Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Экономиканы эл аралык жардам сактайбы?


Кыргызстандын Финансы министрлигинин имараты
Кыргызстандын Финансы министрлигинин имараты

Кыргызстан эл аралык каржы институттарынан 742 миллион доллар жардам алат.

Коронавирус пандемиясынан улам экономикасы оор кырдаалга кептелген Кыргызстан эл аралык каржы институттарынан ала турган каражаттын суммасын жарыялады. Өлкөнүн финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегиндин айтымында, өлкө жылдын этегине чейин 742 миллион доллардан ашык жардам алганы жатат. Бул сан өкмөт өкүлдөрү буга чейин жарыялаган каражаттан дээрлик 100 миллион долларга көп:

«Бүгүнкү күнгө карата 742,9 миллион доллар келери күтүлүп жаткан. Анын ичинен 330,3 миллион доллар келип түштү. Ал эми 409, 6 миллион доллар келет деп күтүлүп жатат. Силер билгендей, бул каражаттар үч багытта колдонулат. Биринчиси - мамлекеттик бюджетти колдоого, экинчиси - коронавируска каршы күрөшкө жана үчүнчүсү - экономиканы колдоого жумшалат».

Финансы министринин орун басары кошумчалагандай, бул каражатын дээрлик көп бөлүгү же 506 миллион доллары бюджетти колдоого жумшалат.

Ал эми сырттан алынган жардамдын төрттөн бир бөлүгү грант түрүндө берилет. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат.


Ушул күнгө чейин келип түшкөн 330 миллион доллардын ичинен Эл аралык Валюта фондунан насыя, Азия өнүктүрүү банкынан жарымы насыя жана Евробиримдиктен грант катары келди. Бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгү бюджетти колдоого же дарыгерлерге, мугалимдерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине айлык акы катары төлөнгөн. Ал эми медициналык жабдыктарды сатып алууга 106 миллион сом гана которулган.

Сүйөркул Абдыбалы тегин учурда сырттан алынган каражаттын эсебинен 9 миллиард 300 миллион сомго жакын каражат экономиканы колдоо үчүн бөлүнгөнүн да жарыялады.

Мындай жол менен кыргыз өкмөтү учурда бюджетти колдоону жана коронавируска каршы күрөштү негизинен сырттан алынган каражаттын эсебинен жүргүзүп жатат. Бирок өкмөттүн сырттан алган каражатка гана үмүт кылып, аны бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатканын сындагандар арбын.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев өкмөттө экономика менен алектенген адистер болбой жатат деген пикирде:

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

«Азыркы убакта биздин өкмөт сырттан алган карыздарга эле үмүт кылып калды. Бул каражаттын баары убактылуу жана аны кайтарышыбыз керек. Азыр алынган каражатты бюджетке салып жеп алган соң кийин кайтарууда кыйын болот. Мунун ордуна биз ички ресурс, ички запастарды карап ишкерлерге эркиндик берип, мыйзамдарды тез арада либералдаштыруунун эсебинен кошумча каражат тапсак болмок. Бирок мындай чараларды ойлонгон адистер болбой жатат».

Бир катар адистер ички ресурс деп өлкөнүн алтын-валюта резервинен каражат алуу, учурда токтоп турган тоо кен жана башка ишканаларды иштетүүнү айтып жатышат. Бирок өкмөттө экономика тармагын тейлеген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев алтын-валюта резервди колдонууга негиз жок экенин билдирген.

Быйыл коронавирус пандемиясы кыргыз экономикасына болуп көрбөгөндөй сокку урду. Мурдагы жылдары деле чыгашасы көп бюджеттин тартыштыгы өлкө эгемендик алган жылдардагы рекорддук чекке жетип, 28 миллиард сомду түзүүдө. Тактап айтканда, быйыл бюджеттин кирешеси 132,9 миллиард сом болсо, чыгаша 161,3 миллиард сом деп белгиленди.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты ай ичинде эле бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды.

Мына ушундай шартта тышкы карызды төлөөнү кийинкиге жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керек деген демилгелер көтөрүлгөн. Өкмөт Кыргызстан 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү 3-4 жылга жылдырып туруу жөнүндө Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания, Корея, Жапония мамлекеттери менен макулдашканын жарыялады.

Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк колдоого алган жакыр өлкөлөрдүн (алардын катарында Кыргызстан да бар) карыз төлөөсүн токтото туруу демилгеси жактырылган болчу.


Тышкы карыздарды төлөөнү узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген соңку маегинде да ырастады. Анын айтымында, Кытай баштаган бир нече өлкөлөр менен карызды төлөөнү убактылуу токтотуу туруу боюнча келишимге жетишилди.

"Кытай тарап менен, Париж клубунун мүчөлөрү – Германия, Франция, Дания, Корея, Жапония, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө сүйлөшүүлөргө жетиштик. Аларга да рахмат, туура түшүнүп, муну да колдоп беришти. “G20” тобуна кирген 20 ири мамлекеттин алкагында да тышкы карызды төлөөнү убактылуу токтото туруу жөнүндө макулдаштык. Андан тышкары “айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган аракеттер менен карызды жоюу” механизмин колдонууну демилгелеп жатабыз. Бул жаатта да иш уланып жатат. Эгерде биз койгон ушул маселе чечилип калса, биз эки жактан тең пайда табабыз: биринчиси – карыздан кутулабыз, экинчиси – ошол айлана-чөйрөдө болуп жаткан маселелерди да өзүнүн каражаты менен чечип алабыз".

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз бийлиги мындан ары беш жылга берилчү мөөнөттүү насыяларды алууну токтоторун кошумчалаган. Бирок буга карабай бир катар адистер карызды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештерүү керек экенин айтышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы экономика, финансы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, антпесе кыргыз экономикасы үчүн абдан оор күч келет:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

«Азыр сырттан келген акчанын аягы көрүнүп калды. Бул жылдын аягына чейин эле жетет. Андан кийин эмне кылабыз? Эгер азыр сүйлөшүп, кошумча каражат таап, бизнести от алдыра албай калсак кийинки жылдары абдан оор болот. Биздин өзүбүзгө алган социалдык милдеттер эле айына 12 миллиард сомду түзөт».

Жапаров учурда өкмөт өлкөдөгү өндүрүштү, чакан жана орто бизнести колдоо зарылчылыгын билдирип жатат. Дал ушундай шартта эң чоң коркунуч пандемиядан улам чек аралардын жабылышы чакан жана орто ишканалардын ишин токтотпойбу деген маселе болуп турат.

Кыргыз бийлиги пандемиядан улам кыйынчылыкка кептелген ишканаларга жардам берүү үчүн эки жылга 14 миллиард сом бөлөрүн убада кылган эле. Ушул жуманын башында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ишкерлерди колдоо үчүн 4.2 миллиард сом бөлүнгөнүн жарыялады.

Бирок ишкерлер арасында бул каражаттарды алууда кыйынчылыктар болуп жатканын айтышууда. Маселен, Агроөнөр жайды өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Темир Ажыкуловдун айтымында, азырынча ишкерлер өкмөт убада кылган каражаттарды ала элек:

Темир Ажыкулов
Темир Ажыкулов

«Насыяларга документтерди март айынан бери эле берип жатабыз деп компаниялар айтып жатышат. Заводдор да, анын ичинде айыл чарба тармагында иш алпарган ишканалар да. Тилекке каршы, ошол март айынан бери эле «Айыл банк» болобу же башка мамлекеттик банктар акча бөлө албай жатышат. Кечээ гана вице-премьер Асрандиев 4,2 миллиард сом банктарга берилди деп жатат. Эми аны кандай кылып бөлүп берээрин карап турабыз».

Дал ушул четтен алынган каржы канчалык натыйжалуу пайдаланылып жатат деген суроо талкуу жаратууда. Буга чейин коомчулукта алынган акчаны бөлүштүрүүдө коррупция болгон жокпу деп шектенген пикирлер арбын айтылган. Буга президент Сооронбай Жээнбеков көңүл буруп, сырттан алынган каражаттын максатсыз пайдаланылышына жол бербесин билдирген эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG