Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

Эл үнү: Коронавируска текшерилген эне-баланын шеги


Коронавирус жуктуруп алган бейтапты ооруканага жеткирүү. 13-апрель, 2020

“Эл үнүнө” эки балалуу келин кайрылып, COVID-19га текшерүүдө жана андан дарыланууда укугу басмырланбаганын билгиси келди.

Өткөн жумада Орусиянын Соль-Илецк шаарынан жеткирилген 540тан ашык кыргыз жаранынын ичинен 55 адам COVID-19 дартын жугузуп алганы аныкталып, ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен эки балалуу келин “Эл үнүнө” кайрылып, текшерүүдө жана дарыланууда укугу басмырланбаганын билгиси келди.

Аты-жөнү айтылбаган мигрант:

- Автобуста чогуу келген төрт жаштагы уулум жана өзүм таза чыгып, бирок 11 айлык наристеме “вирус жуккан” деп табылды. Ушундан улам баланы эмизген мен жана жаныбызда жүргөн уулумдун таза чыкканына шегим бар. Андан тышкары баарыбызды бир ооруканада жаткырып дарылоодо укугубуз бузулган жокпу?

“Азаттык” радиосу берген бул суроого саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майдагы бирифингде төмөнкүдөй жооп узатты:

- Эми булар ошол маалда чогуу турушту, кайра келгенде да чогуу келишкен. Ошондой кооптуу шартта кичинекей баласына да өтүп кеткени билинип жатат. Ошон үчүн аларды чогуу жаткырып, чогуу дарылаш керек. Жугуштуу илдеттер ооруканасында атайын шарттар түзүлгөн. Өзүнчө бокска карап, дарылоо керек.

Өмүралы Эргешов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Өзүнө, ден соолугуна кам көргөн адам коронавирустан коргоно алат. Беткап киет. Беткапсыз жүргөндөрдү катуурак текшерсин. Базарды аралап жүргөндөн коркосуң. Маскасы жок, мурункудай эле бакылдап-шакылдап жүрүшөт. Режимди, тартипти сактаса оору тарабайт. Ушул үнүмдү элге, чоңдорго жеткирип койсоңуздар.

Бишкек шаарынын тургуну:

- Биз сиздерге кайрылганыбыздын себеби, бүгүнкү күндөн баштап, бөтөнчө майыптар ооруканаларга каттай албай, айла жоктон таксиге түшүүгө муктаж болдук. Өзүбүз эмгекке жарамсыз болсок, өп-чап турмушта жашасак, таксиге түшүп кыйналдык. Жал кичи районундагы томографияга түшүү үчүн барып кыйналып, жолдо самсалаган адамдар. Бир күндө үч маал автобус-троллейбус каттамдарын жүргүзүп, карапайымдарга көз кырыңыздарды салбасаңыздар жагдай жаман.

Жеңиштин 75 жылдыгына жетпей кеткен ардагер

Сталбек Исаков, II Дүйнөлүк согуштун ардагеринин уулу:

- Атам 96 жаш курагында 12-апрелде каза болду. 15-апрелде Чоң-Арыкта жерге бердик. 4-мартта Кыргыз Республикасынын президентинин буйругу чыккан. “9-майга карата, Улуу Жеңиштин урматына 251 ардагерге бир жолу 75 миң сомдон сый акча берилсин” деген. Ошол сый акча 20-апрелден баштап таратылды. Менин атама акча которулуп, почтага келиптир. Бирок “атаң өлүп калыптыр” деп, кайра артка алдырып кетти.

Атам 75 жыл жарым жан болуп жашады. 48 жыл өлкөгө кызмат кылган. Анан 20-апрелде “беш күн жетпей калды” деп, акчаны берүүдөн баш тартты. Атамдын документтери толук менин колумда. Социалдык фонд атамдын “өлдү” деген документин кабыл албай жатат. Социалдык коргоо кызматы да кабыл албай жатат. Мына 4-майда “кел” деген, кайра 10дорунда “кел” деди. 11-майда барсам, дагы кабыл алышкан жок. Аскердик комиссариат “карантин бүткөндөн кийин” дейт.

Атам тирүүлөрдүн катарында жүрөт. 2011-жылы чыккан өкмөттүн токтому бар экен, анда жылда согуш ардагерине бир жолку сый акча 20-апрелден 31-майга чейин берилет деген. Ал жерде “20-апрелге чейин өлүп калган кишиге акча берилбейт” деген жазуу жок экен. Ал эми президенттин буйругу 4-мартта чыккан. “251 ардагерге (анын бири менин атам) жана 69 согуштун майыбына (анын бири менин атам) бир жолку сый акча берилсин” деген буйрук чыккан.

20-майда атамдын кыркы болот, ошого куран окутуп, зыйнатын өткөрүп алсам дегем. Атамдын акчасын алпарып кассага төктүбү же жеп алдыбы, же чындап эле бөлүнгөн жокпу? Бирок атам өлгөндөрдүн бир да тизмесинде жок. Жалгыз уулумун. Атам бир жыл төшөктө жатты, аны багып үйдө отурдум. Аялым, кызым, уулум бар. Гумандуулук деген болбойбу?

Бишкектин Ленин райондук администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Жамал Мамытова төмөнкүчө жооп узатты:

- 75 600 сом республикалык бюджеттен каралган акча. Өкмөттүн токтому бар. 20-апрелде бизден тизмени алат. Биз согуш ардагерлеринин тизмесин беребиз. Исаков Үмөш ата 12-апрелде каза болгондугуна байланыштуу бул тизмеге кирбей калган. Ошол себептен республикалык бюджеттен каралган акча атанына балдарына жана өзүнө тийбей калган. Биз да райондо карап көрөбүз, балким Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына 10-15 күн жетпей калгандыгына байланыштуу демөөрчүлөр же башка булактар аркылуу бул акчаны төлөп бергенге аракет кылабыз.

"Азаттык": “Ардагерлерге бир жолу материалдык жардам көрсөтүлсүн” деген өкмөттүн токтомунда "20-апрелден 31-майга чейин төлөнсүн" деп турат. Анда “өлүп калса берилбесин” деген норма жок экен дейт.

Жамал Мамытова: Мыйзамдын эки жагын тең карап чыгыш керек. Себеби өкмөттүн 2011-жылкы токтому күчүн жогото элек. Биз ошону көрсөтмө катары жетекчиликке алышыбыз керек. Мен Үмөш атанын уулу менен сүйлөштүм, биз райондон бул акчаны башка булактардан болсо да бергенге аракет кылабыз. Коронавируска байланыштуу көп жерге ал киши “өлдү” деген документи өтө элек. Бул акчаны райондук бюджеттен болбосо да башка булактан таап бергенге аракет кылабыз.

Кабатыр кылган кадр маселеси

Самүдүн Асанбаев, Нарын районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Шоро айылынын тургуну:

- 30 жылдан бери Баткенди бир сүйлөшүп, ишти илгерилеткен жоксуңар. Карапайым эл куурап жатат. Аткаминерлер менен байлар чиренип жатышат. Үйлөр өрттөлүп, балдар талаада жатышат. Аларды караган акими ал жерге жолобой качып жатса бул бийликке ким ишенет? Биздин Нарын өрөөнүндө ар ким өз жашоосун көрүп жатат. Кыргыз саясатчыларынан аксап бүттүк. Баягы илгерки кадрлар жок. Бүт дипломду сатып алышкан. Ичип-жеген коррупционерлер отурушат.

Лейлектин ооруканасы: догдур менен медайымдын чыры

- Лейлек райондук ооруканасынын башкы врачы кызматкерлерди иштен негизсиз кетирип жатат деп, “Эл үнү” программасына кайрылган неврология бөлүмүнүн мурдагы башкы медайымы Айсулуу Сатыбалдиевага башкы врач Асан Кожомов жооп берип, "доомат негизсиз" деп четке каккан эле. Медайым башкы врачтын жообу "жалган" деп кайра кайрылды.

Айсулуу Сатыбалдиева, Лейлек райондук ооруканасынын неврология бөлүмүнүн мурдагы башкы медайымы:

- Лейлек аймактык ооруканасынын директору Асан Кожоевичтин билдирүүсү жалган. Себеби мен 2018-жылы төрөп эс алууга кеткем. Балам 10 ай кезинде эле мени кайра жумушка алган. Алты ай мени “ишке кел” деп чакырып жүргөн. “Шартым туура келбейт, чыга албайм” десем, колума барак менен калем сапты берип, “чыгасың, сенин ордуңа койгон кыз менин артымдан сүйлөптүр. Ошону иштен кетиришим керек” деп мени кабинетинен чыгарбай арызымды жаздырып алган. “Бүгүн мага ошол ишти алып бер, эртең иштен кете бер” деп мени басынтып сүйлөгөн.

Ошол бойдон мен ишке чыккан соң, ал кайра мага кийлигише баштады. Ошентип бир жыл өттү. Мени жумуштан алып салды. Менин ордума декреттен келген киши чыккан эмес. Ал жерде мен алты жыл иштедим. Ошол неврология бөлүмүндө эле мээрман болуп иштеген Уримбаева Умида деген кызды койгон. 8-апрелден бери ал кызматты ошол кыз аткарып жатат. Азыр балам экиге чыгып, иштей турган маалда мени жумуштан алып салды. Күйөөм Москвада эмгектенет. Ал да карантинде жумушсуз жатат. Мен да жумушсуз.

Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбызда "кызматтык араздашуулар боюнча арыздарды сот териштирет, медайым сотко кайрылышы керек" деген оозеки жооп берилди.

Балдар телевизордон эмне көрөт?

Чынара Бөрүбаева, Бишкектин Ак-Тилек-2 конушунун тургуну:

- Эмне үчүн биздин телеканалдар балдарга тарбия берчү мультфильмдерди койбойт? Карасаңыз, тарбиялык мааниси жок мультфильмдерди коёт. Мисалы, өзбек телеканалдары ушундай мультфильмдерди койбойт. Алар өз салтын, тарбиялык нерселерди көрсөтүшөт. Биздикилер көрсөткөндөр - бир көздүү, эки буттуу, бири-бирин сойгон, анча-мынчасында өбүшүп койгондор бар. Аны көргөн биздин балдар эмне деген тарбия алышат? Эмне үчүн бизде өзбектердикиндей мүмкүнчүлүк жок?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG