Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Кыргыз-казак чек арасы мигрантты кыйнады


Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак Жол» өткөрмө бекети.

Казакстандын жарандарынын Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери жумшарды. Бирок коңшу өлкө азырынча кыргызстандыктарга андай жеңилдик бере элек.

20 жаштагы Мамагүл Нуралиева - Казакстандын Түркстан облусундагы Казак-Түрк эл аралык университетинин студенти. Мамагүл окуу жайында окуган башка мекендештериндей эле пандемия башталганда Кыргызстанга кайтып келип, кайра кете албай калган. Ал ушул тапта Ош шаарында ата-энеси менен жашап жатат.

«Ошко келгениме алты ай болду, - дейт ал. - Кайра кете албай калдым. Окуу жайынын деканаты мага «чек ара менен сүйлөшүп келип, окууңду улант» деген. Бирок ал мүмкүн болбой жатпайбы. Жатаканада буюмдарым, документтерим калды эле. Эми андан ары окуумду улантпасам да жок дегенде эки күнгө барып буюмдарымды алып келсем болот эле».

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келген. Ишсиз калып Кыргызстанга кайткандардын арасында Казакстандан келген мигранттар Орусиядан кайткандар менен катар эле көпчүлүктү түзөт.

28 жаштагы Мээримдин үй-бүлөсү Чымкент шаарындагы кыргыздар көп иштеген базарда беш жылдан бери соода менен алектенет. Бул үй-бүлө да бир нече айдан бери коңшу өлкөгө кете албай жатат. Мээрим чек арадан өтүүнүн ар кандай жолун караштырганын айтты:

«Акча берип өтүп жатышканын уктум. Угушума караганда бир адамга 300 доллардан ашык алышат экен. Бирок үч адамга мынчалык акча төлөй албайбыз. Акысыз эле өтүүнүн жолун издеп жатканбыз. Бишкекте үйдө эле жатабыз. Жумуш жок. Казакстандагы базардагы контейнерибиз ачылбай турат. Биз иштеген базарда соодагерлердин көбү кыргыздар. Алардын арасында да мекенине кетип, кайра келе албай калгандар көп. Айрымдары акча төлөп кирип кетишти».

Бир жума мурун Казакстандын жарандарынын Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери жумшарды. Бирок бул өлкө азырынча кыргызстандыктарга андай жеңилдик бере элек. Бирок Нур-Султан пандемиядагы чектөөлөргө байланыштуу кыргыз жарандарына чектөөлөрдү качан алып салары расмий маалыматтарда айтылган жок.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, казакстандыктарга 21-августтан баштап «Чоң-Капка», «Ак-Тилек» өткөрмө пункттары аркылуу Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген.

Ал эми кыргызстандыктар Казакстангадарылануу же башка зарыл жагдайларда гана чыга алат. Бирок сапарынын максатын негиздеп бериш үчүн бир катар документтерди даярдашы зарыл.

Айрым өлкөлөрдүн консулдук өкүлчүлүктөрү Казакстанда жайгашкандыктан виза алуу маселеси менен коңшу өлкөгө чыгууга аргасыз болгон кыргызстандыктар да арбын.

Бишкектик Айзат Шакиева стипендиялык программа менен Франциядагы окуу жайларынын бирине өткөн. Окуу жылы башталганы менен Айзат чет өлкөгө чыгыш үчүн виза ала элек. Ал үчүн Франциянын Казакстанда жайгашкан элчилигине барууга туура келет.

Айзат Шакиева.
Айзат Шакиева.

«Мен башка жуздөгөн студенттердей эле виза тапшырыш үчүн Казакстандын аймагына кире албай жатам, - деди ал. - Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жиберген кайрылуума жооп келе элек. Бул процесс кеминде бир нече аптага созулат экен. Андан кийин визаны да күтүшүм керек. Мен эми эмне кылышым керек? Менин чет өлкөгө чыкканга толук акым бар, бирок шарт ушундай болуп жатат. Ушунчалык мээнет менен уткан стипендиям күйүп кетеби?»

Алматы шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Акматов чек ара жабылганы эки өлкөнүн тең жарандары үчүн ыңгайсыз болгонун жана пандемияда кыргыз мигранттары кыйналышканын билдирди:

Руслан Акматов.
Руслан Акматов.

«Пандемия кыргыз мигранттары үчүн оор болду. Алматыда базарлар жабылып, бир топ мекендешибиз ишсиз калды. Биз өз ара акча чогултуп аларга тамак-аш, дары-дармек алып барып жаттык. Ошондой эле мекенибизге да дем алуучу аппараттарды жибердик. Базар ачылганына аз эле болду. Соода эми эле башталды. Бирок соодагерлердин көбү кайра иш ордуна кайта албай калышты».

Учурда расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын 100 миңге жакын жараны Казакстанда эмгек мигранты катары иштеп жүрөт. Бирок башка маалыматтарга таянсак бул көрсөткүч бир нече эсе көп. Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан, Алматы же өлкөнүн түштүгүндөгү Чымкент шаарында иштешет.

Бишкек коронавирустан улам март айында дээрлик бардык чек ара өткөрүү пункттарына чектөө киргизген. Августта коронавируска байланыштуу абал турукташкан 32 мамлекеттин жарандарына тоскоолдуксуз келип кетүүгө уруксат берилди.

Ал ортодо Казакстанда соңку эки күндүн ичинде «коронавирустук инфекциянын белгиси бар» пневмонияга чалдыккандар кайра көбөйдү.

Кыргыз-казак чек арасында «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Чоң-Капка», «Каркыра» бекеттери иштеп жатат. Кишилер «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» жана «Каркыра» аркылуу гана чек арадан өтө алышат. Жалпысынан эки өлкөнүн ортосунда 12 өткөрмө бекет бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт. (BTo)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG