Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Эл үнү: Таза суусуз айылдар, таштандыга толгон Бишкек


Пригородное айылындагы суунун тартыштыгы.
Пригородное айылындагы суунун тартыштыгы.

«WhatsApp» жана «Инстаграм» тиркемелериндеги даректерибизге абдан көп киши кайрылды.

Бишкек шаарынын тургуну Мундуз Эркинбек кызы:

«Менин иним - беш кыздан кийин үйдөгү жалгыз эркек. 1999-жылы Кочкор районунда төрөлгөн. Ал аскер кызматына баргандан кийин мамлекетке иштейм деп төрт жылдан бери келишимдик негизде аскер кызматында иштеп жүргөн эле. Коронавирустун айынан бардык жактарга блокпосттор коюлуп, иним да Сокулук районунун Кара-Сакал айылындагы постто турган. 21-майда кечки саат 20:40 чамасында аны «Субару Легаси» үлгүсүндөгү автоунаа айдаган мас киши сүзүп, 10 метрдей сүйрөп барып, качып кеткен. Аны артынан аскердик бөлүктүн кызматкерлери барып кармаганда, бакты сүзүп токтогон экен. Жанында досу экөө мас болгону аныкталды. Иним ооруканага дем ала албай жетиптир. Абдан катуу жараат алып, эки күн реанимацияда комада жатты. Азыр да оорусу өтө катуу, жалаң ооруну басаңдатуучу дары ичип жатат. Сүзгөн адам кармалып, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөдө. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек иним эми кулагы укпай, эч нерсени эстей албай, колу-буту катуу жабыркап кыйналууда. Жоопкерчиликсиз айдоочуга мыйзам чегинде жаза берүүсүн суранабыз».

21-майда блокпостто болгон бул окуя тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыккан. Кылмышка шектүү М.К. аттуу жаран азыр убактылуу тергөө абагында экени маалым болду.

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну Роза Абдылдаева:

«Биздин айылда суу проблемасы чечилбей келет. Жылдын апрель айынан баштап, октябрь, ноябрга чейин суу токтоп калат. Жыл сайын суу ташып ичип жатабыз. Айыл өкмөт башчысы Бакыт Бейшеналиев бул маселени чечүүгө эч кандай аракет кылбай жатат. Ага төрт жылдан бери кайрылсак да майнап чыга элек. Апрелдин ортосунан бери Чүй облустук администрациясына, Аламүдүн райондук акимиятына чалсак да эч кандай жооп жок. Бир чети карантин болуп жатат, айылыбыздан коронавирустун эки-үч учуру катталган. Күндүн ысыгы 30 градустан ашып жатат, эми биз ушундай кыйын шартта кайдан суу ташып ичебиз? Өзүм пенсионермин, алганым үч миң сом акча, суу сатып ичкенге мажбур болуудамын. Ушундай жашоого да тоюп, кайыл болуп кеттик. Биздин өтүнүчтү Жогорку Кеңешке, президентке чейин жеткирип берип койгулачы. Бизди эч ким укпай калды!»

Таш-Дөбө, Байтик айылдарынын башчысы Бакыт Бейшеналиев бул кайрылууга жооп берди:

«Ооба, бизде чындыгында таза суу кыйын болуп жатат. Азыр да мен «Бишкек суу канал» ишканасында ушуну талкуулап отурам. Шаар өсүп, үйлөр көбөйгөн сайын бизде суу насосунун кубаты улам алсырап, жетпей калып жатат. Ушундан Улам Жогорку Кеңештин депутаттарына да кайрылдык эле. Иса Өмүркуловго барып, жаңы скважина казыш керек экенин, кошумча суу түтүктөрү зарыл болгонун айтканбыз. Коронавирустун айынан бул иштердин баары токтоп калды. Күн ысыгында анын үстүнө тургундар тамаркасын ичүүчү суу менен сугарышат. Ошого берки айылдарга суу жетпей калып жатат. 2-июндан тартып рейд жүргүзүп, кимде-ким шланг менен тамаркасын сугарса айып салынат. Азырынча тоодогу булак сууларына скважина казуу маселесин да карап жатабыз. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат уруксат берсе тоо булагынын суусун бургулоо жолу менен болсо да айылдарды суу менен камсыз кылат элек».

Түп районунун Арал айылынын тургуну Мирлан Абылгазиев:

«Биздин айылда таза суу көйгөйү курч болуп жатат. Мындан бир нече жыл мурда СОПГ «Белек» деген ишкана бизге таза суу системасын куруп берген. Бул ортомчу фирма сапатсыз куруп салып, азыр суусуз калдык. Ушул маселени жакшылап иликтеп бересиздерби? Түтүктөргө чыпка койбой эле куруп салышыптыр. Эми алар кум-ташка толуп, суу чыкпай калып жатат. Бир айыл эл кыйналдык».

Атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну №1 ооруканадагы антисанитардык абал боюнча кайрылды:

«Биз эки күндөн бери Бишкектеги Фучик (шаардык №1 оорукана) ооруканасында апабыз операция болуп жүрөбүз. Бул жакта антисанитария, эпидемиологиялык көзөмөл жок экен. Адамдар каалаган маалында эле кирип-чыгып жүрөт. Эч кандай коргонуучу каражаттар жок. Оорукананын айланасы өтө кир, жанындагы түрктөр салган клиника иштебей турат. «Бул жайды реммонттодук» деп жатышты эле, бирок ичиндеги лифттер иштебейт. Бейтаптарды жакындары, көчөдөн адамдар замбил менен өздөрү ташып жүрөт».

№1 оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Уланбек Мусаев:

«Бизде эпидемилогиялык көзөмөл бар. Бирок эл укпай эле жөөлөп кирип жатат. Мына, бүгүн өзүм да атайылап постко туруп, баарын тосуп жаттым. Биз дүйшөмбү, шейшемби эле пландалган операцияларды жасап жатабыз. Башка күндөрү оорукана жалпыга жабык. Ошентсе да «Тез жардам» менен, өзү келген элди тейлешибиз керек. Ал эми сыртындагы таштандылар бизге карабайт. Ош базарынын тегереги болгондуктан, ушинтип чачылып жатпайбы».

Жабык жайларда вирус күчөдүбү?

Бишкек шаарынын атын атабаган тургуну жабык жайларда коронавирус эми кызматкерлерде эле эмес, камактагылардын арасынан да чыгып жатканын айтып кайрылды:

«Ошол жакта тууганыбыздын баласы жазасын өтөп жатат. Анын апасы жакында мага чалып, дары-дармек сурап калды. Көрсө уулу ооруп жатыптыр. Түрмөдө баары эле чөнтөк телефон колдонот, бул жалпыга маалым эмеспи. Мен дары алып барып берип, телефондон сүйлөшсөм, «санитардык бөлүктө 50дөй киши жатат, баарыбыздын демибиз кыстыгып, дене табыбыз түшпөй кыйналуудабыз. Эч кандай деле дары ичкен жокпуз» деди. Дагы бир тууганыбыз колонияда дарыгер болуп иштейт. Ага чалсам, жети кызматкер ооруп жатканын айтты. Массалык маалымат каражаттарына ызы-чуу кылбайлы деп, үч эле кишинин санын айтышыптыр. Медиктер ооругандарга эч кандай коргонуучу каражаты жок эле кирип жатышканын айтты. Алардын укуктарын коргоп берүүнү сурап Акыйкатчы институна, Кыйноонун алдын алуу коалициясына кайрылдым, бирок жооп ала элекмин».

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Самат Калыков бул маалыматты четке кагып, чагым катары сыпаттады жана жабык жайларда илдеттин алдын алыш үчүн медициналык даярдык жетиштүү экенин айтты. Илдетке каршы республикалык штаб Кыргызстандагы түрмө кызматкерлеринин арасынан сегиз кишиден коронавирус чыкканын, төртөө айыгып, төртөө дарыланууну улантып жатканын билдирди.

Диплом ала албагандар онлайн кол чогултууда

Жогорку окуу жайында быйыл диплом жактай тургандар кайрылышты. Алар азыр диплом жактоону токтотуу боюнча онлайн кол топтоп жатышат:

«Биз, дипломдук курстун студенттери, быйыл окуу жайын бүтүшүбуз керек эле, - деди алардын бири. - Жайкысын дипломдук долбоорлорду жактоого тийишпиз. Жаз айларында жетекчилерибиз биз менен иштеши керек болчу. Коронавирустун айынан биз дипломдук ишибизди даярдай албай калдык. Мунун себептери - эч ким көчөгө чыга алган жок. Үйүндө компьютери жоктор бар, алыста айылдарда жашагандардын Интернети жаман, ал тургай ага төлөгөнгө акчасы жок, баары тамак-ашка кетти. Жетекчилерибиз биз менен иштешкен жок. Биз баарыбыз диплом алгыбыз келет. Андыктан Билим берүү министрлиги мурдагы бааларыбызга карап диплом берип коюусун суранабыз».

Бишкектин тургуну шаардык таштандыдан чыккан түтүндү видеого тартып жиберген:

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG