Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Эл үнү: Мигранттар ар кимге пиар куралбы?


Москванын "Внуково" аэропортунда учак күтүп жаткан мигранттар
Москванын "Внуково" аэропортунда учак күтүп жаткан мигранттар

Тышкы иштер министри четтеги жарандардын нааразылыгын курчутуп, кырдаалдан пайдаланып, “жалган маалымат таратуу менен жеке PR-акцияларды уюштуруу уланып жатат” деп билдирип, мигранттарды сабырдуу болууга чакырды.

Түркияда, Орусиянын Москва, Новосибирск, Иркутск шаарларында калган жарандар кайра-кайра видео кайрылууларды жөнөтүп жатышат.

- Хостелде жаткандардын жарымы Оренбург облусуна чыгып кетишкен. Колунда билети барлар калганбыз, “Аэрофлот” компаниясынын билети бар. 17-майда болчу каттамга бизди салып кетүүңүздөрдү суранабыз. “Эгер учак болсо хостелде жаткандарды алып кетебиз” деп сөз бергенсиңер. Аз эле киши калды.

- Бул жердегилер Новосибирск шаарында бир жарым айдай учак күтүп жатабыз. Жарымы хостелде, жарымы өз чөнтөгүнөн батир ижара алып турушат. Эми бул жерде ызы-чуу, акча түгөндү же барар жери жок. "Хостелде орун жок" деп, консулдуктун өкүлдөрү киргизбей жатат. Учак уюштуруп же такыр эле болбосо Казакстан менен сүйлөшүп, автобус жиберсеңиздер. Башка региондордон келгендерди кошкондо 100дөй адам бар.

- 20дай киши хостелде, калганы баары талаада. 10-15тей киши кайда барабыз деп жүрүшөт. Консулга кайрылышса, “жардам бере албайбыз, өз чөнтөгүңөрдөн жашап тургула” дептир.

- Жолду ачып бергиле да, кетели. Ушинтип жата беребизби?

- Баарыбыз ушул жерге келдик. Кээ бирөөлөрдүн барар жери да жок.

- Өткөндө транзит менен келгендерди алып калып, ушул жерде Новосибирскиде жүргөндөрдү учуруп жиберишти. Бул жердегилердин көпчүлүгү 23-мартта уча тургандар болчу. Билетин кармап кала беришти.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков:

- Май айынын аягына чейин дагы 1000ге жакын кыргызстандыкты мекенине кайтаруу планы бар: Катардан 36, Кувейттен 105, Ирандан 16, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 58, Түркиянын Стамбул шаарынан 349, Москвадан 402, Корея Республикасынан 35, Жапониядан 30 жана Беларустан 37 адам.

Тилекке каршы, ушундай оор шартта да бул маселенин айланасында жалган маалымат, фейк-жарыя таратуу жана жеке PR-акция уюштуруу уланып жатат. Өлкөбүздүн ичинде да, сыртында да айрым адамдар, ар кандай өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын жана кыймылдардын өкүлдөрү кырдаалды курчутууну улантып жатышат. Алар эвакуациялоого өз кызматын сунуш кылуу менен жарандарыбызды адаштырууда. Алардын аракети биздин ишке зыянын гана тийгизет.

Алдаган жана алданган мигранттар

Москвадагы аты-жөнүн айтпаган мигрант:

- Москва шаарындагы Большая Ордынка көчөсүнүн №63 үйүндө 15 чакты авиакасса жайгашкан. Биз аны иштетип жүргөнбүз. Коронавируска байланыштуу ал кеңселерди жабууга аргасыз болдук. Биз кеңселерди биротоло жабалы деп, келишим боюнча алдын ала берилген депозиттик төлөмдү сурасак, директору телефонун өчүрүп, ошол бойдон жок. Ай сайын кеминде 40 миңден 90 миң рублга чейин ижара акысын төлөп жүрчүбүз. Эми директору менен такыр байланыша албай, кыйналып турабыз. Директор: Эламан Токошов. Анын ишканасынын аталышы – ОО “Ранс”, Большая Ордынка көчөсүндөгү №63 үйдө жайгашкан.

"Азаттык" кине коюлуп жаткан жаранга телефон чалып, себебин билүүгө аракет кылды.

"Азаттык": Саламатсызбы, Эламан Токошовсузбу?

Телефондогу үн: Саламатсызбы, ооба.

"Азаттык": Сизди "Большая Ордынка көчөсүндөгү №63 үйдөгү авиакассадан депозитке төккөн акчабызды сурасак бербей, качып жүрөт”,-деп кеңсени ижарага алгандар “Эл үнүнө” кайрылышты. Ошонун чындыгы барбы?

Телефондогу үн: Мен эч нерсе билбейм. Кечирип коюуңуз. Саламатта болуңуз.

Мекендештердин бири-бирине залал келтирген бул окуясына “Азаттык” дагы кайрыларын эскерте кетели.

Гумжардам күткөн жарандар

Жаркынай Наралиева, Бишкек шаарынын тургуну:

- Краснознаменная көчөсүнүн 16-үйүндө ижарада тургам. Үч балам бар. Төрт-беш балалуу кошуналар да гумжардам күтүп чарчадык, азык-түлүгүбүз такыр жок калды.

Сокулук районундагы Ново-Павловка айылындагы Ата-Журт жаңы конушунун тургуну:

- Гуманитардык жардам өң-тааныштык менен таратылып, биздей жардыларга жеткен жок.

Тилек Токтоналиев, Бишкек шаарынын тургуну:

- Ак-Талаа районундагы Куртка айылынын тургуну Исаков Жолдошбек деген 2-топтогу майып төрт баласы менен үйүндө отурат. Мамлекет жана демөөрчүлөр берип жаткан жардамдан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери эч нерсе берген эмес. Жардам таратылып жатканда “Силер тизмеде жоксуңар” деп коюшкан.

Нарын облусундагы Ак-Талаа райондук администрация башчысынын орун басары Кенже Карагулова төмөнкүдөй жооп узатты:

- Жолдошбек Исаков – Жаңы Талап айылынын тургуну. 2-топтогу майып. 4000 сом пенсия алат. Аялы “Бөбөктай” бала бакчасында музыка мугалими. Жашоо шарты жакшы жана өтө аярлуу катмарга кирбейт. Жаңы Талапта өтө аз камсыз болгон, аярлуу үй-бүлөлөргө жардам берилген. Бул кишилер Араб өлкөлөрүнөн келген тамак-аш баштыкты бир жолу алган. Өкмөттөн жардам алчу биринчи катардагы тизмеге бул кишилер кирген эмес. Мамлекеттен, демөөрчүлөрдөн, эл аралык уюмдардан келип жаткан гумжардам адегенде аярлуу катмарга берилет. Булар кийинки катмарга кирип, материалдык жардам алган.

Караколдун базарындагы ызы-чуу

- 11-майдан тартып бир катар ишканалардын, мекемелердин иштешине гана уруксат берилгендигине карабай базарларды толук ачып бергиле деп талап кылган соодагерлер да болууда. Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарынын соодагерлери мына ошондой талап коюп, карантинге карабай жыйын өткөрүшкөнүн шаар тургуну тасмага тартып жөнөттү.

Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базары. Базардын сыртында курулуш материалдарын саткан дүкөндөр иштеп жатат. Базардын ичинде да курулуш материалдарын, жер-жемиш саткандар бар. Алардын баары жабык. 20% кийим-кече, калгандарына иштегенге уруксат берилгендер. Ал эми сыртында баары ачык. Ошондуктан эл өз көйгөйүн айтууда.

Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметовдун жообу:

- Биринчиден, санитардык-гигиеналык норманын баарын сактоо керек. Беткап, дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалууга тийиш. Азыр базарлардын ээлери менен да сүйлөштүк. Алар бардык талаптарды аткарууга макул. Жумасына бир жолу дүйшөмбүдө базарлар жабылып, санитардык иштер жүргүзүлөт. Шайман-тетик саткандар, курулуш материалдарын саткандар базардын ичинде жайгашкан. Андыктан дүкөндөрдүн катарын ачканга мажбур болдук. Эл акырын иштеп, соодасын жасап жатат. Ашлям-фу саткандар, майда тамак-аш саткан кафелер жабык турат. Ал эми кийим-кече саткандар 20-майдан кийин иштей башташат. Биз 1-2-этапты өттүк. Экономикалык тармактарды ачып келатабыз. Ошондой эле шаар ичинде ар бир үйдү, жолду дезинфекциялап жатабыз.

"Азаттык": Базар толук ачылса, ал жер оору жайылган очок болуп калбайбы?

Мэр Каниметов: Эгерде ооруп жаткандар базарга кирсе, болуп калышы мүмкүн. Биз посттордо кирип жаткандардын баарын каттап атабыз. Эгер кимдир бирөөдө оорунун белгиси болсо алардан анализ алганга аракеттенебиз. Кооптуу аймактардан келгендерден да ошол посттордон өтүп жатканда экспресс-тесттер жасалып жатат.

Оштогу ГАИге нааразылык

Атын атагысы келбеген Ош шаарынын туругуну:

- Азыркы шартта эл эми өзүнө келип, кыймылдай баштаганда Оштун ГАИлери ар бир өтүп жаткан машинени, жүгү барбы же жокпу, баарын токтотуп жатат. Машинеге жүктөлгөн товардан алып калып, адамдарды нааразы кылып, көңүлдөн берсе “бул аз, көбүрөөк бер" деп жатышат. Адам нааразы болуп берип кеткен нерсе ошол жугабы? Карантин бою ар кайсы жерде посттордо, өтүп жатканда, капуста болобу, мөмө-жемиш болобу – алып кала берип, машинесин толтуруп үйүнө алып барат. Бечара айдоочулар өздөрү алып барып, ГАИнин машинесине салып беришет? Ошолор жалдырап таштап кеткен нерсе жугабы? Айыппул да көбөйгөн. Эл ач калганы менен ГАИлер ачка болгон жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG