Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:22

Кыргыз-казак «соода согушуна» ЕЭК арачы түштү


Бишкек менен Нур-Султандын соода тиреши
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

Чек ара: Бишкек менен Нур-Султандын соода тиреши

Кыргызстан менен Казакстандын «соода согушу» тереңдеди. Расмий Бишкек бул маселени Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынына алып чыгып, маселе чечилбесе, аталган уюмдун ишин блоктоого барарын жарыялады.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон автоунаалардын аягы тыйыла элек. Кыргызстандын Чек ара кызматынын 10-июнга карата маалыматы боюнча, учурда чек арада 200дөн ашык жүк ташуучу автоунаа топтолуп турат.

Мындай кырдаалда чек арадан товарлар чектөөсүз өтөт деген уюмга мүчө эки өлкө ортосундагы «соода согушу» Евразия экономикалык комиссиясына жетти.

Бишкек: Чечкиндүү кадамга барабыз

Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов чек арадагы соңку абал Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аткаруучу органы болгон Экономикалык комиссиянын жыйынында караларын 9-июнда билдирген. Министр бул жыйында көйгөйгө көңүл бурулбаса, кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарга барарын эскерткен:

Cанжар Мукамбетов
Cанжар Мукамбетов

«Албетте, биз бардык нерсени регламенттин негизинде жасап жатабыз. Акыркы бирден-бир чара катары коллегияда көтөрүлүп, каралганы жатат. Коллегиядан чечилсе, чек арадан биздин продукциялар эртерээк өтүп калат. Болбосо, ЕЭКке мүчө болгон биздин министрлерди чакыртып алсак болот. Ошондо комиссия чечим кабыл ала албай калат».

Министр айткандай эле, Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз-казак чек арасындагы абалды 9-июнда талкуулаганы белгилүү болду.

Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлагандай, аталган комиссия кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнү "соода барьери" деп тааныган.

Мындан сырткары Казакстандын өкмөтүнө Кыргызстандан кирген товарларды ашыкча текшерүүнү токтотуу, чек арадан өткөн автоунааларды текшерүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана тез бузулчу товарлар үчүн "жашыл коридор" түзүү сунушталган.

Буга кошумча ЕЭК акыркы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, аны териштирүү үчүн атайын жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алган.

Нур-Султандын жообу

Бирок Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги таптакыр башкача маанидеги билдирүү таратты. Коңшу өлкө Евразия комиссиясынын коллегиясы акыркы абалды казак тараптын барьери катары кабыл алган жок деп маалымдап жатат:

«Өз кезегинде Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер боюнча комитеттин экспорттук жана салыктык көзөмөлдү ишке ашыруудагы аракетин Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы легитимдүү деп тааныды», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле кезде расмий Нур-Султан буга чейин жолдогон сунуштарына Кыргызстандын тиешелүү органдары «кулак салбай келгенин» билдирген.

«Биз өнөктөштөрдүн мындай мамилеси Кытайдан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына ташып келген товарларды легалдуу ташуудан качуу үчүн ак ниет кызматташтыктан качып жатабы деген адилет күмөн саноону жаратат» деп белгилешкен билдирүүдө.

Буга карабай бул өлкө Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачууга даяр экенин кошумчалаган. Муну Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрага орун басары Жайдар Инкербаев «Азаттыктын» казак кызматына берген маегинде ырастады:

«Биз коңшу өлкөгө кошумча бекеттерди ачууга даярбыз деп айтканбыз. Мисалы, «Сыпатай Батыр» («Чалдовар») бекетин ачууга даярбыз. Андан кийин жети бекет ачылат. Мындан сырткары «жашыл коридор» берип, тез жана кезексиз өткөрүүгө даярбыз».

Муну 10-июнда кечке маал Кыргызстандын бийлиги ырастап, «Чалдовар» бекети иштей баштаганын кабарлады. Мындай жол менен учурда кыргыз-казак чек арасында иштеп жаткан Чүйдөгү «Ак-Тилек», Таластагы «Чоң-Капка» бекеттерине «Чалдовар» бекети кошулду.

Көп өтпөй Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду. Өкмөттүн маалымат кызматы кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачыларын, бул сунуш казак өкмөт башчысынан түшкөнүн кабарлады.

“Сүйлөшүүдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланды. Казак тараптын сунушу боюнча мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүү боюнча эки жактуу макулдашууга жетишилди. Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды эки тараптан колдой турганын ырасташты”.

Өкмөттүн маалыматында эки өлкөнүн өкмөт башчылары коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чогуу күрөшүү, COVID-19 вирусунан коргонуу чараларын талкуулап, мындан аркы кызматташуунун багыттарын да сүйлөшкөнү айтылат.

Анткен менен Мукамбетов айткандай, иш кыргыз өкмөтү Евразия комиссиясындагы өз өкүлдөрүн чакырууга жетпейби деген суроо курч бойдон турат.

Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров Кыргызстан чечкиндүү билдирүүлөрдү таратканы менен ал иш жүзүнө ашабы деп күмөн санап турат:

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

«Муну сөз түрүндө айтып эле келе жатабыз. Бирок иш жүзүндө бир да жолу кыла элекпиз. Бирок ушундай кырдаалды биз өз өкүлдөрүбүздү чакыртып, кагаздарга кол койбош керек. Анткени, иш жүзүндө ЕАЭБ иштебей жатат. Бирок ага бара алабызбы - бул өзүнчө маселе».

Негизи ЕАЭБдин аткаруучу органы болгон Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын атынан эки министр иш алпарат. Алардын бири - Олег Панкратов уюмдун Бажы кызматташтыгы боюнча министрлигин аркалайт. Экинчиси - энергетика жана инфраструктура боюнча министр болуп Эмил Кайкиев иштеп келет.​

Чек арадан чыккан «кайым айтыш»

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «соода согушу» расмий Бишкек ЕАЭБге мүчө болгон күндөн тартып эле мезгил-мезгили менен жаралып келет. Алардын ичинен 2017-жылы казак тараптын чектөөсү узакка созулуп, бир айдан ашык убакытка созулган. Ал учурда чек арадагы чектөөгө Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине айткан ачуу сыны себеп болду деп бейрасмий айтылган.

Ал эми бул жолку чектөөгө чек арадагы көмүскө соода себеп болгону ачык эле айтылууда. Маселен, бул туурасында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети 8-июнда тараткан билдирүүдө айтылат. Анда эки өлкөнүн ортосунда өтүп жаткан товарлардын экспорт жана импорт боюнча маалыматтарында 10 эсе айырма бар экенин маалымдалган.

Маалыматта акыркы бир жарым жыл ичинде (январь, 2019 – июнь, 2020) Кыргызстандан Казакстанга транзитти эсепке албаганда, 79 163 жүк ташуучу унаа кирүүгө аракет кылганы, бажыдагы түрдүү текшерүүлөрдүн натыйжасында алардын басымдуу бөлүгүндө товарларды мыйзамсыз, жасалма документтер менен алып өтүү аракети аныкталганы белгиленген.

Кыргызстандын Экономика министрлиги буга жооп кайтарып, 9-июнда билдирүү тараткан. Анда коңшу өлкө айткан ортодогу соода-сатык боюнча көрсөткүчтөрдөгү 10 эсе айырма тууралуу статистикалык маалыматы чындыкка дал келбей турганы айтылган.

Расмий Бишкек тескерисинче, Казакстандын статистикасында ката бар экенин билдирүүдө. Тактап айтканда, 2019-жылы Кыргызстандын Казакстанга жөнөткөн экспорту 337,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми Казакстандын Статистика боюнча комитети Кыргызстандан барган импорт 2019-жылы 251,9 миллион доллар болгон деп билдирүүдө. Ошентип, казак тараптын маалыматы 85,6 миллион долларга аз көрсөтүлгөн.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG