Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Эл үнү: Транспорттогу санааркаткан тыгылыш


Бишкекте жүргөн кичи автобустар.
Бишкекте жүргөн кичи автобустар.

«Эл үнүнө» балдары четте окуган студенттердин ата-энелери кайрылышты. Казак-орус чек арасына кыргыз мигранттары кайра топтоло баштады. Барактагы суунун тартыштыгы менен Бишкектин кичи автобустарындагы тыгылышты айткандар бар.

Чет өлкөдөн үйүнө жете албай зарлагандар дагы эле көп

Орусиянын Татарстан Республикасынын Альматьев мамлекеттик мунай институтунда окуган студенттердин ата-энелеринин тобу Кыргызстандын жетекчилерине кайрылып, жатаканаларынан чыга албай калган 35 студентти алып келип берүүнү өкмөттөн өтүндү.

Ал эми мамлекет аралык түзүлгөн келишимдердин негизинде алмашуу ыкмасы менен Болгариянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Камила Керимбаева, Асем Айдинова жана Гүлнур Турдумалиева Кыргызстандын жетекчилерине видео аркылуу кайрылышты.

Камила Керимбаева: - Алмашуу программасы менен келген студентмин.

Асем Айдинова: - Кыргызстанга 25-апрелде кетмекпиз. Бирок пандемиянын айынан каттам жабылып, уча албай калдык.

Гүлнур Турдумалиева: - Үч айдан бери мекенибизге кайтуунун жолун издеп, Кыргызстандын Стамбулдагы консулуна кайрылдык. Ал «Украинадагы элчиликке кайрылгыла» деди. Ал жакка барсак «авиакаттамдар ачылгыча күткүлө» дешти. Ал эми каттамдар качан ачылары али белгисиз.

«Чет жерде жашоого каражатыбыз калбай калды» деген студенттер 9-июнда Стамбулдан Бишкекке уча турган чартердик рейс менен алып кетүүнү өтүнүштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык иштер жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова чет жерде окуп жаткан студенттердин жалпы санын тактаганын билдирди.

Улан Дыйканбаев, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы:

- Болгариядагы студенттер Украинадагы элчиликке кайрылышы керек, себеби Болгария консулдук округ боюнча Киевге карайт. Анткени элчилик канча студент кайрылганын тактап, тизмесин министрликке берет, аны биз Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штабга беребиз.

Мигранттар Оренбургдун талаасын кайра «жердешти»

Аты-жөнү белгисиз жигиттер:

- Кыргыздар ушинтип чогулуп кетели деп келгенбиз. Ал жакта ишибиз жок. Оренбургда турабыз.

- Айла жоктон ушул жакка келдик.

- Боюнда бар аялдар бар.

- Ушундай ээн талаада калдык.

- Азык-түлүгүбүз жок, суубуз түгөндү. Тамак-аш менен камсыздап берсеңер, бирок эң башкысы - бизди өз мекенибизге алып кеткиле. Биз Кыргызстанды сагындык.

- Бул жерде шамал, чатыр жок.

- Жаткан жерибиз сыз. Боюнда бар келиндер, жаштар, карылар да бар. Канча жылдан бери Кыргызстанда жумуш жок болгондуктан Орусияда иштеп, бала-чакабызды багалы деп жүргөнбүз. Урматтуу Сооронбай Шарипович, 120 депутат, бизди алып кеткиле.

- Бул жерге келгендердин баары таза, ооруганы жок.

Аты-жөнү белгисиз аялдар:

- Казакстанга же Орусияга кайрылгыла, сураныч, бир эле жолу айтып койгулачы. Биз да ушинтип ай талаада жатпай Кыргызстанга кеткибиз келип атат.

- Кыргызстанга жетип алсак эле болду, 15 күн болсо деле обсервацияга жатып беребиз.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Улан Дыйканбаев:

- Азыр чек аралар жабык, эл аралык авиакаттамдар токтотулган. «Орусиянын, Казакстандын чек арасына барбай тургула» деп бир канча жолу суранганбыз. Ошого карабай чогулуп атышат. Чек аралар жабык болгондон кийин ар бир өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик мекемелери менен бирге бул маселе боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Ал сүйлөшүүлөрдүн бардыгы өз тартиби жана баскычы менен өтүшү керек.

Барактагы суунун тартыштыгы

Аты-жөнү белгисиз тургун:

- Аябай өкүнүчтүү. Мына, суунун жоктугуна байланыштуу жүгөрүбүз куурап баратат. Суу кээде күндүз келсе, түнкүсүн келбей, он сааттап акпай атат. Буудайдын бышарына дагы бир ай бар, ошого карабастан суу ичпегендиктен баш албай туруп бышып калды. Буудайдын даны жок. Карантин учуру бизге буудай, жүгөрү жана башка дан азыктарын өзүбүз өстүрүшүбүз керек экендигин көрсөттү. Бирок суу жок өстүрө албай жатабыз. Айылыбызга Ак-Буура дарыясынан суу келет. Ал суу Өзбекстандын бардык аймагына жетип, биздин айылга жетпей атат. Аны ким чечет?

Суроого жооп алыш үчүн Барак айылынын башчысы Ашырбек Бурканов менен Кара-Суу райондук администрациясынын башчысы Тилек Матраимовго телефон чалганыбыз жоопсуз калды.

Беш-Мойноктун элин чаң жүдөттү

Айыл тургундары:

- Урматтуу президент Сооронбай Шарипович, биздин кайрылуубузга Беш-Мойнок айылындагы кирпич заводу себеп болду. Завод канча жылдан бери элди түтүнгө уулап бүттү. Өпкөнү оорулуу кылды. Завод Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге таандык. Депутатка керек жашоо бизге керек эмеспи? Бир чарасын көрүңүз, болбосо үч айылдын эли тажап бүттү. Ал заводун тезинен көчүрүп алып кетсин, биз ошону талап кылабыз.

"Заводдун зыянын азайтыш үчүн кандай чара көрүлөт?" деп бул заводдун ээси, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевге кайрылып, бирок жооп ала алган жокпуз. Жергиликтүү элдин талабына себепчи болгон заводду иштетүүгө макулдук берген Экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция менен Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мыйзамдуу чара көрүүгө милдеттүү экендигин эске салалы.

Бишкектин кичи автобустарындагы тыгылыш

Бишкектин тургуну:

- Маршруттук кичи автобустардын жүрүшүнө уруксат берилди. «Отургучтарга гана отургандар ташылсын» деген талап болду эле, бирок аны аткарган эч ким жок. Эртең менен бир жолу текшерип коюп гана тим болуп жатышат. Тыгылышып, бири-бирибизге жабышып, жытташып келип атабыз. Беткап деген жок. Текшерүү жайларындагылар өздөрү кийинип алып, телефонун чукулап гана отурушат. Акча өнө турган анча-мынча автобустарды гана текшерип, башкаларды карап да коюшкан жок. Эмне үчүн ушуга көзөмөл болбой жатат?

«Эл үнү» программасына кайрылыш үчүн «WhatsApp» тиркемесиндеги 0-550-988-755 номери такай иштейт. Эске алчу бир жагдай - түйшөлткөн көрүнүш же маселе боюнча пикир же суроо жиберүүдөн мурун байланышкан адам аты-жөнүн, жашаган дарегин айтып, маалыматты үн же видео түрүндө жибериши керек. Телефон чалгандардын маалыматы кабыл алынбайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG