Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Меликишвили: Пандемия ЕАЭБдеги ажырымды күчөттү


Алекс Меликишвили.

Коронавирус пандемиясы Евразия Экономикалык Биримдигине кандай таасир этти?

Биргелешкен бир аракеттер көрүлдүбү? Уюмдун курамындагы мамлекеттер кризис учурунда тилектештигин көргөзө алыштыбы?

Ушул жана башка суроолорго Париждеги «IHS Markit» изилдөө компаниясынын башкы талдоочусу Алекс Меликишвили жооп берди.

- Маегибизди соңку окуядан баштасак. 19-майда Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн президенттери уюмдун беш жылга түзүлгөн стратегиясын бекитишкен жок. Бул күтүлгөн эле жаңылык болдубу?

- ЕАЭБ башынан эле формалдуу уюм болчу. Институционалдык жактан өнүккөн эмес болчу. Акыркы жаңылык мен үчүн таң каларлык эмес. Себеби, биримдиктеги өлкөлөр бир жагынан COVID-19дун кесепеттери менен күрөшсө, экинчи жагынан уюмдун эки негизги мүчөсү - экономикасы газ менен мунай экспортунан көз каранды Орусия менен Казакстанга мунайдын кескин арзандашы да чоң сокку урду. Мунун бардыгы биримдиктин интеграциясына терс таасирин тийгизбей койгон жок.

Андан тышкары көптөгөн ички карама-каршылыктар байкалууда. Мисалы, уюмдун жакыр жана чабал мүчөлөрү Армения жана Кыргызстан өз-өзүнчө Орусияга кайрылып, газдын баасын төмөндөтүүнү суранышкан. Менин түшүнгөнүмө караганда, Орусия андайды каалаган жок. Бул да биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы тилектештиктин деңгээлин көргөзөт.

Москвада оорукана салып жаткан кыргыз мигранттары.
Москвада оорукана салып жаткан кыргыз мигранттары.

Дагы бир мисалды айта кетейин. Орусиянын өкүлдөрү маал-маалы менен орток валюта маселесин көтөрүп келишет. Казак бийлиги, анын ичинде Тышкы иштер министрлиги канча жолу «андай маселе каралбайт» деп билдирүү жасаганын санап да бүтүрө албайм. Блоктун хартиясында да андай мүмкүнчүлүк каралган эмес. Нур-Султан үчүн орток валютаны кабыл алуу - өтө алыс кеткен кадам, азырынча.

- Пандемия биримдикке, андагы мамлекеттердин кызматташтыгына кандай таасир тийгизди?

- Биримдик 2015-жылдын январында, демек 5 жыл мурун пайда болгонун унутпаш керек. Бул салыштырмалуу жаңы уюшма. Ал биринчи кезекте экономикалык интеграцияга негизделген соода блогу. Балким Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаев оюнда Европа Биримдигин үлгү катары караштырса керек. Бирок бул биринчи кезекте соода блогу деп кайталайт элем. Демек, COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиялогиялык чукул кырдаалды жөнгө салуу сыяктуу маселелер анын баштапкы уставынын алкагына кирбейт.

Уюмдагы мамлекеттердин ортосунда карантиндик аракеттерди айкалыштыруунун белгилери да байкалган жок. Ар бир өлкөнүн өкмөтү башкаларды карап отурбай өз алдынча карантин киргизген. Көрүлгөн чаралар бири-биринен абдан айырмаланып келген жана азыр да айырмаланат. Менимче, биримдик коронавируска байланыштуу конкреттүү биргелешкен стратегияны сөзсүз иштеп чыгышы керек деп күтпөй эле койгон оң. Ооба, жетекчилер жыйын куруп, кризисти талкуулашты. Бирок баары кайра эле формалдуу түрдө өттү.

Уюмдагы мамлекеттер COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу аракеттерин координациялоо жөнүндө макулдашкан. Конкреттүү иштерден медициналык жабдууларга бирдиктүү импорт тарифтерин алуу, эпидемиологиялык маалымат менен алмашып туруу сыяктуу чечимдерди атасак болот. Уюмдун кандайдыр бир гуманитардык жардамы жөнүндө мен уккан эмесмин. Эки тараптуу негизде айрым өлкөлөр бири-бирине көмөктөшүүдө. Мисалы, Казакстан Кыргызстанга жардам жөнөткөнүн айтсак болот.

- Кээ бир жетекчилер кыйынчылыктарга туш болгон тармактарды колдош үчүн Евразия өнүгүү банкын тартууну сунуш кылышкан. Ошондой сунуштарды ишке ашыруунун механизми барбы?

- Евразия өнүгүү банкы COVID-19дун экономикалык кесепеттерин жумшартыш үчүн биримдиктин мүчөлөрүнө акча бергенинен кабарым жок. Банктын насыя мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Кандай болгон күндө да биримдикке кирген мамлекеттердин башка эл аралык финансылык институттардын, анын ичинде Дүйнөлүк банк менен Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) жардам алуу мүмкүнчүлүгү жогорураак. Кыргызстан ошондой көмөк алуунун кезегинде турат, мисалы мартта ЭВФ чукул жардам иретинде 120,9 миллион доллар насыя бөлүүнү жактырган.

Евразия экономикалык кеңешинин онлайн жыйыны.
Евразия экономикалык кеңешинин онлайн жыйыны.

- Айрым эксперттер ушундай пандемия маалында биримдиктин Орусияда жүргөн жарандары орус жарандары менен тең каралса болмок деген ойлорун айтышат. Бул канчалык реалдуу?

- Бул куру кыял деп ойлойм. Соңку окуялар көргөзгөндөй, коронавирус жуккандар кескин көбөйгөн сайын Орусиянын саламаттык сактоо системасына чоң күч келип атат. Өлкө COVID-19 илдетинин негизги очокторунан болуп калды. Мындай шартта медициналык жайлар орус жарандарын дарылап айыктыруу менен алектенип, айласын таппай келатышат. Бейтаптар ансыз да көп болуп жатат. Анан биримдиктин жарандарына да ушундай кам көрүшөт деген ой реалдуу эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG