Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Мигранттар шайлоо укугун чектөөгө каршы


Орусияда иштеген жарым миллиондон ашуун мигранттын 6 миңдейи гана парламенттик шайлоодо добуш бере алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого чет өлкөлөрдө жүргөн 13 321 жаран катыша алат.

Алардын алты миңден ашууну Орусияда болсо, жарымынан көбү Москва шаары менен Москва облусунда.

«Tizme.gov.kg деген сайтта шайлоочулардын тизмеси чыкты. Ал жакта Орусияда добуш берүүчүлөр да бар. Жарандар өздөрүн ошол базадан текшерип, ал жакта жок болсо, элчиликте консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалымат тапшырышы керек. Азыркы кезде консулдук каттоодо 4 миңден ашуун адам бар эле, алардын төрт миңден азыраагы шайлоочулардын тизмесине кирди», - деди элчиликтин өкүлү Алмаш Алтымышева.

Орусиянын ИИМинде быйыл январь-июнда 380 миңдей кыргызстандык миграциялык каттоого турган. Орусияда туруктуу иштеген мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде.

2017-жылы президенттик шайлоодо Москвадагы жүз миңдеген мигранттын ичинен 1252 кыргызстандык, жалпы Орусияда 2,6 миңдей гана жаран добуш берген. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Орусиядан добуш берген мигранттардын саны 2 миңге жеткен эмес.

Орусиядагы кыргыз диаспораларынын айрым өкүлдөрү консулдук каттоо, биометрикалык маалыматтарды тапшырууну, жүргөн жеринде добуш берүү үчүн арыз жазууну талап кылган шарттар мигранттардын шайлоо укуктарын чектеп жатканын айтып келишет.

«Шайлоо тилкелерин көбөйтүү керек. Ар бир шайлоодо муну айтып келебиз. Ашып кетсе, 3 миңдей мигрант добуш берет. Ошону менен бүтөт. Адамдардын шайлоо укуктары тебеленип жатат. Анан «барьер» койбош керек. Улам бир талап койгон сайын, мигранттар шайлоого катыша албай жатат. Үчүнчү нерсе - бул шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү. Ага 12-15 адамды киргизишет, анын ону сөзсүз элчиликтин кызматкери болот. Ар шайлоодо элчилик менен консулдуктун кызматкерлери шайлоого иштеп, элди тейлөө начарлайт, мигранттар арыздана баштайт. Бул жерде иштеп жүргөн илимдүү-билимдүү жаштар, активисттер толтура. Шайлоо комиссиясында алардын санын көбөйтүү керек», - деп эсептейт Кыргызстандын акыйкатчысынын Москвадагы өкүлү, коомдук ишмер Бахтияр Өмүрзаков.

Шайлоо тилкелери бул ирет Москва, Красноярск, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск менен Владивостоктогу дипломатиялык мекемелерден тышкары Якутск, Иркутск, Сургут жана Түштүк Сахалин шаарларында ачылат.

БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова февралда Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда мигранттардын басымдуулугу - кеминде 350 миңдей кыргызстандык иштеген Москвада бир нече шайлоо тилкесин ачуу маселесин кароону убада кылган.

Ар бир шайлоодо Кыргызстандын тиешелүү мыйзамдарына шилтеме жасалып, чет өлкөлөрдөгү жарандардан биометрикалык маалымат тапшырып, консулдук каттоого туруу талап кылынат.

Ал эми биометрикалык маалыматты мекенде тапшырып, учурда өлкөдөн тышкары жүргөн жарандар алдын ала дипломатиялык өкүлчүлүктөргө паспорту менен кайрылып, жүргөн жеринде добуш берүүнү каалагандыгы тууралуу арыз жазышы керек. Мындай арыздын негизинде жаран убактылуу консулдук каттоого алынып, 15 доллар өлчөмүндө консулдук акыны төлөөдөн бошотулат.

2017-жылы президенттик шайлоодо добуш бере албай калган 500-600дөй мигрант Москвадагы кыргыз элчилигинин алдына чогулуп, нааразылык билдирген. Алардын көбү биометрикалык маалымат тапшырбай, консулдук каттоодон өткөн эмес. Кээ бири мигранттарга жетиштүү маалымат берилбегенин айтса, айрымдары өздөрүн тизмеден таппай калган. Мындай көрүнүш Орусиянын башка шаарларында да катталган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова чет жакта иштеген кыргызстандыктарга дүйнөнүн каалаган бурчунан эч кандай консулдук каттоосуз, алдын ала арыз жазбастан, биометрикалык паспорт менен гана добуш берүүгө шарт түзүлүшү керек деп эсептейт. Мындай тажрыйба башка бир катар өлкөлөрдө колдонуларын белгилеген адис «адатта кедей өлкөлөрдө мигранттар бийликке каршы электорат» болуп эсептелгендиктен, ага жол берилбей жатканын айтты:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Башка өнүккөн өлкөлөрдү айтпай эле коёюн. Ошол эле Молдовада шайлоочулардын бирдиктүү базасы түзүлгөн. Молдова жараны кайсы жерде болбосун, паспорту менен каалаган шайлоо тилкесине барып добуш бере алат. Бизде да ушундай бирдиктүү база болушу керек. Тилекке каршы, бизде азыркыга чейин шайлоочулардын тизмесин шайлоо тилкелери боюнча бөлүп жүктөшөт. Биздин Калкты каттоонун бирдиктүү базасын (ЕГРН) колдонуп, шайлоочулардын базасын ачса, анда жараныбыз кайсы жерде жүргөнүнө, жашаганына же катталганына карабай шайлоодо эркин добуш бере алмак. Бул система. Бул Калкты каттоонун бирдиктүү базасын бардык участокко бирдей жүктөбөй, бөлүп- бөлүп киргизип, ошол боюнча добуш берүү талап кылынгандыктан, ушул талаш-тартыш, жарандарыбызда түшүнбөстүк, ишенбестик жаралып жатат. Мындай чектөөлөр артта калган өлкөлөрдө гана колдонулат».

Абдрахматовашайлоодо добуш берүү үчүн чет жактагы жарандардан консулдук каттоого турууну талап кылуу да ашыкча деген ойдо:

«Консулдук каттоого мен такыр каршымын. Бул ички жана тышкы миграцияга байланыштуу жарандарыбыздын милдети. Бирок,президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо бул конституциялык мыйзам. Жарандарыбыздын шайлоого жана шайланууга укугу Баш мыйзамда бекитилген. Бул миграция боюнча мыйзамдан юридикалык күчү жагынан жогору турат да».

Ал эми Москвада иштеген Мурзабек Интернет жана маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда кыргыз өкмөтү чет жактагы миллиондой жаранына электрондук добуш берүү шартын түзүү керектигин баса белгиледи.

«Биздин элчилик арыздарды жана консулдук каттоону онлайн жүргүзө баштаса, өтө сонун болмок. Андан да оптималдуу, заманбап ишке өтүп, электрондук добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, мыкты болмок. Кыргызстанда президент өзү талап кылып, айтып жаткандай цифровизация жүрүп жаткан болсо, бул жеңил эле аткарыла турган нерсе. Бюджетке да үнөмдүү болмок».

БШК шайлоочулардын алдын ала тизмеси 26-июлдан тартып «Тизме» сайтына жарыяланганын кабарлады. Жарандардын кайсы бир шайлоо тилкесинде добуш берүү боюнча арыздарын кабыл алуу 15 күн мурда аяктайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG