Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Орусиядан дагы 283 жаран келди


14-июнда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген жарандар.
14-июнда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген жарандар.

30-июлда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Ош багытындагы учагы менен Кыргызстанга 283 жаран келди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учакта орун чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын комиссия түздү.

Алар негизинен Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөт мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балалуу энелер, олуттуу себептери бар жарандар.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери, 20-марттан 24-июлга чейин 78 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу 52 автобус менен 19 111 адам Орусиядан Кыргызстанга жеткирилди.

Мекенине кайтыш үчүн кайрылгандар көп болгондуктан, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маал-маалы менен Москвадан Бишкек жана Ош шаарларына авиакаттам уюштуруп жатат.

Коронавирус пандемиясынан улам мартта бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдө миңдеген кыргызстандыктар калып, бийликтен өлкөгө алып кетүүнү суранып жатышат. Алардын көбү Орусияда жашап-иштеген мигранттар. (NT)

XS
SM
MD
LG