Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Өкмөт 31 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берди


«Манас» эл аралык аэропорту.
«Манас» эл аралык аэропорту.

Кыргызстан чет мамлекеттин жарандарынын өлкөгө киришине уруксат бериш үчүн коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түздү.

Алар: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб буга чейин тизме Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) берген маалыматтар боюнча жаңыртылып турарын билдирген.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча алгоритмдердин аткарылышын көзөмөлдөйт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү ушул жылдын 19-мартынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына киришине тыюу салган. Ошондой эл аралык авиакаттамдар да токтотулган.

Кыргызстан 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдарын калыбына келтирген. Ушул тапта Орусия менен да аба каттамдарын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 42 703 кишиге жетти. Анын 35 831и айыгып, 1 055 киши каза болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG