Буга 8-майда Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен COVID-19 илдети табылганы себеп болгон. Ал эми Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы абакта абал туруктуу деп, кооптонууга негиз жок экенин билдирүүдө.
11-майда Кой-Таш окуясы боюнча жараянда айыпталып жаткандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев өзүндө вирустун белгилери бар экенин, саламаттыгына байланыштуу №1 тергөө абагынын жетекчилигине кат менен кайрылганын, бирок эч кандай аракет болбогонун билдирген.
Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү, үй камагындагы Кундуз Жолдубаева абакта коронавирус бар-жогун текшерип чыгууну талап кылган.
«8-майда Канат Сагынбаев дене табы көтөрүлүп, муундары, тамагы ооруп, өзүн жаман сезип жатканын айтты. Ал өзүндө коронавирустун симптомдору байкалып жатканын айтты. Бирок ага эч ким көңүл бурбай койгон экен. Жабык жайларда жаткандардын бардыгынын саламаттыгы текшерилиши керек. Эгер жабык жайларда бул илдет жайылса аягы жаман болот. Азыр ЖАМКтын жетекчилиги «вирус жок» деп кайра-кайра билдирип жатат. Бирок абактардан вирус чыгып калса жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керек. Анткени ооруну жаап-жашыруу - бул кылмыш».
Бирок бул маалыматты Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы чекте какты. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун айтымында, №1 тергөө абагында кармалгандардын бири да, анын ичинде Канат Сагымбаев коронавирустун белгилери менен оозеки да, жазуу түрүндө да дарыгерлерге кайрылган эмес.
Ошондой эле Калыков Кыргызстандын абак мекемелеринде абал туруктуу болгонун, камалгандар арасында коронавирус жугузду деп шек саналгандар жок экенин билдирди. Буга чейин аталган мекеме абактагылар менен жолугушуулар убактылуу токтотулганын жарыялаган.
Маалыматка ылайык, ЖАМКтагы медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, №47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган. Жөтөлгө каршы, дененин температурасын төмөндөтүүчү дары-дармек, витамин жетиштүү.
«Абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, мындан сырткары баары коронавируска анализ тапшырышты. Жыйынтыгында бир да кызматкерден COVID-19 илдети аныкталган жок. Мындан сырткары имараттарды бир күндө эки маал дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Мекемеге кирип чыккан ар бир кызматкер тепловизор менен текшерилүүдө», - деди Калыков.
Бирок 8-майда Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен COVID-19 илдети табылды.
Ал ортодо коррупцияга айыпталып, абакка кесилген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кайрадан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулары белгилүү болду. Бул чечим Исаковдун тарапташтарын тынчсыздандырып, ага COVID-19 вирусун жуктуруп алуу коркунучу бар экени айтылды.
Буга Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков мындайча жооп берди:
"Бүгүн, 12-майда которуп, коронавируска текшеребиз. Биздин "коронавирус жок" дегенибизге ишенбей жатышпайбы. ПЦР анализ алып, оорусу жок экенин көрсөтөбүз. ЖАМК системасында коронавирус жок. Тескерисинче, түрмөлөр азыр эң корголгон жер болууда. Муну соттолгондор өздөрү да айтып жатышат".
Буга чейин бир катар укук коргоочулар жана юристтер бийликке кайрылып, абактарда коронавирус жайылса, кесепети өтө оор болорун эскертишкен. Алар жабык жайлардагы санитардык абал ансыз да оор экенин белгилеп, камакта отургандардын иммунитети начар, медициналык жардамдын чамасы чектелүү экенин белгилешет.
Мындай кайрылууну «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы, «Кыйноого каршы коалиция» уюму жана башка юристтер жазашкан. Бул кайрылууга президенттик аппарат расмий жооп бере элек.
12-майда «Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм да өлкө бийлигине кайрылып, абактардын абалына көңүл бурууга чакырды.
Кайрылууда Кыргызстандын пенитенциардык системасына имараттардын ичинде жел жүрбөгөнү, медициналык жардам менен санитардык шарттын начардыгы, камакта отургандардын санынын ашыкчалыгы сыяктуу кыйынчылыктар мүнөздүү экени, мындай жагдай жугуштуу оорулардын жайылышына алып келери айтылат.
«Жалпысынан Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын системасы - камакта отургандар, кызматкерлер, дарыгерлер коронавируска ачык, комплекстүү текшерүүдөн өтүшү керек, анткени ал жакта бул вирус жуккан учур катталды. Ошондой эле тергөө абактарында отургандарга да көңүл буруу зарыл. Чуулгандуу саясий иштерди кароону да оорунун жайылышы толук токтогончо коё туруш керек", дейт аталган уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов.
Коронавируска байланыштуу соттук иштер да бир айга жакын каралбай турду. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот уланууда.
Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.