускама берилет, анан чыгышат. Мисалы, стоматологдор негизинен санитардык-карантиндик постторго тартылган, алар анализ жасап эпидемиологдордой иштешкен жок, бирок кишилердин дене табын текшерип жардам беришти», — деп түшүндүрөт Атакулов.

Жыйынтыгы

Азыр система акча чындап эле медкызматкерлерге жөнөтүлүп-жөнөтүлбөгөнүн жана алар аны алып-албаганын текшерүүгө мүмкүндүк бербейт.

Куаныш Оңолбаев help.covid.kg сайты «жакшы башталыш» деп эсептейт, бирок алуучуларды жеке маалыматтарынын сакталышын эске алып жарыялоо керектигин эскертет. Мисалы, адамдын жеке номерин толук жазбоо керек, ошондой эле медкызматкердин ээлеген кызматын кыскартып койсо да болот.

«Тилекке каршы аткаруу эч кандай артыкчылык бербейт, эч кандай жыйынтык бербейт, бул акча чын эле туура адамдардын колуна, оор шарттарда иштеп жаткан медкызматкерлердин туура эсептерине түшүп жатканына так ынандыра албайт. Бул жагдай каражаттарды максаттуу колдонуу тууралуу ишенимди кетирет», — дейт Оңолбаев.

Help.covid.kg сайтында акыркы алуучу көрсөтүлгөн эмес, андыктан биз акча чын эле медкызматкерлерге жөнөтүлүп-жөнөтүлбөгөнүн текшере албайбыз. Төлөмдөр ооруканалар, же ССМдин өзү аркылуу жүргүзүлүп жатканда, ката кетирүү же коррупциялык тобокелчиликтер бар. Ал тургай жеке жактарга түз акча которулса дагы алар медиктер экенине кепилдик жок.

  • Материалды даярдагандар: Азиза Раимбердиева жана Саадат Төлөгөнова
  • Контрибьютор: Атай Нарынов
  • Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков
  • Дата-редакторлор: Анастасия Валеева, Айзада Тома
XS
SM
MD
LG