Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Мамлекеттик бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды


Кыргызстандыгы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пандемиянын айынан экономика кыйынчылыкка кептелип, жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калганы белгилүү болду.

Өкмөт мунун себебин жолдор жабылып, тышкы соода басаңдаган жагдайга байланыштырды. Ал эми башка бир талдоочулар пандемия шартында өлкөдө салык жана бажы жыйымдарын чогултуу начарлап, товарларды аткезчилик жол менен киргизүү күчөгөнүн айтып жатышат.

Жети айда 14 миллиард сом түшпөй калды

Жыл башынан бери, тагыраагы өткөн жети айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 14 миллиард сомдон ашуун салык, бажы жыйымы жана социалдык төлөм түшпөй калган. Мунун айынан бюджеттик кызматкерлердин маянасын, пенсия жана жөлөк пул төлөөдө кыйынчылыктар чыккан.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бюджетке ири өлчөмдө акча түшпөй калышынын себептерине токтолду.

"Бюджетке акча түшпөй калуунун себептери бардыгына белгилүү. Ошол эле чек аралардын жабылып, жүк ташуулардын кескин төмөндөшү жана карантин чаралардын айынан ишкердиктин көп түрлөрүнүн токтоп калганына байланыштуу. Азыр кандай чаралар көрүлүп жатат? Учурда чоң үмүт арта турган чаралардын бири бул – салык жана бажы тутумун санариптештирүү. Бул эрежелер көмүскөдөгү экономиканы сыртка алып чыгып, салык жана бажы органдарында ачык-айкын каттоону жүргүзүүгө өбөлгө түзөт".

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кризис келе элек учурда деле салык жана бажы жыйымдарын чогултууда маселе бар экенин буга чейин өкмөттө да белгилеген.

Араанын ачкан аткезчилик

Коомчулукта пандемия мезгилинде өлкөгө салык төлөбөстөн товарларын киргизген аткезчилик агымы күчөгөнүн айтышууда. Жеке ишкер Кыязбек Талипов салык төлөй турган ири ишкердик толугу менен иштебей калды дегенге ишенүү кыйын экенин айтууда. Анын баамында, көптөгөн ири соода компаниялары пандемия маалында кризиске шылтоолоп, салык төлөөдөн качкан өнөкөт кулач жайган.

"Мурда кыйналып келген ишкерлер аябай эле кыйналып, иштегендер пандемия учурунда мурдагыдан дагы жакшы иштеп жатышпайбы. Сырттан дүңүнөн азык-түлүк, кийим-кече жана курулуш материалдарын ташып келип жатышкан ири компаниялардын соода жүгүртүүсү 5-6 эсе өскөнү байкалып эле турат. Дары-дармек саткан компаниялар, азык-түлүк саткан соода маркеттеринде адамдар кезекке туруп жатат. Анан кантип ошолор кризисте же банкрот болушту дегенге ооз барсын? Чоң ишкерлер ири өлчөмдө салык төлсө болмок. Бирок биздин билишибизче, алар салык жана бажы органдары менен келишип алып, салыкты жашырып, чек аралардан ири өлчөмдө товарларды токтоосуз ташып кирип жатышпайбы. Эмнеге өкмөт ошону көрбөйт? Кайра салык чогултуу түшүп кеткенине даттанып жатканы кызык. Анын чыныгы себептерин өкмөттөгү адамдар өздөрү жакшы билет".

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев чек аралардын ачылышы менен салык жана бажы жыйымдарын чогултуу планы жолго салынып, ага карата фискалдык көзөмөл күчөтүлө турганын убада кылды.

Эл аралык жардамга байланган милдет

Каржы министрлиги убада кылынган эл аралык каржылык жардамдын 291 миллион доллары келип, ал акча бюджетти колдоого жана илдет менен күрөшүүгө багытталганын жарыялаган.

Премьер-министр Кубатбек Боронов эл аралык жардамдын эсебинен мамлекет социалдык милдеттерин аткара турганын да айткан.

"Айлык-маяна, пенсия жана жөлөк пулдарды өз убагында берүү үчүн кошумча каражаттарды тартып келүү үстүндө тынымсыз иштеп жатабыз. Ошентсе да, бардыгыбыз байкап тургандай, кырдаал бир топ кыйындап бара жатат. Бюджеттин тартыштыгы 30 млрд. сомго чейин жетиши мүмкүн экени болжолдонуп жатат. Бул биздин кичинекей мамлекет үчүн орчундуу жүк. Бирок биз бюджетти аткарабыз деп убада бергенбиз. Аны сөзсүз ишке ашырабыз".

Катылган акчанын кайгайы

Бирок экономика боюнча адистер мамлекет эл аралык жардамдын эсебинен маяна, пенсия жана жөлөк пул төлөп калган жагдай анын дефолт абалын мүнөздөй турганын белгилешкен.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев мындай оор шартта өкмөт эмнеге Улуттук банктын карамагындагы алтын-валюта запасын колдонбой жатканын сынга алган.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

"Өкмөт азыр таяк жеп, жалкыган баладай болуп, эч нерсе кыла албай калды. Биз өкмөткө өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк беришибиз зарыл. Бизде сары майдай сактап жүргөн ички резервдер бар. Улуттук банкта 2,5 млрд. доллардан ашуун алтын-валюта запасы турат. Аны мына ушундай учурда колдонбогондо, анан качан колдонобуз. Ошону пайдаланып, кырдаалдан чыгуунун жолдорун ойлонсок болмок".

Ал эми Улуттук банктын жетекчилиги жана өкмөт өкүлдөрү мурдагы өкмөт башчысынын бул сунушун четке кагып, өлкөнүн алтын-валюта резервин пайдаланууга азырынча негиз жоктугун жана ал каражат финансы системасынын туруктуулугун кармап турууга багытталганын белгилеп, жооп кайтарышкан.

Кыргыз өкмөтү эл аралык донор уюмдардан каржылык жардам сурап, 645 млн. долларга чейин жеңилдетилген насыя жана грант түрүндө колдоо тапкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG