Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Эл үнү: Обсервациядан качкандар жана мактагандар


“Эл үнү” берүүсүнө бул ирет обсервацияда жаткан жарандардын кайрылуулары, Лейлек районунан медайымдардын жетекчисине болгон нааразычылыгы баштаган бир нече кайрылуулар келип түштү.

“Манас” эл аралык аба майданындагы обсервацияда жаткан 16 адамдын атынан кайрылуу келди. Файзулла Махмудов 20-майга караган түнү алар сыртка отуруп алышып, каршылык көрсөтүшкөнүн айтат. Орусиядан кайткан, коронавирус аныткалгандар менен байланышта болгон 16 киши азыр аба майданындагы обсервацияда жатышат:

“Азыр Кадыр түндө биз минтип көчөдө отурабыз. Орусиядан келген 542 кишинин 16сы калдык. Биз обсервацияга макул болбой, көчөгө отуруп алып түндү өткөрүп жатабыз. Арабызда кош бойлуу аял, Москвага ооруп барып, операция боло албай келген келин бар. Булар айткан шарттарга макул эмеспиз. Бизге Жороев деген жетекчиси келип, ар бирибизге бирден бөлмө берели, анализиңер чыккыча сыртыңардан камап коёбуз, чыкпагыла деп кетти. Дагы 14 күн жатасыңар деп жатышат. Биз буга чейин эки ирет анализ тапшырдык, экөөндө тең вирус жок деп чыкты. Туура чара көрсөңөр, биз деле өз үйүбүзгө барып, карантинде чыкпай жатат элек”.

Махмудов 18-майда Соль-Илецкиден келгендер көтөргөн чырга катышпаганын, унчукпай отургандар ушинтип чыгарылбай калып калганын кошумчалады.

Нурболот Үсөнбаев
Нурболот Үсөнбаев

Бул боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

“Алар обсервацияда дагы калышат. Биздин алгоритм боюнча 14 күндөн кийин чыгарабыз. Бул кишилердин жанында жаткандардан коронавирус аныкталып, кечээ ооруканага алып кеттик. Дарыгерлердин көзөмөлүндө турушу керек экенин такыр эле түшүнбөй жатышат. Түндө сыртка отуруп алышты, тамак ичпейбиз дейт, айлабыз кеткенде тамакты жанына коюп бердик. Үч саат араң чыдап, анан карасак тамакты ичишиптир. Алар кооптуу топко кирет да, тартипти сактабасак болбойт. 16 кишини чыгарып жиберсек, эртең алар 1600 кишиге оору жугузбайбы. Эртеңки күнү кайда барган болсо, бардык жакты вирус кылып салышат да. Каласыңар десек эле, башын чайкап болбой жатышат. Бирок баары бир калышат. Мына азыр Таласка кеткендерди жергиликтүү бийлик кайра обсервацияга жаткырып, таза экенине ишенимдүү бололу деп, дагы бир анализ алып жатыптыр. Тартипке эмнеге баш ийгилери келбейт?”.

Нарын шаарында төрөт үйүндө обсервацияда жаткан келиндин күйөөсү кайрылды. Анын айтымында, обсервацияда суу жок, жарык өчүп калып жатат:

“Коронавирус чыккан маалда келинчегим төрөп, төрөтканада эле. Андан экспресс-тест алышса вирус жок чыгып, үйгө бала менен келген эле. Кайра ПЦР алышып, шектүү деп, үйдөн бала менен обсервацияга алып кетишти. Ал жакта эч кандай шарт жок экен, жылуу суу жок, муздак суу деле улам өчүп, свет да өчүп калып жатыптыр. Тамак-ашына алымсынбай үйдөн тамак ташып жатабыз. Мэрияга да кайрылсак, светин кошуп беришиптир, бирок суу жок экен. Ымыркай менен суусу жок кантип жатат?”.

Бул маселе боюнча да саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жооп берип, Нарында катуу шамалдан улам электр жарыгы өчүп калып жатканын, бул убактылуу маселе экенин, тез арада чечилерин маалымдады:​

“Эми жарык убактылуу өчүп жатат да, аны бирөө барып алып атайын кесип салган жок да? Нарында катуу шамал болуп жатат, балким ошол маалда чыдабай силерге кайрылып жаткандай. Ал жакта министрдин орун басары баш болуп, чоң топ иштеп жатат. Бизге азырынча Нарындагы обсервациянын шартына арыздангандар түшө элек. Эгер арыз түшсө чара көрөбүз”.

Шарттарга ыраазылар да бар

Обсервациядагы шарттарга ыраазычылык билдиргендер да болууда. Москвадан кайткан мигрант келин Гүлбагда Бегматова Бишкек шаарындагы “Достук” мейманканасына ыраазычылык жолдоп, видеосун салган:

“Мен Бишкектеги “Достук” мейманканасында жаткан, Орусиядан кайткан кош бойлуу аялдар, ооруган эжелердин атынан ыраазычылык билдиргим келди. Бул жакта шарттар аябай жакшы, тамак-ашы да мыкты. Ар бирибизге бирден таза, кенен бөлмөлөр берилди. Дарыгерлер убагында келип карап жатышат. Бизди карап жаткан бардык догдурлар, медайымдарга да рахмат айтам. Мекенге кайтарып келген мамлекетибизге, бизге жардам берген бардык адамдарга абдан ыраазыбыз. Бар болуңуздар!”.

Жетекчиге нааразы медайымдар

Лейлек аймактык ооруканасында иштеген медайымдар президент жана Жогорку Кеңештин спикерине, ошондой эле “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” түрмөгүнө жетекчиси Асан Кожомовдун үстүнөн арызданышкан. Алардын айтымында, директор ар түрдүү кысым көрсөтүп, медициналык категорияларды тапшырууда 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин акча талап кылат. Аттарын атагысы келбеген медайымдардын кайрылуусу:

“Биз, Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери чындык издеп сиздерге кайрылып жатабыз. Себеби, биз мээрбан айымдар жетекчи тарабынан дайыма кысымга алынып келебиз. Жетекчи бизди бир нече жолу мыйзамсыз иштен алып, өз билгенин жасап жатат. Борбордон комиссия, текшерүүлөр келсе дайыма акча менен жаптырып коёт. Президент Сооронбай Жээнбековго, Башкы прокуратурага, Саламаттык сактоо министрлигине бул директорго карата чара көрүүсүн суранабыз”, - деген медайымдар кайрылуу катты да тиркешкен.

Лейлек аймактык оорукананын жетекчиси Асан Кожомов менен байланышып, бул боюнча тушүндүрмө сураганыбызда:

“Жок, мен силерге эч кандай түшүндүрмө бербейм. Келип өз көзүңөр менен көргүлө, болбосо телефондон эч нерсе айта албайм”, - деген жооп алдык.

Чек арадан чет элдиктер киргизилбейт

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк кыштагында жашаган Айзирек Мирзаматованын апасымын деп тааныштырган аял төмөндөгүдөй кайрылуу жасаган:

“Мен Өзбекстандын атуулумун. Ар эки айда Кыргызстанга кирди-чыкты кылып, Кара-Сууда кызымдын үйүндө жашаймын. 12-майда кирди-чыкты кылышым керек эле, азыр каттоомдун мөөнөтү бүттү. 21-майда карантин бүтсө чек арадан ары өтүп, кайра Кыргызстанга кирсем болобу? Же киргизбей коюшабы?”.

Кыргы - өзбек чегарасы
Кыргы - өзбек чегарасы

Бул суроого Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева жооп берип, эки өлкөнүн чек арасы расмий ачылбаса, анда Өзбекстандан кайра Кыргызстанга кириши мүмкүн эмес экенин айтты:

“Мындай абалдагы атуулдар биздин чек арадан өз өлкөсүнө каалаган маалда чыгып кете алышат. Бирок биз аларды кайра киргизбейбиз. Бул боюнча өкмөттүн атайын токтому бар. Этникалык кыргыз болсо деле, атуулдугу Өзбекстандыкы болсо кайра киргизбейбиз. Себеби азыр эки өлкөдө тең өзгөчө абал. Качан гана расмий түрдө чек ара ачылса, ошондо коё беребиз”.

Жардам сурагандар

23 жаштагы Асел Алимбекова Бишкектен кайрылды. Ал эки кызы менен жалгыз бой, экинчи топтогу майып. Жардам берүүнү каалагандар үчүн телефон номуру: 0222 25 64 77, дареги: Бишкек шаары, Фатьянов көчөсү, 55-А:

“Мен эки кызымды операция жолу менен төрөгөм. Оор көтөрө албайм, жумушка чыга албайм. Жолдошум Якутияга иштегени кеткен. Ал же иштей албай, же бул жакка келе албай калды. Азыр эмне кыларымды билбей калдым, батирдин акчасын да үч айдан бери бере элекмин. Чыгарып салса балдарым менен кайда барам? Тууган, тааныштардан ушул убакка чейин жардам алып келдим. Алар деле эми өз жашоосу менен да. Суранам, мага тамак-аштан жардам берип коёсуздарбы? Кийин айыгып, мен да иштей баштасам муктаж болгондорго жардам берет элем. Азыр колдоого зар болуп жатам”.

Ошондой эле Канышай Кайкиеванын уулу эки бөйрөгү тең жарабай гемодиализ алып жатат. Ал уулунун бөйрөгүн алмаштыруу үчүн жардам сурап кайрылды. “Элсом” номуру: 0771 41 96 71.

“Кырсык айттырбай келет экен. Уулум ооруп калганына 3 айдын жүзү болду. Бишкекке алып барсак, эки бөйрөгү иштебей калып, жасалма бөйрөк жабдуусуна туташтырышты. Азыр жумасына үч жолу ошого 15 миң сом төлөп барып жатабыз. Дарыгерлер Түркия же Индиядан бөйрөгүн алмаштыргыла деп жатат. Ага 30-40 миң доллардай акча керек экен. Уулумдун өмүрүн сактап калууга жардам бериңиздер. Кыргыз эли өтө боорукер, мэримдүү деп ишенем. Суранам, бир тыйындан болсо да жардам бериңиздер”.

“Азаттык” радиосунун "Вотсап" номуру: 0550 988 755, кайрылууңузду үн же видео түрүндө жаздырыңыз.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG