Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

COVID-19: Жазасы жеңилдерди абактан бошотууга чакырган кайрылуу жарыяланды


Өспүрүмдөр абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Өспүрүмдөр абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык бир катар укук коргоочулар жана юристтер бийликке кайрылып, абактарда коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында камакта отурган айрым категориядагы адамдарды бошотууга чакырышты.

Мурдагы судья Клара Сооронкулова «Азаттыкка» билдиргендей, кайрылууда Кыргызстандын абактарындагы абал ансыз да оор. Камакта жаткандардын иммунитети начар, медициналык жардамдын чамасы чектелүү. Юрист ал жакта коронавирус жайылса кесепети өтө оор болорун белгиледи:

«Эч ким менен катышпасын деп ичинен жаап коюшту, бирок тергөө абагында отургандарга баары бир сырттан инфекция келиши мүмкүн. Себеби, тергөө амалдары жүрүп жатат. Камакка алуудан башка күрөө же мүлктү камакка коюу деген сыяктуу чаралар бар. Сот ошондой бөгөт чараларын колдонсо болот. Көбүнүн тергөөгө деген эки айлык мөөнөтү өтүп кетти, аны эми дагы узартышат. Эл аралык уюмдардан улам акча сурап жатабыз, бирок алардын алдында милдеттенмелерибиз бар».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өз катарындагы өлкөлөргө пенитенциардык системаны болушунча жеңилдетүү, БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары илдет жугуу коркунучу жогору адамдарды абактан бошотуу, Кызыл Ай коому тез арада абактарда коронавирустун алдын алуу чараларын көрүү зарыл экенин эскерткен.

Укук коргоочулардын кайрылуусунда эпидемия башталганы Иранда 85 миң, Англияда 4 миңден ашуун, Францияда 8 миң адам абактан бошотулганы, Түркияда 90 мин адам убактылуу эркиндикке чыгарылып жатканы белгиленди.

23-мартта «Кыйноого каршы коалиция» уюму да коронавируска байланыштуу кыргыз өкмөтүнө кайрылып, абактагыларга көңүл бурууга чакырган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Кыргызстандын абак мекемелеринде абал туруктуу, камалгандар арасында коронавирус жугузду деп шек саналгандар жок экенин билдирген.

Ошондой эле мекеме абактагылар менен жолугушуулар убактылуу токтотулганын жарыялаган.

Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, № 47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.

Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. (RK)

XS
SM
MD
LG